Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажырашуунун өспүрүмдөргө тийгизген залакасы

Ажырашуунун өспүрүмдөргө тийгизген залакасы

Ажырашуунун өспүрүмдөргө тийгизген залакасы

ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ кеңеш берүүчү адистер никеде кыйынчылыкка дуушар болгон жубайларга: «Силер өзүңөрдүн бактыңарды ойлошуңар керек, балдарыңар үчүн тынчсызданбагыла, алар баарына көнөт. Аларга күндө эле урушуп-талаша берген ата-энеси менен жашаганга караганда, ата-энесинин ажырашып кеткени жакшы»,— деп кеңеш беришет.

Бирок мурун ажырашып кетүүнү кеңеш кылган айрым адистер оюн өзгөртүшкөн. Алар азыр: «Ажырашуу согуштай эле залакалуу. Андан эки тарап эле эмес, балдар да жабыр тартат»,— дешет.

Ажырашуу менен эле көйгөйлөр чечилип калабы?

Айрым көп сериялуу фильмдерде ажырашуу тек гана комедия катары көрсөтүлөт. Ал фильмдерде, адатта, күйөөсү менен аялы ажырашып, балдар энеси менен калат. Анан балдардын энеси бала-чакалуу башка бир киши менен баш кошот. Фильмде жума сайын ал жаңы үй-бүлөнүн улам бир болор-болбос кыйынчылыктарга кабылганы жана аларды чечкени 30 мүнөттүн ичинде тамаша аралаш көрсөтүлөт.

Телевизордон үй-бүлөдөгү андай жагдай күлкүлүү көрсөтүлө берет, бирок жашоодо, чынында, такыр башкача. Ажырашуу жубайлардын жана балдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырат. Гари Ньюман өзүнүн эмгегинде мындай деп жазган: «Ажырашуу, адатта, соттошуу менен коштолот: жубайлар бири-бирин сотко беришет. Натыйжада балдарынын кимиси кимде калары, мүлкүнүн кандай бөлүштүрүлөрү жана кайда жашаары алардын эркинде болбой калат. Алардын көйгөйлөрү сот аркылуу чечилиши мүмкүн, чечилбеши да мүмкүн. Ошентип, чоочун бирөө эле, атап айтканда, сот балдарыңарды канча убакытта бир көрүп турарыңарды, мүлктүн канчасы силерде каларын чечип коёт. Өкүнүчтүүсү, ал чоочун киши силер ойлогондой чечим чыгарбайт» («Emotional Infidelity»).

Ажырашуу менен айрым көйгөйлөр чечилсе да, көп учурда башка көйгөйлөр пайда болот. Балким, финансылык абалыңан баштап жашаган жериңе чейин өзгөрүшү мүмкүн, бирок сөзсүз эле жакшы жакка эмес. Анын үстүнө, ажырашуу балдарга да залакасын тийгизет.

Ажырашуу жана өспүрүмдөр

Ажырашуу балдардын, жашы канчада болбосун, жан дүйнөсүн жабыркатат. Бирок айрымдар өспүрүмдөрдү чоңоюп калды, эртеби-кечпи баары бир ата-энесинен кетишет деп ойлошкондуктан, алар ажырашууну оңоюраак көтөрүшөт деп ырасташат. Анткен менен адистердин айтымында, ажырашуу өспүрүмдөргө бир топ эле залакасын тийгизет *. Төмөндө айтылгандарга көңүл буралы.

▪ Өспүрүмдөр чоңойгон сайын кичинекей кезиндегисине караганда өздөрүнө азыраак ишене башташат. Андыктан аларды чоңоюп калды деп ойлоп, көбүрөөк эркиндик берүү жаңылыштык болуп калар эле. Алар дал ушул куракта силердин колдоп-коргооңорго болуп көрбөгөндөй муктаж.

▪ Балдар өспүрүм кезинде достук мамилелерди өрчүтүүгө үйрөнө баштайт. Бирок ата-энеси ажырашып кеткен өспүрүмдөр чыныгы ишенимдүүлүктүн, берилгендиктин, сүйүүнүн бар экенине ишенбей калышат. Алар кийин чоңойгондо кимдир бирөө менен ынак мамиледе болуудан да качып калышы мүмкүн.

▪ Кичинекей балдар ыза болгонун ар кандай жолдор менен билдирет, бирок өспүрүмдөрдүкү коркунучтуураак болушу ыктымал. Алсак, алар кылмышкер болуп кетиши, ичкиликке же баңги затка берилип кетиши мүмкүн.

Бирок бул ата-энеси ажырашкан өспүрүмдөр сөзсүз ушундай көйгөйлөргө кабылат дегенди билдирбейт. Ата-энесинин экөө менен тең жакшы мамиледе болгон өспүрүмдөр, адатта, кыйынчылыктарды оңоюраак көтөрүшөт *. Ошентсе да «ажырашып кеткенибиз балдарга эле жакшы» же «ажырашмайынча ортодогу келишпестиктер чечилбейт» деп ойлоо туура эмес. Чынында, айрымдарга «тажап бүткөн» жубайы менен ажырашканга чейинкиге караганда ажырашкандан кийин акчага, балдарды багууга байланыштуу маселелер боюнча көбүрөөк мамилелешүүгө туура келет. Кандай болбосун, ажырашуу менен жубайлар аңгектен качып, дөңгөккө — бир көйгөйдөн экинчи көйгөйгө — туш болушат.

Үчүнчү сунуш

Үй-бүлөлүк жашооңордо олуттуу келишпестиктер пайда болуп, ажырашуу жөнүндө ойлонуп жатсаңар, ушул макалада айтылгандар тууралуу ой жүгүртүп көргүлө. Ажырашуу менен эле үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн баары чечилип калбайт.

Албетте, бул баарына чыдап жашай бериш керек дегенди билдирбейт. Анда эмне кылыш керек? Эгер үй-бүлөң ыдыраганы турса, балким, жубайың менен болгон мамилеңди жакшыртууга аракет кылып көрөттүрсүң. «Үй-бүлөбүздөгү көйгөйлөр чечилбей калды»,— деп жыйынтык чыгарууга шашпа. Өзүңө төмөндөгү суроолорду берип көр:

▪ Башында жарымдын кайсы сапаттарын жактырдым эле? Ошол сапаттарын азыр да байкаймынбы? (Накыл сөздөр 31:10, 29).

▪ Жубайыма болгон алгачкы сезимдеримди кайрадан жандандыра аламбы? (Ырдын ыры 2:2; 4:7).

▪ Жарым мага кандай мамиле кылбасын, ушул журналдын 3—9-беттериндеги кеңештерди колдонуу үчүн өзүм эмне кылсам болот? (Римдиктер 12:18).

▪ Жубайыма (бетме-бет же кат аркылуу) ортобуздагы мамилени жакшырткым келерин айтамбы? (Аюб 10:1).

▪ Тажрыйбалуу жакын досубуздан мамилебизди жакшыртуу үчүн кеңеш сураймынбы? (Накыл сөздөр 27:17).

Ыйык Китепте: «Акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 14:15). Бул аяттагы принципти жар тандоодо эле эмес, жубайлардын ортосунда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө да колдонууга болот. Бул журналдын 9-бетинде айтылгандай, үлгүлүү үй-бүлөлөрдө да көйгөйлөр болот, бирок алар көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылышат.

Бир мисалга токтололу. Силер машине менен алыскы сапарга чыктыңар дейли. Жолдо аба ырайынын бузулушу, жол тыгыны же жолдордун жабылышы сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарга туш болушуңар ыктымал. Же болбосо адашып кетишиңер да мүмкүн. Андайда эмне кылат элеңер? Кайра үйүңөргө кетип калат белеңер же кыйынчылыктан чыгуунун жолун таап, сапарыңарды уланта берет белеңер? Ошол сыяктуу эле, баш кошкон күнү силер «алыс жолго» чыккансыңар. Ал жолдо кыйынчылыктар болбой койбойт, анткени Ыйык Китепте үй-бүлө кургандардын «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болору» айтылган (1 Корунттуктар 7:28). Демек, үй-бүлөнүн бактысы кыйынчылыктардын болбогонунда эмес, аларды чече билүүдө. Андыктан үй-бүлөңөрдө пайда болгон кыйынчылыктарды чечүүнүн жолдорун таап, «үй-бүлөлүк сапарыңарды» кубанычтуу уланта бергиле. Атүгүл «адашып кетсеңер да», тагыраак айтканда, никеңердеги көйгөйлөр чечилбечүдөй сезилсе да, башкаларга жардам сурап кайрылгыла (Жакып 5:14).

Никени Кудай негиздеген

Никени Кудай негиздегендиктен, жубайлар нике түйүнүнө олуттуу карашы керек (Башталыш 2:24). Көйгөйлөр опол тоодой көрүнгөн учурларда ушул макалада талкууланган кеңештерди эстегиле.

1. Алгачкы сүйүүңдү кайрадан жандандырууга аракет кыл (Ырдын ыры 8:6).

2. Жубайың менен болгон мамилеңди жакшыртуу үчүн өзүң эмне кылсаң болорун ойлон жана ошого жараша иш кыл (Жакып 1:22).

3. Жубайың менен бетме-бет же кат аркылуу кайсы жактан жакшырсаңар болорун ачык, ошол эле учурда жылуу-жумшак сүйлөш (Аюб 7:11).

4. Өзүңө таянба, үй-бүлөңдү сактап калуу үчүн башкалардан жардам сура.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Бул макалада негизинен өспүрүмдөр жөнүндө айтылат, бирок ажырашуунун айынан кичинекей балдар да кыйналат. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарын карагыла: 1997-жыл, 8-декабрь, 3—12-бб., ор.; 1995-жыл, 8-октябрь, 15—23-бб., ор.

^ 13-абз. Бирок ата-энелердин бири үй-бүлөсүн таштап кетсе, же үй-бүлөлүк милдеттерин аткарбаса, же үйүндөгүлөрүнө зордук-зомбулук көрсөтсө, бул дайыма эле мүмкүн боло бербейт (1 Тиметей 5:8).

[19-беттеги кутуча]

«УШУНУСУНДА ЖАҢЫЛБАЙМ»

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, экинчи жолу турмуш кургандардын никеси бузулуп калуу коркунучуна биринчисине караганда көбүрөөк учурайт, ал эми үчүнчү жолкусунда экинчисинен да көбүрөөк коркунуч туулат. Гари Ньюман өзүнүн эмгегинде мунун себебин мындайча түшүндүрөт: «Биринчи никеңерде кыйынчылыктар пайда болуп жатса, кеп жарыңарда эмес, өзүңөрдө. Анткени жубайыңарга ашык болуп калып баш кошконсуңар. Экөөңөр алдыңарга максаттарды коюп, алардын айрымдарына чогуу жеткенсиңер». Анан Ньюман: «Жубайыңардан кутулуп, кыйынчылыкты сактап калгандан көрө, кыйынчылыктан арылып, никеңерди сактап калганыңар дурус»,— деп кошумчалаган («Emotional Infidelity»).

[21-беттеги кутуча]

ЭГЕР АЖЫРАШЫП КЕТСЕҢЕР...

Ыйык Китепте олуттуу себептен улам ажырашууга жол берилет *. Эгер ажырашып кетсеңер, өспүрүм балаңар чүнчүп калбашы үчүн эмне кылсаңар болот?

Өспүрүм балаңар менен ачык сүйлөшкүлө. Эгер мүмкүн болсо, экөөң тең балаңарга баарын түшүндүрүп бергиле. Ага ажырашууну биротоло чечкениңерди айткыла. Балаңарды ажырашып жатканыңарга күнөөлүү эмес экенине жана аны экөөңөр тең жакшы көрөрүңөргө ынандыргыла.

Согуш бүттү, кылычыңарды кынына салгыла. Айрым жубайлар ажырашкандан кийин деле «согуш жүргүзө» беришет. Бир адис айткандай, алар «мыйзамдуу түрдө ажырашса да, бири-бири менен тынчтык келишимин түзүүгө макул болбой, салгылаша берген эки тарапка окшош» болуп калышат. Мунун натыйжасында балдар ата-энесинен алыстагандан тышкары, бири-бири менен тирешип жаткан ата-энесин өздөрүнүн кызыкчылыгына колдоно башташат. Мисалы, баласы энесине: «Атам мага үйгө каалаган убагымда келүүгө уруксат берет, сиз эмнеге антпейсиз?» — деши мүмкүн. Анан баласынын «душман тарапка» ооп кетишин каалабаган энеси анын айтканы менен болот.

Өспүрүм балаңардын кандай сезимде болуп жатканын билгиле. Ата-энеси ажырашкан өспүрүмдөр: «Ата-энем бири бирин жакшы көрбөсө, мени жакшы көрмөк беле?» же «Алар өздөрү тигинтип жатса, мен минте албаймынбы?» — деп ойлонушу мүмкүн. Алардын мындай туура эмес ой жүгүртүүсүн оңдоо үчүн жана өздөрүн коопсуз сезиши үчүн алар менен сүйлөшүүгө көбүрөөк убакыт бөлгүлө. Бирок эмоциялык жардам издеп, балаңарга арыз-муңуңардын баарын айта бербегиле. Ал силердин сырдашыңар эмес, балаңар экенин унутпагыла.

Өспүрүм балаңарды мурунку жубайыңар менен жакшы мамиледе болууга үндөгүлө. Мурунку жубайыңар дагы деле балдардын атасы же энеси бойдон кала берет. Андыктан аны балаңарга жамандай берүү кесепеттүү. Бир китепте: «Балдарына ажырашып кеткен жубайын жамандай берген ата же эне эмнени сепсе, ошону орот»,— деп айтылат («Teens in Turmoil—A Path to Change for Parents, Adolescents, and Their Families»).

Өзүңөргө да кам көргүлө. Кээде көңүлүңөр чөгүшү мүмкүн. Бирок өзүңөрдү такыр эле таштап койбогула. Андайда жакшы күн тартипке кармануу маанилүү. Эгер Исанын жолдоочусу болсоңор, рухий иштер менен алек болгула. Бул силерге жана өспүрүм балаңарга тең салмактуу болууга жардам берет (Забур 17:3; Матай 28:19, 20; Эврейлер 10:24, 25).

[Шилтеме]

^ 38-абз. Ыйык Китепке ылайык, ажырашууга жана башка бирөө менен баш кошууга жубайлардын бири никеден тышкары жыныстык мамиледе болгондо гана жол берилет (Матай 19:9). Күйөөсү же аялы ойноштук кылса, алар ажырашабы, жокпу, туугандары же дагы башка бирөөлөр эмес, күнөөсүз тарап өзү чечет (Галатиялыктар 6:5).

[20-беттеги сүрөт]

Никелешкен күнү берген убадаңарга бек тургула

[21-беттеги сүрөт]

Балаңарды мурунку жубайыңар менен жакшы мамиледе болууга үндөгүлө