Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ышкырып сүйлөшүү «баарлашуунун» өзгөчө жолу

Ышкырып сүйлөшүү «баарлашуунун» өзгөчө жолу

Ышкырып сүйлөшүү «баарлашуунун» өзгөчө жолу

Мексикадагы кабарчыбыздан

▪ Мексикадагы Оахака тоо кыркасында жашаган жергиликтүү масатектерде уюлдук телефондор да, кадимки телефондор да жок. Бирок алар 2 километр же андан да алыс жерден, мисалы, тоо боорундагы кофе плантацияларында иштеп жатып сүйлөшө алышат. Кандайча? Узак убакыт мурун масатектер ышкырып сүйлөшкөндү үйрөнүшкөн. Педро деген масатек жигит мындай дейт: «Масатек тили — тоналдык тил. Андыктан ышкырганда биз оозеки тилдин тонун жана ритмин туурайбыз. Ошондой эле манжаларыбыздын жардамысыз эле, эринибиз менен ышкырабыз» *.

Педронун досу Фиденсио так-даана ышкыруунун артыкчылыгын мындайча түшүндүрөт: «Биз байланышуунун бул түрүн бири-бирибизден бир топ алыс турганда колдонобуз жана адатта, кыскача сүйлөшөбүз. Мисалы, атасы баласын дүкөнгө нан алганга жиберип, бирок помидор ала кел деп айтууну унутуп калса, ал эми баласы алыс узап кетсе, атасы муну ышкырып эле айтып коёт».

Жахабанын Күбөлөрү да кээде бири-бири менен ышкырып байланышат. «Мен алыскы аймактарга жөнөөрдө ишенимдешимди мени менен барууга чакыргым келсе, үйүнө чейин барып отурбайм, ышкырып эле коём»,— дейт Педро.

Ал мындай деп кошумчалайт: «Ким менен „сүйлөшүп“ жатканыбызды билиш үчүн, ар бирибиз ар башкача ышкырабыз. Адатта, масатектердин эркектери эле ышкырып сүйлөйт. Аялдары болсо аны түшүнүшү, атүгүл үйүндөгүлөрү менен ал тилде сүйлөшүшү мүмкүн, бирок башка эркектер менен ышкырып сүйлөшпөйт. Анткени бул орунсуз деп эсептелет».

Бирок масатектер эле ышкырып сүйлөшпөйт. Ушундай жол менен «баарлашкан» кишилерди Канария аралдарынан, Кытайдан, Папуа-Жаңы Гвинеядан да жолуктурууга болот. Негизинен, алар тоолордо жана калың токойлордо жашашат. Чынында, 70тен ашык ышкырып сүйлөшүү тили болушу ыктымал жана алардын, бери дегенде, 12си изилденген.

Адамдын тапкычтыгына таңданбай койбойсуң. Чынында эле, андай шык-жөндөмгө башкалар менен баарлашууга болгон күчтүү каалоону кошсоң, пикирлешүүгө фантазия эле чек коё алат, бирок фантазияга дээрлик чек жок!

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бир эмгекте: «Масатектер ышкырыктын ылдамдыгын, тембрин жана интенсивдүүлүгүн өзгөртүү менен бири бирине көп нерсени түшүндүрө алышат»,— делет.