Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Гарпия тропик токоюнун кыраан бүркүтү

Гарпия тропик токоюнун кыраан бүркүтү

Гарпия тропик токоюнун кыраан бүркүтү

ЭКВАДОРДОГУ КАБАРЧЫБЫЗДАН

▪ Бул кыраан бүркүттүн көрүнүшү түштүк америкалык алгачкы изилдөөчүлөрдү аябай таң калтырса керек. Алар ушунчалык таасирленгендиктен ага грек мифологиясындагы үрөйдү учурган Гарпия деген жарым-жартылай куш, жарым-жартылай аялдын атын коюшкан.

Борбордук жана Түштүк Американын тропикалык токойлорун мекендеген, дүйнөдөгү эң ири, эң күчтүү бүркүттөрдүн катарына кирген ал куштун укмуштуудай сүрү аны көргөндөрдү дагы деле таңыркатат. Анын денесинин узундугу — 91 сантиметрге, ал эми канатынын жазылыгы 2 метрге чейин барат. Ургаачысы эркегинен чоңураак келип, салмагы 9 килограммга чейин жетет.

Көлөмүнө жараша гарпиянын 13 сантиметрге чейин жеткен, Америка суу бүркүтүнүкүнөн эки эсе узун, өткүр тырмактары бар. «Нэшнл жиогрэфик тудей» гезитинде айтылгандай, гарпиянын тырмактары абдан кубаттуу болгондуктан, «тропик токойлорунда бак-дарактарды далдаа кылып жүргөн илендилерге, маймылдарга жана башка жандыктарга кол салганда, алардын сөөгүн сындыра мыкчып, көп учурда тырп эттирбей өлтүрөт». Ары көлөмдүү, ары «куралдуу» болсо да, ал бүркүттүн баштын үстүнөн дабыш алдырбай учуп кеткенин байкабай каласың.

Сактап калуу маселеси

Гарпия адамдарга коркунуч туудурбаганы менен, адамдар ага коркунуч туудурууда. Мыйзамсыз аңчылык, ошондой эле ал алп куштар мекендеген токойлордун кыйылышы алардын жапайы табиятта сейрек учурап калышына алып келди. Ошондон улам гарпия жок болуу коркунучу алдында турган түрлөрдүн тизмегине киргизилген. Сактап калуу максатында Панама өлкөсү аны улуттук символ катары жарыялап, ага мыйзамсыз аңчылык кылгандарга катуу жазалоо чараларын караштырган.

Гарпияны тукум курут болуу коркунучунан сактап калууга байланыштуу чаралар Эквадордо да көрүлүүдө. Гуаякиль тарыхый багынын кызматкери Яра Песантестин «Ойгонгула!» журналынын кабарчысына берген дил маегинде гарпия бүркүтү төрт же беш жашка толгондо гана жыныстык жактан жетилерин айткан. Алар ошондо да эки жыл аралыгында бир, ашып кетсе, эки жумуртка туушат. Алардын жай тукумдашы тукум курут болуудан сактап калуу маселесин ого бетер кыйындатууда. Бирок Яра Песантестин айтымына караганда, атайын караштырылган программанын аркасында бул кыраан бүркүттөрдүн саны көбөйүүдө.

Бактыга жараша, жакында мындай сактап-коргоо чаралары өткөндүн ишине айланат. Эмне үчүн? Анткени Жаратканыбыз Жахаба Кудай жердеги иштерди толугу менен көзөмөлгө алып, биздин планетаны жана андагы укмуштуу жаратууларды куру бекер жаратпаганын далилдейт (Забур 103:5; Ышайа 45:18).

[19-беттеги сүрөт]

Бүркүттү шакектөө

[Булак]

Pete Oxford/Minden Pictures

[19-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Tui De Roy/Roving Tortoise Photos