Жашыруун которуу менен өткөн отуз жыл
Жашыруун которуу менен өткөн отуз жыл
Айтып берген: Она МОцкуте
Мен коомго каршы кылмыш жасады деген айып менен 1962-жылы апрелде Клайпеда шаарындагы (Литва) элге жык толгон сот жыйыны өткөрүлгөн жерде соттолдум. Ага чейин октябрь айында камакка алынгам жана мага Совет бийлигине каршы кылмыш деп эсептелген диний иш жүргүздү деген айып коюлган. Эмесе, кандайча Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын жашыруун которуп калганымды жана ал үчүн эмне себептен кармалып, кийин эркимен ажыратылганымды айтып берейин.
МЕН 1930-жылы Литванын батышында, Балтика деңизинен алыс эмес жерде, төрөлгөм. Мен төрөлгөнгө чейин, апам боюнда бар кезде баласынын кечил болушун тилечү экен. Бирок бир жолу ал мага: «Ыйык Петирдин жана башка жансыз буркандардын алдына барып такыр сыйынбайм»,— деп айткан. Ошону эстеп, чиркөөгө барганда тизе бүкчү эмесмин, анткен менен мектептен үйгө келатканда айкаш жыгачка керилген Машаяктын сөлөкөтүнүн алдында тизе бүкчүмүн.
Кийинчерээк, 1939—1945-жылга чейин созулган Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, бүткөн бойду дүркүрөткөн мыкаачылыктын канчасын көрдүм. Көргөндөрүм жүрөгүмдү сыздатты. Бир жолу, Германия басып кирген күндөрдүн биринде, таежем экөөбүз токойдо жемиш терип жүрүп, кокустан эки чоң аңды жана кандын тактарын көрдүк. Биз бир топ эврейдин, анын ичинде мектептеги дос кыздарым Тиса менен Саранын жакында эле өлтүрүлгөнүн билчүбүз. Ошондуктан таежем экөөбүз алардын баарын ошол эки аңга көмүшкөнүн түшүндүк. Ошондо каңырыгым түтөп: «Оо, Кудай, сен абдан мээримдүүсүң! Бирок мынчалык ырайымсыздыкка эмнеге жол бересиң?!» — деп боздодум.
1949-жылы Клайпедадагы биздин үйгө жакын жердеги орто мектепти бүтүрүп, андан кийин музыка боюнча билим алууну уланттым. 1950-жылы болсо саясий өзгөрүүлөрдү каалаган студенттердин жашыруун кыймылына кошулдум. Бирок көп өтпөй мени сатып жиберишип, 12 киши менен бирге колго түштүм. Ошентип, Клайпедадагы абакка камалдым жана ошол жерден биринчи жолу Жахабанын Күбөсүн жолуктурдум.
Ыйык китептик чындыктарды билишим
Бир күнү биздин камерага орто жашап калган бир аялды алып келип, түртүп жиберишти. Камерада жети кыз элек. Ал бизге карап жылуу жылмайып койду. Мен андан: «Эже, түрмөгө түшкөндөрдүн көбү кайгырчу эле, бирок сиз негедир жылмайып, жайдарысыз. Сизди эмне үчүн камашты?» — деп сурадым.
— Чындык үчүн,— деп жооп берди ал.
— Ал эмне болгон чындык? — деп сурадым мен.
Ал аялдын аты Лидия Пельдзус эле. Ал Жахабанын Күбөсү катары ишеними үчүн камакка алынган немис аял болчу. Экөөбүз рухий темада көп сүйлөшчүбүз. Лидия окуткан
жүрөктү кубанычка бөлөгөн ыйык китептик чындыктар менин жашоомду эле эмес, мени менен бир камерада отурган башка үч кыздын да жашоосун өзгөрттү.Ыйык китептик билимимдин тереңдеши
Совет оккупациясына каршы жашыруун саясий иш жүргүзгөнүм үчүн 25 жылга кесилип, 5 жылга сүргүнгө айдалдым. Түрмөлөрдө жана Сибирдеги лагерлерде жүргөн жылдары жолуктурган Күбөлөрдүн жардамы менен Кудай жөнүндөгү жана анын ой-ниеттери жөнүндөгү билимим тереңдеди. Ал Күбөлөр да, Лидиядай болуп, ишеними үчүн эркинен ажыратылган эле.
Ошол жылдары ыйык китептик билимимди тереңдеткенден тышкары, ишенимим тууралуу башкаларга айтчумун. Кудайга арналганымды билдирип чөмүлтүлүүгө мүмкүнчүлүгүм болбосо да, ал жактагылар жана түрмө башчылары мени Жахабанын Күбөсү деп эсептешчү. 1958-жылы жаза мөөнөтүнүн сегиз жылын өтөгөндөн кийин бошотулдум. Литвага кайтып барганда ден соолугум аябай начар болсо да, Жахабага болгон ишенимим бекем болчу.
Жашыруун котормого киришишим
Ал убакта Литвада саналуу гана Жахабанын Күбөсү калган: көбү түрмөгө отургузулган же Сибирге сүргүнгө айдалган эле. 1959-жылы эки Күбө Сибирден кайтып келди. Алар мага биздин ыйык китептик адабияттарды литва тилине которууну сунушташты. Мен аны сыймык катары көрүп, кубаныч менен кабыл алдым.
Ошентип, 1960-жылы мартта которуу ишине кириштим жана июлда Дубиса дарыясында жашыруун чөмүлтүлдүм. КГБ (Советтер Союзунун Мамлекеттик коопсуздук комитети) тарабынан каршылык көрсөтүлгөндүктөн, өзүмдү камсыз кылыш үчүн жумуш таба албай ата-энемдикинде жашап калдым. Алар менин ишенимим тууралуу жакшы ойдо болчу. Мен атамдын жана кошуна-колоңдун уюн кайтарчумун. Уй жайып жүрүп, которо да берчүмүн. Менин офисим эң эле кооз болчу: отургучум бактын дүмүрү, тегерегим болсо, килем сымал, көк шиберге төшөлгөн, төбөмдө көпкөк асман, ал эми жаза турган үстөлүм тизем эле.
Бирок мал жайып жүрүп которгонум кооптуу экенин түшүндүм, себеби КГБнын агенттери же аларга маалымат жеткирип турган кишилер мени оңой эле байкап калышы мүмкүн эле. Ошондуктан которууга ылайыктуу жай табылгандан кийин, атамдардыкынан көчүп кеттим. Кээде мал сарайларда которгон учурларым болгон. Тосмонун ары жагында мал турчу, бери жагында болсо мен терүү машинкесинде баш көтөрбөй иштеп атчумун.
Ал жерде электр жарыгы жок болгондуктан, мен күндүз иштечүмүн. Машинкенин үнү угулбашы үчүн, сарайдын сыртына атайын жел тегирмен курулган эле. Үйгө кеч киргенде кирип, тамактанчумун. Анан сарайга барып, чөпкө жатып алып уктачумун.
1961-жылы октябрда ал ишим билинип калып, башка эки Күбө менен бирге кармалдым. Натыйжада, сөзүмдүн башында кеп кылгандай, 1962-жылы соттолдум. Биздин ишибиз көпчүлүктүн алдында каралды. Ошонун аркасында көп адамдарга күбөлөндүрүү бере алганыбызга абдан кубандык (Мр. 13:9). Мен үч жылга кесилип, Таллиндеги (Эстония) түрмөгө жиберилдим. Билишимче, ал түрмөгө ошол убакта ишеним үчүн мен эле камалыптырмын. Мага шаар башкаруучулары келгенде, аларга ишенимим тууралуу айтып бердим.
Котормо ишин кайрадан улантышым
1964-жылы Эстониядагы түрмөдөн бошотулуп, Литвага кайтып келдим. Ал жерден биздин адабияттарды которууну уланттым. Көбүнчө орусчадан литва тилине которчумун. Жумуш чачтан көп эле. Мага башкалар жардам беришчү, бирок мен толук күн
иштеген жалгыз котормочу элем. Көп учурда жуманын жети күнү тең таң аткандан күн батканга чейин эмгектенчүмүн. Жахабанын жардамы болбосо, ал ишти эч качан аткара алмак эмесмин.Аткарган ишимдин канчалык маанилүү экенин түшүнгөндүктөн дайыма сак жүрүүгө аракет кылчумун. Ишенимдештерим мени жашыруу үчүн, тамак-аш менен камсыз кылуу жана коргоо үчүн өздөрүнүн да, үй-бүлөсүнүн да коопсуздугун тобокелге салышчу. Андай кызматташтык бизди бири-бирибизге аябай жакындатты. Иштеп жатканымда, мен жашап жаткан үй-бүлөнүн бир мүчөсү шектүү бирөө келатканын билдирип турчу. Ал белги берип, жылытуу системасынын түтүгүн темир бир нерсе менен эки жолу уруп койчу. Аны угар замат эмне кылып жатканымды билдирип коё турган нерсенин баарын ката салчумун.
Мен иштеп жаткан үйдү кимдир бирөө байкап жүргөнүн билип калсак, дароо башка жакка көчүп кетчүмүн. Ал убакта бийликтегилердин уруксаты жок терүү машинкесине ээ болуу олуттуу кылмыш деп эсептелчү, ошондуктан машинкемди жаңы жерге башка бирөө алып барып койчу. Өзүм болсо ал жакка, адатта, түн ичинде барчумун.
Жахаба мени чынында эле коргоп келди. Бийликтегилер эч бир далил таба алышпаса да, эмне кылып жатканымды билишчү. Мисалы, 1973-жылы сегиз Жахабанын Күбөсү соттолгондо, прокурор мени суракка алды. Ал менден түз эле: «Моцкуте, ушул жылдардын ичинде канча адабият басып чыгарып ийдиң?» — деп сурады.
Мен ал суроого жооп бере албай турганымды айттым. Ошондо ал: «Анда кайсы суроого жооп бере аласың?» — деп сурады.
«Бул ишке байланышы жок суроого жооп бере алам»,— дедим мен.
Жагдайдын өзгөрүшү
1980-жылдардын аягында Литвадагы жагдай өзгөрө баштады. Ошондон тартып бийликтегилерден жашырынбай калдык. Ошентип, 1990-жылы которуу ишине башкалар киришти. Ал эми 1992-жылы 1-сентябрда Клайпедада, мен жашап калган шаарда, чакан котормо офиси ачылды.
Мен которуу ишинде бардыгы болуп 30 жыл эмгектендим жана ошол жылдардын ичинде 16 жерде иштедим. Менин өз үйүм болгон эмес. Ошентсе да биздин ишибиздин жемишин көрүп зор кубанычка бөлөнөм! Бүгүнкү күндө Литвада 3 000дей Жахабанын Күбөсү кызмат кылууда. Учурунда мен сарайларда жана үйдүн чатырларында жашынып жүрүп жүргүзгөн которуу иши азыр Каунас шаарына жакын жайгашкан Литва филиалынын жайлуу офистеринде аткарылууда.
Дээрлик 60 жыл мурун Клайпедадагы түрмөнүн муздак камерасында болгон ошол эң сонун жолугушуу дале эсимде. Ал менин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү! Мен Улуу Жаратканыбыз Жахабага ал жөнүндөгү, анын ой-максаттары жөнүндөгү чындыкты тапканым үчүн жана өмүрүмдү анын эркин аткарууга арнаганым үчүн чексиз ыраазымын.
[21-беттеги кыстырма]
Түрмөдө отурганыбызда Лидия окуткан жүрөктү кубанычка бөлөгөн ыйык китептик чындыктар төртөөбүздүн жашообузду өзгөрттү
[20-беттеги сүрөт]
Менин соттолгонум 1962-жылы Совет гезитине чыккан
[22-беттеги сүрөт]
Эркиндигимди тобокелге салып которгон ыйык китептик адабияттардын айрымдары
[23-беттеги сүрөт]
Түрмөдө мени ыйык китептик чындыктар менен тааныштырган Лидия
1956-жылы Хабаровсктогу (Орусия) лагерде мага Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берген эки Күбө (солдо)
Тыюу салынган убакта мен колдонгон терүү машинкеси