Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акчаңарды акылдуулук менен колдонгула

Акчаңарды акылдуулук менен колдонгула

Акчаңарды акылдуулук менен колдонгула

«АКЧАГА болгон сүйүү — ар кандай жамандыктын тамыры»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Тиметей 6:10). Чынында эле, кээ бирөөлөр акчаны сүйүшөт жана бүт өмүрүн байлык топтоого арнашат. Башкалар болсо акчанын кулу болуп, мунун кайгылуу кесепеттерин тартышат. Бирок акча акылдуулук менен колдонулса, бир топ пайда алып келет. Ыйык Китепте да акчанын көп кыйынчылыктарды чечери белгиленет (Насаатчы 10:19).

Ыйык Китеп жалаң гана акча маселеси талкууланган китеп болбосо да, анда акчаны акылдуулук менен колдонууга жардам берерлик кеңештер камтылат. Каржылык иштери боюнча адистер төмөнкү беш кеңешти сунуш кылышат. Алар Ыйык Китепте кылымдар мурун эле жазылган принциптерге дал келет.

Чогултуу. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, байыркы убактагы ысрайылдыктар чогултуунун маанилүүлүгүнө үйрөнүшкөн. Алар улуттук майрамдарына катышуу үчүн жыл сайын тапканынын ондон бир бөлүгүн өзүнчө бөлүп коюшу керек эле (Мыйзам 14:22—27). Ошол сыяктуу эле, элчи Пабыл Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларын, алар жардамга муктаж ишенимдештерине колдоо көрсөтө алышы үчүн, жума сайын каражат топтой жүрүүгө чакырган (1 Корунттуктар 16:1, 2). Финансы адистеринин көбү да акча чогултууга үндөшөт. Ошо себептен акча чогулта жүрүүнү адат кылып алгыла. Айлык аларыңар менен өзүңөр каалаган суммадагы акчаны бөлүп, банкка же башка бир жакка сактап койгула. Ошондо сактап койгуңар келген акча короп кетпейт.

Киреше-чыгашаны эсептөө. Бул — акчаны канча коротуп жатканыңарды көзөмөлдөөнүн же чыгымды азайтуунун мыкты жолу. Киреше-чыгашаны жакшылап эсептөө акчанын каякка кетип жатканын билүүгө, акча-тыйынга байланыштуу ойлогон ойлорду ишке ашырууга көмөк кылат. Андыктан тапкан акчаңардын эсебин билгиле; короткон акчаңар кирешеңерден азыраак болсун. Муктаждыктарыңар менен каалооңордун айырмасын ажыратууга үйрөнгүлө. Буларга байланыштуу Иса акылдуулук менен угуучуларына кайсы бир ишке киришерден мурун «канча чыгым кетерин эсептеп чыгууну» кеңеш кылган (Лука 14:28). Ошондой эле Ыйык Китеп бизди, зарыл болбосо, карыз алуудан качууга чакырат (Накыл сөздөр 22:7).

Пландаштыруу. Эртеңки күнкү муктаждыктарыңарды кылдат карап чыккыла. Мисалы, үй же квартира сатып алууну пландаштырып жатсаңар, төлөмдүк пайызы аз насыя алганыңар оң болушу мүмкүн. Ошондой эле үй-бүлөлүү киши үйүндөгүлөрүн коргоо үчүн алардын өмүрүн, ден соолугун, эмгекке жарамсыздыгын жана башка нерселерин алдын ала камсыздандырууну (страхование) туура табышы ыктымал. Келечектеги муктаждыктарыңарга кам көрүүгө пенсия алууну пландаштыруу да кириши мүмкүн. Накыл сөздөр 21:5те («ЖД»): «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— делет.

Үйрөнүү. Кайсы бир жөндөмдүүлүктөргө ээ болууга аракет кылуу жана денелик, эмоциялык саламаттыгыңарга кам көрүү менен өзүңөргө акча жумшагыла. Кийин мунун сөзсүз пайдасы тиет. Бир нерсеге үйрөнүүнү адатка айландырып алгыла. Ыйык Китепте «туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сактоо» маанилүү экени айтылат жана ал бизди ушул сапаттарды өрчүтүүгө чакырат (Накыл сөздөр 3:21, 22; Насаатчы 10:10).

Тең салмактуу болуу. Акчаны орду менен колдонгула. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, акчаны эмес, адамдардын камын көбүрөөк ойлогондор бактылуураак болушат. Айрымдар ач көздүктүн айынан тең салмактуулугун жоготушкан. Кандайча? Алар негизги муктаждыктарын толук канааттандыргандан кийин байлык топтоого умтула башташкан. Бирок чынында адамга тамак-аштан, кийим-кечеден жана турак-жайдан башка дагы эмне керек? Макаланын башындагы сөздөрдү жазган Ыйык Китептин жазуучусунун: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (1 Тиметей 6:8). Болгон нерсеге ыраазы болуу акчаны сүйүүдөн жана анын айынан болуучу бардык кыйынчылыктардан сактайт.

Чынында эле, акчаны сүйүү — бардык жамандыктын тамыры. Өзүңөр жол берсеңер, акча силердин кожоюнуңар болуп калышы мүмкүн. Анткен менен акчаны акылдуулук менен колдонуу үй-бүлөңөр, досторуңар жана Кудай менен тыгыз мамиледе болуу сыяктуу жашоодогу маанилүү нерселерге умтулууга жардам берет. Бирок бул дүйнөдө акчага байланыштуу тынчсыздануулардан толугу менен арылуу мүмкүн эместей сезилет. Акча дайыма эле тынчсыздануунун себеби боло береби? Жакырчылыктын жок болоруна үмүттөнсөк болобу? Кийинки макалада ушул суроолорго жооп берилет.

[5-беттеги кыстырма]

Тапкан акчаңардын эсебин билгиле; короткон акчаңар кирешеңерден азыраак болсун

Муктаждыктарыңар менен каалооңордун айырмасын ажыратууга үйрөнгүлө

[6-беттеги кыстырма]

Чынында адамга тамак-аштан, кийим-кечеден жана турак-жайдан башка дагы эмне керек?

[7-беттеги кутуча]

БАЛДАРЫҢАРДЫ АКЧАНЫ КАРМАЙ БИЛҮҮГӨ ҮЙРӨТКҮЛӨ

Канчалаган чоң кишилер акча маселесине байланыштуу көп кыйынчылыктарга кабылып жаткандыктан, адистер ата-энелерди балдарын акчаны колдонууга үйрөтүүгө жана муну эртерээк баштоого чакырышат. Балдардын көбүнөн акчанын кайдан келерин сурасаң, алар «атам алып келди» же «банктан келди» деп жооп бериши мүмкүн. Эгер балдарыңарды акчаны баалоого — муктаждыктарды каалоолордон ажырата билүүгө, акчаны кантип чогултуп, кантип коротуу керектигине — үйрөтсөңөр, аларды карызга батып жүрөк заада болуудан сактайсыңар жана акча жагынан бирөөгө көз каранды болбоого жардам бересиңер. Төмөндө буга байланыштуу бир нече кеңеш келтирилди.

1. Жакшы үлгү болгула. Балдарыңар, адатта, айткандарыңарга караганда кылгандарыңарды көбүрөөк туурашат.

2. Коротууга чек койгула. Өзүңөр жана балдарыңар канча акча корото турганыңарды талкуулагыла. «Жок» деп айтууга үйрөнгүлө жана сөзүңөргө тургула.

3. Аларга акчаны колдонууга мүмкүнчүлүк бергиле. Эгер балдарыңарга чөнтөк акча берилсе же өздөрү иштеп акча тапса, аларга акчаны колдонууга байланыштуу айрым көрсөтмөлөрдү бергиле. Анан кээ бир нерселерди өз алдынча чечкенге мүмкүнчүлүк бергиле.

4. Бөлүшүүгө үйрөткүлө. Балдарыңарды колунда болгон нерсесин башкалар менен бөлүшүүгө жана Кудайды даңктоо үчүн дайым акча бөлүп турууга үйрөткүлө.