Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөдөгү аппак коңуз

Дүйнөдөгү аппак коңуз

Өзү жаралганбы?

Дүйнөдөгү аппак коңуз

▪ Эбелек муруттар тукумундагы бул коңуздун (лат. Cyphochilus) дүйнөдөгү аппак коңуз деп аталышы бекеринен эмес. Анын кабыгы кишинин чачынан он эсе жука келген, бири бирине кептелген кабырчыктар менен капталган. «Электрондук микроскоптун жардамы менен бул жандыкты караганда көз алдымда башка бир дүйнө ачылгандай эле болду, өзүнчө эле бир укмуш экен!» — дейт Улуу Британиядагы Эксетер университетинин профессору Пит Вукусич.

Кызыктуусу. Вукусич коңуздун аппапак болуп көрүнүшү пигменттен, башкача айтканда, түс берүүчү клеткалардан көз каранды эмес экенин аныктаган. Көрсө, коңуздун өңүнүн сыры анын кабырчыктарын түзгөн ичке жипчелеринде жана алардын жайгашуусунда экен. Мындай түзүлүштүн аркасында коңузга тийген жарык денесине тегиз жайылат. «Сайенс дейли» гезитинде мындай делет: «Жогорку сапаттагы кагазды, желимди жана айрым боёкторду ошончолук деңгээлде агартыш үчүн, өнөр жайда колдонулуучу атайын минералдар менен эки сыйра каптоого туура келмек».

Окумуштуулардын айтымында, бул коңуздун аппак өңү ага демейде жашаган чөйрөсүнө — ак козу карындардын арасына — сиңип кетүүгө жардам берет. Бирок окумуштууларды тырмактай болгон коңуздун өңү адамдардын пайдасы үчүн, мисалы, аппапак синтетикалык материалдарды иштетип чыгарууга кандайча жардам берери көбүрөөк кызыктырат. Вукусич айткандай, эгер адамдар табияттын бул «технологиясын» өнөр жай тармагында колдонууга үйрөнүшсө, «тишти жана кадимки кагазды агартууда, атүгүл жарыктандыруучу аспаптардын жарыгын жогорулатууда чоң ийгиликтерге жетишмек».

Кандай деп ойлойсуңар? Бул коңуздун кабыгы өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?

[18-беттеги сүрөт]

Бул коңуздун көлөмү тырмагыбыздан чоң эмес

(чоңойтулган)

[Булак]

Department of Entomology, Kasetsart University, Bangkok