Төгөрөктүн төрт бурчунда
Төгөрөктүн төрт бурчунда
▪ Бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, климаттын өзгөрүшүнөн жана жергиликтүү адамдардын иш-аракеттеринен улам рифтерди пайда кылган кораллдардын 32,8 пайызы «таптакыр жок болуп кетүү коркунучу алдында турат» («САЙЕНС», АКШ).
▪ Дем алуу органдары жабыркаган 2 000ден ашуун бала Афиндеги (Греция) оорукананын педиатрия бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп, алардын «65 пайызы ата-энесинин биринин же экөөнүн тең [тамекисинин] түтүнүнөн зыян тартканы аныкталган» («КАТИМЕРИНИ», АНГЛИСЧЕ БАСЫЛЫШЫ, ГРЕЦИЯ).
▪ «Мунай баасынын өсүшү, жашоонун кымбатташы,.. экономиканын төмөндөшү,.. кайра-кайра кайталанган табигый кырсыктар канчалык алсыз экенибизди көрсөтүүдө: биз бул көйгөйлөрдүн эч бирин убактылуу да, биротоло да чече албайт окшойбуз» (ЛУИС МАРИЯ ДЕ ПУИГ, ЕВРОПА КЕҢЕШИНИН ПАРЛАМЕНТТИК ЖЫЙЫНЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ).
▪ Польшада балдардын 17 пайызы, ал эми кыздардын 18 пайызы 15 жашка чейин эле баңги зат колдонуп көрүшкөн («ЖИЧЕ ВАРШАВЫ», ПОЛЬША).
Арстандар адамдарга кол салууда
Кейптаундагы «Африка жиогрэфик» журналы билдиргендей, Африкада калктын саны өскөн сайын, жапайы жаныбарлардын байырлаган жерлери азаюуда. Натыйжада жырткычтар адамдарга «кол салган учурлар көп болууда». Бөтөнчө арстандар «адамдарды олжо катары көрүп жаткандай сезилет». Мисалы, Танзанияда 1990-жылдан тартып жыл сайын, бери дегенде, 70 киши арстанга жем болуп келген. Айрым учурларда, журналда жазылгандай, «арстандардын үйүрү адамдарга үйүнүн жанынан эле, атүгүл үйлөрүнүн бекем эмес чопо дубалдарын, камыш чатырларын бузуп кирип кол салууда».
Байыркы Египеттин дан сактагычтары табылды
Чикаго университетинин археологдору Египеттин түштүгүндө казуу иштерин жүргүзүп жатып, ошол жерде табылгандардын эң чоңу деп эсептелген байыркы жети дан сактагыч табышты. Ал жакка жакын жерден табылган артефакттардын (байыркы маданияттын калдыктары) негизинде археологдор ал кампалардын б.з.ч. 1630—1520-жылдардын аралыгына таандык экенин аныкташкан. Эгер жылы туура аныкталган болсо, дан сактагычтар Мусанын күндөрүндө эле бар болгон. Диаметри 5,5—6,5 метр, ал эми бийиктиги, болжолу, 7,5 метрден кем эмес келген, чийки кирпичтен курулган ал тегерек дан сактагычтар жергиликтүү административдик борбордун бөлүгү болгон. Университеттин отчётунда белгиленгендей, «андай борборлордо Нил өрөөнүнөн алынган мол түшүм сакталып, мамлекеттин кызыкчылыгына колдонулган. Эгин акча бирдиги катары пайдаланылган жана фараондордун бийлигин чыңдаган». Андан ары билдирүүдө «эгин акча милдетин аткаргандыктан, ал бункерлер банк жана азык-түлүктүн булагы катары кызмат кылган» деп кошумчаланат.
Темирдей бышык кагаз
Швед королдук технология институтунун изилдөөчүлөрү жыгач целлюлозасынан анын булаларынын табигый күчүн сактоого мүмкүндүк берген кагаз жасоо ыкмасын ойлоп табышты. Кагаз жасоодо жыгач массасын кадимки механикалык жол менен алууда анын майда целлюлоза булалары бузулуп, күчүн бир топ жоготот. Бирок швед изилдөөчүлөр тобу жыгач массасын ферменттер менен эритип, анан майдалоочу станоктун жардамы менен сууда анын целлюлоза булаларын бөлүп ала алышты. Зыян тартпаган булалар кургаганда бири-бири менен чырмалышып, агуучулук чеги чоюндукунан жогору, ал эми курулушта колдонулган болоттукундай келген кагазды пайда кылат.