Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акча силерге кожоюнбу же кулбу?

Акча силерге кожоюнбу же кулбу?

Акча силерге кожоюнбу же кулбу?

СИЛЕР акча оорусуна чалдыккан жоксуңарбы? Билдирүүлөргө ылайык, бул оорудан дүйнө калкынын басымдуу бөлүгү жапа чегүүдө. Ал эмне болгон оору?

Адамдын психикалык саламаттыгын изилдеген Улуу Британиядагы доктор Роджер Хендерсон акчага байланышкан тынчсыздануулардан улам денелик жана психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын абалын сыпаттоо үчүн жакында эле «акча оорусу» деген термин ойлоп тапкан. Ал дарттын белгилерине дем жетпей энтигүү, баш ооруу, жүрөк айлануу, териде бүдүрлөрдүн пайда болушу, тамакка табиттин чаппашы, жөнү жок ачуулануу, туталануу жана терс ой жүгүртүү кирет. «Көбүнесе акчага байланышкан тынчсыздануулардын айынан стресс пайда болот»,— дейт Хендерсон.

Акыркы айларда акча маселесине байланыштуу тынчсыздануулардын барган сайын көп кишиге залакасын тийгизип жатканы таң калыштуу эмес. Анткени көптөгөн өлкөлөрдө финансылык кризистин айынан канчалаган адамдар жумушунан, үй-жайынан жана топтоп койгон каражатынан айрылууда. Ошондой эле финансылык ири мекемелер кризиске учуроодо, атүгүл бай өлкөлөрдө да финансылык кыйроонун алдын алуу максатында шашылыш чаралар көрүлүүдө. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө азык-түлүктүн жана башка зарыл нерселердин кымбатташы да адамдарды санаа тарттырууда.

Бирок акча менен коштолгон кыйынчылыктар кененчилик убактарда деле боло берет. Акыркы жылдары экономикалык абал бир топ жакшырганы менен, акча оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Алсак, Түштүк Африканын бир гезитинде Африкада «ашыкча керектөө, коммерцияга баш оту менен кирип кетүү жана байлыктын аркасынан сая түшүү оору сыяктуу» жайылганы белгиленген («The Witness»). Гезитте ал «оорунун» айрым белгилери катары «стресс, карызга батуу, ашыкча чыгым болуу, жанын сабап иштөө, колдо бар нерселерден айрылып калуудан коркуу, көз артуу жана депрессия» саналган. Андан тышкары, анда Африкадагы адамдардын жашоо-турмушунун бузулуп баратышына акча себепкер болгону айтылган.

Учурдагы финансылык кризистин алдында Индиянын экономикасы болуп көрбөгөндөй өскөн. «Индиа тудей интернэшнл» журналында билдирилгендей, 2007-жылы өлкөдө «керектөөнүн деңгээли кескин түрдө жогорулаган». Бирок ошол убакта бийлик башындагылар Индиянын гүлдөшү баш аламандыктын, атүгүл зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө алып барат деп коркушкан.

Ошол эле маалда Кошмо Штаттарда өспүрүмдөрдүн жаңы мууну кымбат баалуу буюм-тайымдарга акчаны үнөмсүз коротууга жакын экени байкалган. Анткен менен акчасын чачканы аларга бакыт алып келген эмес. Изилдөөчүлөр ал өлкөдө байлык аракечтиктин, депрессиянын жана өзүн өзү өлтүрүүнүн негизги себептеринин бири болгонун билдиришкен. Бир изилдөөгө ылайык, молчулукта жана жетишкендикте жашашса да, «Америкадагы үч кишинин бири гана» өзүн «аябай бактылуу» деп эсептээрин айткан.

Эмне үчүн айрымдар пулдун кулу эмес?

Бирок көптөр, мейли алар байбы же кедейби, барда да, жокто да акчага жана мүлккө байланышкан тынчсыздануулардан санаасы тынч. Мындай айырмачылыктын себеби эмнеде?

«Акчанын маңызы» деген аталыштагы бир билдирүүдө изилдөөчүлөрдүн байкашында, кээ бир адамдардын «оюнун баары эле акча болуп, акча аларды бийлеп алган. Бул стресске жана адамдын психикалык жактан жапа чегишине алып барат» («The Meaning of Money»). Изилдөөчүлөр мындай деп кошумчалашат: «Киреше-чыгашасын кылдат эсептей билгендер, адатта, эртеңки күнүнө ишенимдүү карашат жана өздөрүнө карата оң маанай сакташат. Алар акчанын кулу эмес, кожоюну... Биз акчасын акылдуулук менен пайдалангандар стресске аз чалдыгып, натыйжада түйшүгү да аз болот деп ишенимдүү түрдө айта алабыз».

Силер акчага кандай карайсыңар? Дүйнөдөгү экономикалык туруксуздук силерге кандай таасир этет? Акча силерге кожоюнбу же кулбу? Балким, силерде «акча оорусунун» белгилери жоктур. Ошентсе да байбызбы, кедейбизби, акчага байланышкан тынчсыздануунун кесепеттери баарыбызга таасир этиши мүмкүн. Андыктан, келгиле, санаабыз тынч болуп, бактылуураак жашоо өткөрүү үчүн акчаны колдонууда кандай өзгөрүүлөрдү жасасак болорун карап көрөлү.

[4-беттеги кутуча]

Акча силерге кожоюн болушу мүмкүн, эгер...

башты оорутуп жүрөмбү деп, акча маселесин талкуулоодон качсаңар;

үй-бүлөдөгү талаш-тартыштар көбүнчө акчага байланыштуу болуп жатса;

тыйынды эсеп-чоту жок эле көп коротуп жатсаңар;

дайыма карыздарды ойлоп тынчсыздансаңар;

тапкан акчаңардын эсебин так билбесеңер;

канча короторуңарды так билбесеңер;

канча карыз экениңерди так билбесеңер;

көпчүлүк учурда өзүңөр ойлогондон да көп карызга батсаңар;

карызыңарды көбүнчө кеч төлөсөңөр;

кредит карточкасындагы карыздын эң аз төлөмүн гана төлөп турууга кудуретиңер жетсе;

карыздарыңарды башка нерселерге жумшай турган акча менен жаап жатсаңар;

карыздарды төлөө үчүн эле кошумча иштеп жатсаңар;

эски карыздарды төлөө үчүн дагы карыз алып жатсаңар;

топтогон акчаңар дайыма карыздарды төлөөгө кетсе;

акчаңар айдын аягына жетпей эле түгөнүп жатса;

оюңардын баары эле көп акча топтоо болсо;

акчага байланыштуу стресстен улам денелик же психикалык жактан жапа чегип жатсаңар.

Булагы: «Акча оорусу», доктор Роджер Хендерсон («Money Sickness Syndrome», by Dr. Roger Henderson)