Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн «баш паанасы»

Жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн «баш паанасы»

Жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн «баш паанасы»

ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ДҮЙНӨ жүзү боюнча өсүмдүктөр менен жаныбарларга коркунуч туулуп жатат. Айрым окумуштуулардын айтымында, жыл сайын алардын миңдеген түрлөрү жер жүзүнөн жок болууда. Бактыга жараша, тоо кыркалар мурда көп жерлерде кездешкен өсүмдүктөр менен жаныбарларга «баш паана» болуп келет. Бирок ушундай «чептер» болсо да, айлана-чөйрөнүн булганышы, адам баласынын табиятка ыксыз кол салуусу аларды жок болуу коркунучуна дуушар кылууда. Мындай көрүнүш калкы жер жүзү боюнча бөтөнчө жыш отурукташкан Европада өзгөчө байкалат.

Франция менен Испанияны бөлүп турган Пиреней тоо кыркаларындагы бир нече улуттук бактар жергиликтүү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү ар кандай зыяндан коргогон бейкут чөйрө болуп келет. Коргоого алынган бул аймактарга келгендер коркунуч алдында турган көптөгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн «баш паанасын» көрө алышат. Келгиле эмесе, ал бактарга кыскача саякат жасайлы.

Жок болуу коркунучу алдында турган түрлөр

Гүлдөр. Деңиз деңгээлинен 1 500 метр бийиктикте эң кооз талаа гүлдөрү өсөт. Тоонун бийик жерлеринде өскөн, көк базин тукумундагы желекчеси көпкөк нивалис генциана менен клусии генцианасы (1) түстүү килем сымал тоонун бетин каптап, ага өзгөчө бир көрк берип турат. Алардан төмөнүрөөк, кара кайыңдын арасында, кепич гүлдөр (2) жок болуу коркунучу алдында турса да, өздөрүнчө эч нерседен бейкапар гүлдөп жатышат. Жыл сайын бул токойчого табияттын сулуулугун баалаган жүздөгөн кишилер келип турушат. Келген-кеткендер асыл гүлдөргө зыян келтирип же аларды жулуп кетпеши үчүн, токойчулар ал жерди күнүнө 14 сааттан кайтарышат.

Көпөлөктөр. Адам буту баспаган, түркүн-түстүү талаа гүлдөрү жайнаган бийик тоо шалбаалары кооз көпөлөктөр үчүн эң сонун «баш паана». Ал жерден төө тикендердин арасында бапырап учуп жүргөн, канатында чыпалак басым кыпкызыл тактары бар ири аполлон көпөлөгүн (3) кездештирүүгө болот. Көгүлжүндөр тукумундагы көк көпөлөктөр менен жез өңдүү көпөлөктөр (4) кичинекей гүлдөргө көп сагындырбай «конокко» келип турушат. Уйгакчыл көпөлөктөр менен кооз калдыркандар болсо тоо бетиндеги гүлдөрдү тыным албай «кайтарат».

Жаныбарлар. Европадагы ири сүт эмүүчүлөрдүн көбү бир кездерде бүт континент бою ээн-эркин жортуп жүрүшкөн. Бирок кийин аңчылыктын айынан алар тукум курут болуу коркунучуна дуушар болушкан. Кайсы бир убактарда жер жайнап жүргөн карышкырларды, аюуларды, сүлөөсүндөрдү (5), бизондорду, жейрендерди жана тоо эчкилерин (6) бүгүнкү күндө бир нече тоо кыркаларында же алыскы түндүктө гана учуратууга болот. Пиренейдеги улуттук бактарга баргандардын айрымдары андагы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын келечегин ойлоп, чындап эле тынчсызданышат.

Бирок тынчсызданууга себеп жок. «Тоо чокулары» Жаратканыбыз Жахабага таандык болгондуктан, ал андагы тирүү жандыктардын баарына кам көрөт (Забур 94:4). Ыйык Жазмада Кудайдын: «Токойдогу жаныбарлардын баары Меники, тоодогу миңдеген мал да Меники. Тоодогу бардык куштарды билем»,— деп айтканы жазылган (Забур 49:10, 11). Ооба, Жахаба Кудай бүт жер жүзүнө, андагы өзү жараткан жандыктардын баарына көз салып турат. Ошондуктан ал тоодогу жаныбарлардын тукум курут болуп кетишине эч качан жол бербейт.

[Pictures on page 16, 17]

1 Клусии генцианасы

2 Кепич гүлдөр

3 Аполлон көпөлөгүн

4 Жез өңдүү көпөлөктөр

5 Сүлөөсүндөрдү

6 Тоо эчкилерин

[Булак]

La Cuniacha