Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башка динге өтүү күнөөбү?

Башка динге өтүү күнөөбү?

Ыйык Китептин көз карашы

Башка динге өтүү күнөөбү?

Автардын Ыйык Китепти изилдей баштаганына анын сикх динин туткан үй-бүлөсү абдан нааразы болгон. Автар мындай дейт: «Биз жакта динге бекем кармангандыктан, кимдир бирөө башка динге өтүп кетсе, аны менен эч ким сүйлөшпөй, эл катарынан чыгарып салышат. Атүгүл ысымдарыбыз да динге байланыштуу. Ошондуктан башка динге өтүү өзүнүн кадыр-баркын тебелегенге жана үй-бүлөсүн сыйлабагандыкка жатат».

АВТАР кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болгон. Анын мурунку динин таштаганы туура эмес болгонбу? Автар силердин бир тууганыңар болсо, балким, силер да ага нааразы болмоксуңар. Силер: «Туткан диним ата-бабамдан калган»,— деп ойлогондуктан башка динге өтүүнү күнөө деп ойлойттурсуңар.

Албетте, ата-энени, бир туугандарды урматтап-сыйлоо маанилүү. Ыйык Китепте да: «Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 23:22). Бирок Жараткан Кудай жана анын ой-ниеттери жөнүндө билүүгө умтулуу андан да маанилүү (Ышайа 55:6). Кудай жөнүндө билүү мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо, ал жөнүндө билүү сен үчүн канчалык маанилүү?

Чындыкты табууга умтулуу

Дүйнө жүзүндөгү диндер бири-бирине карама-каршы келет. Андыктан алардын баары эле Кудай жөнүндөгү чындыкка окутат деп айтууга болбойт. Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, арабызда «Кудайга кызмат кылууда ынталуу болушканы менен, ынталуулугу так билимге ылайык келбеген» адамдар көп (Римдиктер 10:2). Бирок элчи Пабыл 1 Тиметей 2:4-аятта «[Кудайдын] ар кандай адамдардын... чындыкты так таанып-билишин каалаарын» айткан. Канткенде чындыкты так таанып-билүүгө болот?

Ан үчүн Ыйык Китепти изилдөө керек. Эмне үчүн? Биринчиден, Ыйык Китеп Жараткан Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган. Бул туурасында Ыйык Китепти жазууга катышкан элчи Пабыл: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн... пайдалуу»,— деген (2 Тиметей 3:16). Чындыкты табуу үчүн Ыйык Китепте айтылгандардын чын экенине кандай далилдер бар экенин изилде. Ошондой эле Ыйык Китептин тарыхый жактан так экенин, андагы пайгамбарлыктардын аткарылганын жана Кудайдын теңдешсиз акылмандыгын окуп-изилде.

Экинчиден, Ыйык Китеп бардык эле диндер Кудайга жагат деп окутпастан, «Кудайдан келгендей сыяктанган кабарлардын... Кудайдан келген-келбегенин текшерип көрүүгө» чакырат (1 Жакан 4:1). Алсак, Кудайга жаккан дин Кудайды эч качан каардуу кылып көрсөтпөйт, тескерисинче, анын сонун сапаттарын, анын ичинде негизги сапаты болгон сүйүүсүн ачып берет (1 Жакан 4:8).

Ыйык Китепте Кудайдын биздин «аны... табышыбызды» каалаары айтылат (Элчилер 17:26, 27). Жараткан Кудай өзү жөнүндө чындыкты билишибизди каалагандыктан, динибизди таштоого туура келсе да, Ыйык Китептен окуп-билгендерибизге жараша иш кылуунун эч жаман жери жок. Ал эми ушундан улам кыйынчылыктар келип чыксачы?

Үй-бүлөдөгүлөрдү эске алуу

Адам динин таштаганда мурунку динине байланыштуу үрп-адаттарга, майрамдарга катышпоону чечиши мүмкүн. Бул анын үй-бүлөсүнө катуу тийиши айтпаса да түшүнүктүү. Иса пайгамбар муну жакшы түшүнгөн. Анын айткан сөзүнө көңүл бурсаңар, ал: «Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим»,— деген (Матай 10:35). Иса пайгамбар Ыйык Китепти изилдегендердин баарынын үй-бүлөсү сөзсүз бөлүнүп-жарылат дегенди айткысы келгенби? Жок. Ал жөн гана үй-бүлөнүн бир мүчөсү жаңы туткан динине бекем карманганда, үй-бүлөсүнүн ага каршы чыгышы эмнеге алып келерин көрө билген.

Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан качуу үчүн баарына эле макул боло бериш керекпи? Ыйык Китепте балдар ата-энесине, аялдар күйөөлөрүнө баш ийиши керектиги айтылганы чын (Эфестиктер 5:22; 6:1). Бирок анда Кудайдан корккондор «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийиши» керектиги да айтылган (Элчилер 5:29). Ошондуктан сен Кудайга жагууну каалап, үй-бүлөңдүн айрым мүчөлөрүнө жакпаган чечимдерди чыгарышың мүмкүн.

Ыйык Китепте жалган дин менен чыныгы диндин айырмасы ачык-айкын берилсе да, Кудай кандай жолду тандашты ар бир кишинин өз эркине коёт (Мыйзам 30:19, 20). Демек, кимдир бирөө тутуп жүргөн динин туура эмес деп тапса, аны ошол динге карманууга жана үй-бүлөсүн же динин тандоого мажбурлоого эч кимдин акысы жок. Анда эмне Ыйык Китепти изилдөө үй-бүлөнү бузабы? Жок. Тескерисинче, Ыйык Китеп эки башка динди туткан жубайларды бирге болууга чакырат (1 Корунттуктар 7:12, 13).

Коркуу сезимин жеңүү

«Эгер Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдесем, эл эмне дейт»,— деп коркушуң мүмкүн. Алсак, Мариамма: «Үйдөгүлөр турмушка чыкпай каласың деп чочулап, Ыйык Китепти изилдешиме каршы болушкан»,— дейт. Бирок ал Жахаба Кудайга таянып, изилдөөсүн уланта берген (Забур 36:3, 4). Сен да ошондой кылсаң болот. Ыйык Китепти изилдесем эмне болот деп корккондун ордуна, анын пайдалары жөнүндө ойлон. Ыйык Китепте жазылгандар адамдын өзүн жана жашоосун жакшы жакка өзгөртөт. Маселен, адамдар үй-бүлөсүн чындап сүйүүгө үйрөнүшөт. Андан тышкары, кимдир бирөөгө катуу айтуу, кол көтөрүү, ичкилик ичүү же баңги зат колдонуу сыяктуу жаман адаттардан арылышат (2 Корунттуктар 7:1). Ошондой эле Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында берилгендик, чынчылдык жана эмгекчилдик сыяктуу жакшы сапаттарды өрчүтө алышат (Накыл сөздөр 31:10—31; Эфестиктер 4:24, 28). Андыктан Ыйык Китепти изилдөөнү токтотпостон андан ары уланта берүүгө эмне үчүн болбосун?

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Туткан диниңди эмне үчүн текшерип көрүшүң керек? (Накыл сөздөр 23:23; 1 Тиметей 2:3, 4).

▪ Чыныгы динди кантип аныктай аласың? (2 Тиметей 3:16; 1 Жакан 4:1).

▪ Үйүңдөгүлөр каршы болсо, Ыйык Китепти изилдөөнү токтотушуң керекпи? (Элчилер 5:29).

[29-беттеги сүрөт]

Мариамма жолдошу менен

Ыйык Китепте жазылгандар адамдын өзүн жана жашоосун жакшы жакка өзгөртөт