Балдардын балалыгы стресс менен өтүүдө
Балдардын балалыгы стресс менен өтүүдө
▪ «Эч нерсеге жетишпей жатам... Чарчадым». Сегиз жаштагы Пабло үй тапшырмасын сураган мугалимине ушинтип айткан. Уйкусу канбаган испаниялык бул баладай болуп, көптөгөн балдар 12 саат же андан да көп убакыт бою сабактарынан жана үй тапшырмаларын аткаруудан баш көтөрүшпөйт. Эмне себептен?
Айрым ата-энелер жумуштан келгиче балдары кандайдыр бир иштер менен алек болуп турушу үчүн аларды ар кандай ийримдерге жаздырып коюшат. Башкалары болсо балдарынын мектепте жакшы окуп, кийинчерээк жакшы жумушта иштеп кетишин каалагандыктан, алардын жашоосун убакыт-саатка бөлүштүрүп коюшат. Ушундай максат менен Түштүк Кореядагы ата-энелердин көбү өспүрүм балдарын күчтүү программа караштырылган мектептерде окутушат. Андай мектептердин күн тартиби өтө тыгыз. Балдар жумасына 7 күн, таң атпай жети жарымдан баштап, кээде түн жарымга же андан да көп убакытка чейин сабактары менен алек болушуп, аябай чарчашат. «Ата-энелер балдарын беделдүү университеттерге тапшыртуу үчүн баарына барууга даяр сыяктанат»,— делет «Нью-Йорк таймс» гезитинде.
Испанияда чыккан «Бүгүнкү күндөгү аялдар» деген гезитте мындай делет: «Ата-энелер жакшы эле ой менен балдарынан көптү талап кылышат, бирок кээде аша чаап кетишет». Ал эми ата-энесинин ой-тилегин орундатууну көздөгөн балдар өзүнөн көптү талап кыла берип, натыйжада катуу стресске кабылышы мүмкүн. «Балдарга өтө эле оор „жүк“ артылып жатканы байкалууда»,— дейт Тынчсызданууларды жана стрессти изилдөө боюнча испан коомунун президенти Антонио Кано. Бир профессордун айтымында, Испаниядагы 15 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 40 пайызы катуу стресске туш болуп жатышат. Андай стресс өспүрүмдөргө залакасын тийгизүүдө. Алардын айрымдары стрессти көтөрө албай өз өмүрүн кыйганга чейин барышат. «Нью-Йорк таймс» гезитинде Түштүк Кореяда «10дон 19 жашка чейинки улан-кыздардын өлүмүнө жол кырсыктарынан кийин эле өзүн өзү өлтүрүү себеп болуп жатканы» айтылат.
Албетте, балдар сабакка дитин коюп, жакшы окууга аракет кылышы абзел; ата-энелер да алардан колунан келген жардамын аябашы керек. Себеби убакыт аккан суудай, кайра кайрылып келбейт. Бирок Ирена Аримадас аттуу бир мугалим айткандай, «балдарды чоң кишилерге теңеп болбойт. Мындай тыгыз, анан калса, узакка созулган күн тартиби аларды кыйнап коёт». Муну түшүнгөн мээримдүү ата-эне балдарына эс алууга жетиштүү убакыт беришет жана алар менен чогуу ар кандай пайдалуу иштерди кылышат. Даанышман Сулайман падыша тең салмактуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Мээнет жана рухтун кыйналуусу менен табылган кош уучка караганда тынчтык менен табылган бир ууч артык»,— деп айткан (Насаатчы 4:6) *.
[Шилтемелер]
^ 5-абз. Балдардын кандай стресске кабылып жатканы тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2009-жылы апрель айында (ор.) чыккан санынын баш макалаларын карагыла.