Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Депрессия менен кантип күрөшүүгө болот?

Депрессия менен кантип күрөшүүгө болот?

Депрессия менен кантип күрөшүүгө болот?

«ЖОЛДОШУМДУН жардамы менен дарылануунун ылайыктуу ыкмасын табууга, күндөлүк турмушумда өзгөрүүлөрдү жасоого аракет кылып, жашоом бир калыпта өтүшү үчүн туруктуу бир тартипке карманууга умтулам,— дейт көп жылдан бери депрессия менен күрөшүп келаткан Рут.— Кээде натыйжалуу дарылануу ыкмасын тапкандай болобуз, өзүмдү да жакшы сезип калгансыйм. Бирок убакыттын өтүшү менен эч нерсе жардам бербей жаткандай сезилет. Андайда жолдошумдун жана досторумдун көрсөткөн туруктуу сүйүүсү мага багынбоого жардам берет».

Мындан көрүнүп тургандай, депрессия менен ооругандар ар тараптуу жардамга, анын ичинде тийиштүү түрдө дарыланууга муктаж. Депрессияны этибарга албай коюу кооптуу; ага маани берип дарыланбаса, өмүргө да коркунуч туулушу мүмкүн. Эки миң жылдай мурун Иса Машаяк: «Дарыгерге... оорулуулар муктаж»,— деп айтуу менен догдурлардын керектүү жардам бере алышарын белгилеген (Мр. 2:17). Чынында эле, догдурлар депрессиядан кыйналгандарга бир топ көмөк көрсөтө алышат *.

Эмнелер жардам болот?

Депрессияны дарылоонун бир нече түрү бар. Кайсы түрү кимге ылайыктуу болору оорунун белгилеринен жана анын канчалык өрчүгөнүнөн көз каранды. (5-беттеги « Депрессиянын түрлөрү» деген кутучаны кара.) Көптөргө үй-бүлөлүк дарыгердин жардамы жетиштүү болушу мүмкүн, бирок айрымдарга атайын ошол тармакта иштеген адистердин жардамы керек. Дарыгер антидепрессанттарды жазып бериши же жардам болорлук дагы башка нерселерди сунуш кылышы мүмкүн. Кээ бирөөлөргө чөп-чардан жасалган дары-дармектер, мүнөз тамак же максаттуу түрдө жасалган дене тарбия көнүгүүлөрү жакшы жардам берет.

Адаттагы көйгөйлөр

1. Чын ниеттен жардам бергиси келген достор. Анча-мынча эле медициналык билими бар же андай билими таптакыр жок достор ооруган адамга жардам берейин деген ниет менен дарылоонун кайсы ыкмасы ылайыктуу болорун, кайсынысы ылайыктуу болбосун айтышы ыктымал. Алар чөп-чардан жасалган дары-дармектерди же догдур жазып берген дарыларды ичүүгө же баарынан баш тартууга байланыштуу өз оюн таңуулашы да мүмкүн.

Кеңеш: Кайсы бир кеңешти кабыл алардан мурун анын ишенимдүү булактан экенине ынан. Баарын таразалап көрүп, акыркы чечимди өзүң чыгарышың керек.

2. Ындыны суу. Дарылануудан эч кандай жылыш болбой жаткандай сезилгендиктен же дары-дармектердин кошумча жагымсыз таасирлеринен улам кээ бирөөлөр ындыны сууп, дарыланууну токтотуп коюшу мүмкүн.

Кеңеш: «Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат»,— делет Ыйык Китепте (Накыл 15:22). Дарылануу жакшы натыйжаларды бериши үчүн бейтап менен догдурдун ортосунда жакшы пикир алмашуу болушу керек. Догдурга тынчсызданууларың тууралуу ачык айтып, өзүңдү кандай сезип жатканыңды түшүндүрүп бер. Дарылануунун башка түрүн колдонуп көрүш керекпи же жакшы натыйжа болгуча чыдап, аны аягына чейин чыгарыш керекпи — баарын тактап сурап ал.

3. Шашылыш жыйынтык чыгаруу. Кээ бирөөлөр дарылана баштаганынан бир нече жума өтүп-өтпөй өздөрүн бир аз жакшыраак сезип калгандыктан дарылануусун токтотуп салышат. Алар, кыязы, дарылана электеги кыйналып жүргөн абалын унутуп калышат.

Кеңеш: Догдур менен кеңешпей туруп, дарыланууну токтотуп салуу кооптуу, атүгүл өмүргө коркунуч туудурат.

Албетте, Ыйык Китеп медициналык эмгек эмес, бирок аны биздин Жаратканыбыз Жахаба Кудай жаздырган. Кийинки макалада депрессия менен ооругандарды жана алардын жакындарын Кудайдын Сөзү кандайча жубата алары, ошондой эле анда кандай жетекчилик камтылганы талкууланат.

[Шилтеме]

^ 3-абз. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун тигил же бул жолдорун жактабайт. Ар бир адам дарылануунун кайсы бир түрүн тандаарда баарын таразалап көрүп, өз алдынча чечим чыгарышы абзел.

[5-беттеги кутуча]

 ДЕПРЕССИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ

Ооруган адамга дарылануунун кайсы ыкмасы жакшы натыйжа берерин билиш үчүн, анын депрессиянын кандай түрү менен ооруп жатканын аныктоо зарыл.

Өтүшүп кеткен депрессия. Көңүл чөгөттүк алты ай же андан көп убакытка созулса жана күнүмдүк иштерди аткарууга тоскоол болуп жатса, бул депрессиянын өтүшүп кеткен түрүнүн белгилери болушу мүмкүн.

Биполярдык бузулуу. Мания-депрессиялык психоз деп да аталат. Депрессиянын мындай түрү менен ооруган адам эмоциялык жактан туруксуз келет: бирде гиперактивдүүлүктү — күч-энергиянын ашып-ташышын — сезсе (мания фазасында), бирде шалдырама басып, жашоого кызыкчылыгы жоголот (депрессия фазасында). (Кара: «Ойгонгула!», 2004-жыл, 8-январь, «Эмоциялык дарт менен күрөшүп жашоо», ор.)

Дистимия. Депрессиянын бул түрүнө узак убакытка созулган көңүл чөгөттүк, чарчап-чаалыгуу, өзүн татыксыз сезүү, уйкунун качышы жана табиттин бузулушу сыяктуу белгилер мүнөздүү. Өтүшүп кеткен депрессиядан жеңилирээк болсо да, адамдын жашоосунун бир калыпта өтүшүнө тоскоолдук кылат. Кээде өтүшүп кеткен депрессиянын белгилери да байкалат.

Төрөттөн кийинки депрессия. Эмоциялык жактан алсыраткан депрессиянын бул түрү көптөгөн аялдарда төрөттөн кийин башталат. (Кара: «Ойгонгула!», 2003-жыл, 8-июнь, «Төрөттөн кийинки депрессия», ор.)

Белгилүү бир жыл мезгилдеринде кармоочу депрессия. Күзүндө же кышында күндүн нурунун жетишсиздигинен улам кармашы мүмкүн. Адатта, жаз же жай келгенде жоголуп кетет.