Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Дүйнөнүн акыры келгенде аман калыш үчүн эмне кыла аласың?»

«Дүйнөнүн акыры келгенде аман калыш үчүн эмне кыла аласың?»

«Дүйнөнүн акыры келгенде аман калыш үчүн эмне кыла аласың?»

▪ Ыйык Китепте азыркы дүйнөнүн акыры жөнүндө эмне делет? Көптөр дүйнөнүн акырында бүт адамзатты жок кыла турган ядролук согуш болот деп ойлошот. Башкалар аны асман телолорунун кагылышуусу алып келе турган бүлгүндүү табигый кырсык менен байланыштырышат. Бирок, кызыктуусу, Ыйык Китепте дүйнөнүн акырында «эбегейсиз көп адамдардын» аман калары айтылат (Аян 7:9, 10, 14). Аларга кимдер кирет? Сен да алардын арасында боло аласыңбы?

Бул маанилүү суроолордун жообун «Дүйнөнүн акыры келгенде аман калыш үчүн эмне кыла аласың?» деген жалпыга арналган баяндамадан билүүгө болот. Бул баяндама май айынан баштап дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө турган «СЕРГЕК БОЛГУЛА!» аттуу облустук жыйындарда айтылат. Биз силерди жыйынга чын жүрөктөн чакырабыз. Жакын жерде өткөрүлө турган жыйындын дарегин билиш үчүн өзүңөр жашаган аймактагы Жахабанын Күбөлөрү менен байланышсаңар болот же 5-беттеги даректердин бирин колдонуп, ушул журналды чыгаргандарга кат жазсаңар болот.