Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйлөшпөй калдык... Эми кантем?

Сүйлөшпөй калдык... Эми кантем?

Жаштардын суроолору:

Сүйлөшпөй калдык... Эми кантем?

«Биз беш жылдан бери дос болуп, жарым жылдай сүйлөшүп жүргөнбүз. Анан ал эч нерсе дебей-этпей туруп эле мамилебизди үзүп салды. Бир ооз сөз менен түшүндүрүп койгонго да жараган жок. Ызаланып, эмне кыларымды билбей, аябай жаман болгом. „Эмнени туура эмес кылдым экен“,— деп өзүмдү өзүм жемелей бергем» (Рейчел) *.

СҮЙЛӨШҮП жүргөн адамың мамилеңерди үзүп салса, шагың сынып, кайгыга батышың мүмкүн. Эки жылдай сүйлөшүп жүргөн Жеф менен Сюзанды алалы. Алар ал убакыттын ичинде бири бирине аябай ынак болуп калышкан. Жеф күнүгө бир нече жолу жакшы көрөрүн билдирип, Сюзанга SMS жиберчү, кез-кезде белек да берип турчу. «Жеф мени укканга, түшүнгөнгө аракет кылчу, мага аябай назик мамиле кылчу»,— дейт Сюзан.

Көп өтпөй Жеф менен Сюзан үйлөнүү үлпөтү тууралуу, экөө баш кошкондон кийин каякта жашаары жөнүндө сүйлөшө башташат. Жеф атүгүл шакек алып берүү жөнүндө да сөз кылып жүргөн. Анан бир күнү эле ал мамилени чарт үзүп салат. Бул Сюзанга катуу сокку болгон. Ал сыр билдирбей, күнүмдүк иштери менен алек болуп жүргөнү менен, ичин ыза өрттөп, куйкалаган. «Шалдырап, эсим ооп, эч нерсеге көңүлүм келбей жүрдүм»,— дейт ал *.

Эмне үчүн мынча оор болот?

Эгер сен да Сюзандыкындай жагдайга туш болгон болсоң, балким: «Мен кайра мурункудай калыбыма келе аламбы?» — деп ойлонуп жаткандырсың (Забур 37:7). Ооба, мындай жагдайда көңүлүң чөкпөй койбойт. Сүйгөн адамың менен болгон мамиленин үзүлүшү өзөгүңдү өрттөгөн катуу күйүткө окшош. Кээ бирөөлөр айткандай, андайда жүрөгүң тилингендей эле болот. Балким, ушул айтылгандардын баарын сен да башыңан өткөргөндүрсүң же ушундай жагдайда адатта болуучу сезимдер чулгап жаткандыр:

Ишене албоо. «Мындай болушу мүмкүн эмес! Ал эртең-бүрсүгүнү эле кайра келет».

Ачуулануу. «Кантип ушинтип кетти? Жек көрөм аны!»

Көңүл чөгүү. «Мен эч кимге жакпайм, мени эч ким карабайт».

Туура маанай өрчүтүү. «Мейли эми, болор иш болду... Жашоо токтогон жок, оор болсо да, алдыга умтулуш керек».

Кыйналып жүргөн болсоң, көп чөгө бербей туура маанай өрчүтүүгө аракеттен. Ага канча убакыт кетери, бир нече себептерден, мисалы, мамилеңер канча убакытка созулганынан же бири бириңерге канчалык ынак болгонуңардан көз каранды. Бирок ал убак келгенче терс сезимдер менен кантип күрөшө аласың?

Алга умтул

«Убакыт айыктырат» деген сөздөрдү көп эле уккан болушуң керек. Бирок кыйналып жатканда бул сөздөр курулай эле айтылган бир кептей сезилиши мүмкүн. Албетте, убакыт өзүнөн өзү «айыктырбайт». Мисалы, бир жериңди кесип алсаң, ошол учурда аябай ооруйт. Ал жериң айыгыш үчүн убакыт керек. Ошентсе да өзү айыгат деп койбой, канды токтотуп, ооруну басаңдатыш үчүн чараларды көрөсүң. Ошондой эле инфекция киргизип албоого аракет кыласың. Эмоциялык жараат деле ушул сыяктуу. Учурунда кыйын болот. Ошентсе да «ооруну» басаңдатуунун жана кайгыга алдырып, «инфекция» киргизип албоонун бир нече жолу бар. Убакыт өзүнүкүн кылат дечи, бирок өзүң да аракет кылышың керек. Төмөндө ушуга байланыштуу кеңештер берилген.

Бугуңду ичиңе топтобо. Кайгырып турганда ыйлап алуунун эч кандай деле жаман жери жок. Ыйык Китепте «ыйлай турган» да, «кайгыра турган» да убак бар экени айтылат (Насаатчы 3:1, 4). Ыйлаганың сенин алсыз адам экениңди билдирбейт. Бир жолу, атүгүл, эр жүрөк жоокер Дөөтү да кайгыга батып турганда: «Жаткан жеримди ар түнү көз жашым менен жууйм, төшөгүмдү көз жашка чылайм»,— деген (Забур 6:7).

Ден соолугуңа кам көр. Көнүгүүлөр жана туура тамактануу сага кайра күч-кубатка толууга жардам берет. Ыйык Китепте айтылгандай, көнүгүүлөрдүн аз да болсо, пайдасы бар (1 Тиметей 4:8).

Ден соолугуңдун кайсы жактарына көңүл бурушуң керек?

․․․․․

Бир нерсе менен алек бол. Жакшы көргөн иштериң менен алек болууну уланта бер. Өзгөчө ушундай учурда башкалардан «обочолонуудан» кач (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Сага жан тарткан адамдар менен пикир алмашсаң, туура маанай сактай аласың.

Дайыма бир нерсе менен алек болуу үчүн кандай максаттарды коё аласың?

․․․․․

Ичиңдегинин баарын Жахабага айтып тилен. Бул кыйынга турушу мүмкүн. Сүйлөшкөн адамы менен мамилеси токтогондордун айрымдары Кудайга нааразы болуп: «Мен Кудайдан бирөөнү таап берүүсүн канча жолу суранган элем, эми эмне болду!» — деши мүмкүн (Забур 9:22). Бирок Кудайды эки адамдын башын коштурган арачы катары көрүү туурабы? Албетте, жок. Сүйлөшүп жүргөндөрдүн бири мамилесин токтотууну кааласа, буга Кудай күнөөлүү эмес. Ошентсе да Жахаба Кудайдын ар бирибизге кам көрөрүн унутпа (1 Петир 5:7). Ошондуктан ага ичиңдегинин баарын төк. Ыйык Китепте: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— делет (Филипиликтер 4:6, 7).

Өзгөчө эмнелер тууралуу тиленсең болот?

․․․․․

Өткөндөн сабак ал

Эмоциялык жактан өзүңө келип, жакшы болуп калгандан кийин сүйлөшүп жүргөн кезиң тууралуу ойлонуп көргөнүң дурус. Ага даяр болгонуңда, балким, өткөн-кеткенди талдап чыгууга төмөнкү суроолор жардам болоттур.

▪ Мамилеңердин үзүлүшүнө өзүң себепкер болгон жоксуңбу? Сен тараптан олуттуу ката кетпесе да оюңду жазсаң болот.

․․․․․

▪ Сенин оюңча, дагы эмнелер себеп болгон?

․․․․․

▪ Өткөндүн баарын кайра артка кайрый алсаң, эмнени башкача кылат элең?

․․․․․

▪ Башыңан өткөн ошол окуядан эмоциялык жана рухий жактан жетилишиң керек болгон кайсы жактарыңды байкадың?

․․․․․

▪ Кийин башка бирөө менен сүйлөшүп кала турган болсоң, эмнелерди кылуудан качат элең?

․․․․․

Мамилеңер сен каалагандай болбой калса да, батар күндүн атар таңы да бар экенин унутпа. Жаан нөшөрлөп төгүп жатканда, чакалап куйган жаан менен кара булут каптаган асманды карап, кейишибиз мүмкүн. Бирок жаан тынымсыз эле жаай бербейт, ал да басылып, күн чыгат. Бул макаланын башында сөз кылынган жаштар убакыттын өтүшү менен кайрадан кубанычка ээ болуп, жашоосун мурдагы калыбындай уланта алышкан. Сен да ошенте аласың!

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 5-абз. Бул макалада кыздар тууралуу сөз жүрсө да, андагы принциптер эркек балдарга да тиешелүү.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Башыңан өткөн окуядан өзүң тууралуу эмнени билдиң?

▪ Башка жыныстагылар тууралуу эмнени билдиң?

▪ Үзүлгөн мамилеңдин айынан катуу кыйналып жатсаң, сезимдериңди ким менен бөлүшө алат элең?

[20-беттеги кутуча]

КЕҢЕШ

Жогоруда сөз кылынган Сюзан Ыйык Жазмадан айрым аяттарды жазып алып, бушайман болуп, кыйналып, көңүлү чөгө баштаганда аларды окуп турчу. Балким, сен да бул макаладагы айрым аяттарды жазып алып, окуп тураттырсың.

[19-беттеги сүрөт]

Мамиленин үзүлүшү жарааттай катуу оорутат, бирок убакыттын өтүшү менен айыгат