Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдар сүйгөн китеп

Балдар сүйгөн китеп

Балдар сүйгөн китеп

▪ Балдардын баары «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китепти абдан жакшы көрүшөт. Бир кыз мындай деп жазган: «Бул китептин мага көп нерсеси, мисалы, сүрөттөрүнүн баары аябай жагат. Ачык түстүү кооз сүрөттөр окурманды өзүнө тартып турат. Мен ал китепти окуганда сүрөттөргө кылдат көңүл буруп, алардын аңгеме менен кандай байланышы бар экенин талдоого убакыт бөлөм.

Мага китепте сөздөрдүн кандай колдонулганы да жагат. Аларды түшүнүү оңой, окуганда кубаныч аласың.

Бул китепти окуп, анда азыркы учурдагы айрым кыйынчылыктар жана алардан кантип качса болору кандайча талкууланганына өзгөчө таасирлендим. Мага айрыкча „Азгырыктарга каршы тур“, „Боорукер болуу“ жана „Дайыма биринчи болгуң келеби?“ деген бөлүмдөр жакты».

Кооз сүрөттүү, форматы ушул журналдыкындай болгон 256 беттен турган бул китепти силер да ала аласыңар. Ан үчүн төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китепти ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.