Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалгыз бой ата-энелер бактылуу боло алышат

Жалгыз бой ата-энелер бактылуу боло алышат

Жалгыз бой ата-энелер бактылуу боло алышат

АТАСЫ да, энеси да бар үй-бүлөлөр кызыл китепке киргизилчүдөй эле болуп калды. Алсак, Кошмо Штаттарда эле жалгыз бой ата-энелердин саны 13 миллиондон ашат, алардын көпчүлүгү жалгыз бой энелер. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал өлкөдөгү балдардын дээрлик жарымынын өспүрүм курагы жалгыз бой атасы же энеси менен өтөт.

Эгер жалгыз бой эне же ата болсоң, бактылуу боло аларыңа күмөн санаба. Ал үчүн төмөндөгү кеңештерди колдонуп көр.

Терс маанайдан кач. Ыйык Китепте: «Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:15). Албетте, жашоодо өйдө-ылдый боло берет. Бирок, бул аяттан көрүнүп тургандай, адамдын жайдары жүрүшү жагдай-шартынан эмес, маанайынан көз каранды (Накыл сөздөр 17:22). «Балдарым бактысыз болуп калды» же «жашоом оңолбой калды» деп кайгыра берүүдөн пайда жок. Антип ойлоно берсең, көңүлүң чөгүп, ата-энелик милдетиңди аткаруу кыйын болуп калат (Накыл сөздөр 24:10).

Кеңеш: өзүңдүн жагдайыңа карата кээде кандай терс ойлор пайда болорун жаз. Андан соң алардын жанына кантип оң маанай сактай аларыңды жаз. Мисалы: «Мунун баарын көтөрө албайм»,— деген сөздөрдүн тушуна: «Жалгыз бой болсом да, милдеттеримди аткара алам. Муктаж болгондо мага зарыл жардам көрсөтүлөрүнө ишенем»,— деген сыяктуу оң маанайдагы сөздөрдү жазсаң болот (Филипиликтер 4:13).

Акчаңды туура пайдалан. Адатта, жалгыз бой ата-энелердин, өзгөчө, жалгыз бой энелердин көбү акча жагынан кыйналышат. Ошентсе да акчаны туура колдоно билүүнүн аркасында андай кыйынчылыктарды алдын алууга болот. Ыйык Китепте: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат»,— делет (Накыл сөздөр 22:3). Акча жагынан «кырсыкка» кабылбаш үчүн, жакшылап ойлонуштуруу жана пландаштыруу маанилүү.

Кеңеш: акчаны эмнеге корото турганыңды жаз. Бир айдын ичиндеги чыгымдарыңды эсептеп, акчаңдын каякка кетип жатканын аныкта. Акчаңды кандай колдонуп жатканыңды текшер. Башкалардан карыз көп албайсыңбы? Элдин балдарынан кем болбосун деп, балдарыңа кымбат нерселерди сатып бере бербейсиңби? Балдарың чоңойгон болсо, алар менен чогуу отуруп алып акчаны кантип үнөмдөөгө болорун талкуула, балким, алар да жакшы сунуштарды айтышы мүмкүн. Мунун аркасында балдарың акчаны туура колдонууга үйрөнөт.

Мурунку жубайың менен тынчтыкта бол. Мурунку жубайыңды балдарыңа жамандаба. Анын жашоосунда эмне болуп жатканын билиш үчүн, балдарыңды «чалгынчы» катары колдонбо. Мындай кылуунун арты жакшы менен бүтпөйт *. Андан көрө, мурунку жубайың менен балдарды тарбиялоого же алардын жыргалчылыгына байланыштуу дагы башка иштерди талкуулашып алганың оң. Ыйык Китепте: «Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга колуңардан келишинче аракеттенгиле»,— деп айтылат. «Бардык адамдарга» мурунку жубайың да кирерин унутпа (Римдиктер 12:18).

Кеңеш: эмкиде мурунку жубайың менен кандайдыр бир келишпестиктер пайда болсо, ага кесиптешиңе мамиле кылгандай мамиле кыл. Жумушта бардыгы менен, атүгүл көп жактырбаган адамдар менен да жакшы мамиледе болууга умтуласың, чынбы? Ошо сыяктуу эле, мурунку жубайыңа да ошондой мамиле жасоого аракет кыл. Албетте, экөөңөр дайыма эле бир пикирде боло бербешиңер мүмкүн, бирок майда-барат нерселер үчүн чоң уруш чыгаруунун кереги барбы? (Лука 12:58).

Жакшы үлгү бол. Өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Балдарымдын кандай сапаттарды өрчүтүшүн жана кандай маанай сакташын каалайм? Андай сапаттарды жана маанайды өзүм чагылдырамбы?» Маселен, жалгыз бой болгонуңа карабай, өзүңдү жайдары алып жүрөсүңбү же жашоо-турмушуңду ойлоп кейий бересиңби? Мурунку жубайыңдын кылгандарын эстеп бушайман боло бересиңби же жубайыңдын адилетсиз мамиле кылганына карабай, жакшы маанай сактайсыңбы? (Накыл сөздөр 15:18). Албетте, дайыма эле оң маанай сактоо оңой эмес, кээде терс ойлорго алдырышың мүмкүн. Бирок сенин жашоого болгон көз карашың балдарыңдын көз карашына таасир этерин эсиңден чыгарба.

Кеңеш: балдарыңдын ар биринен чоңойгондо, өзгөчө, кайсы үч сапатты көргүң келерин жаз *. Анан балдарың ал сапаттарды өрчүтүшү үчүн, ар бир сапаттын жанына өзүң азыртадан эмне кылсаң болорун жаз.

Өзүңө кам көр. Балдарыңды багам деп жүрүп, өзүңдүн ден соолугуңа да, эмоциялык муктаждыгыңа да кам көрбөй калышың мүмкүн. Бирок мындай болушуна жол бербе. Баарынан мурун рухийлигиңе көңүл бур (Матай 5:3). Машинеге май куйбаса, алыс кете албайт. Анын сыңарындай, өзүңө «май куюп турбасаң», күчүң калбай калат.

«Күлө турган» да, «бийлей турган» да убак бар (Насаатчы 3:4). Эс алууга кетирген убактыңды куру бекер эле кетти деп ойлобо. Анын аркасында кайрадан күч топтоп, сергип каласың. Бул ата-энелик милдетиңди жакшы аткарууга шарт түзөт.

Кеңеш: башка жалгыз бой ата-энелерден өздөрүнө кантип кам көрүп жатканын сура. Жума сайын өзүң жакшы көргөн иштер менен алек болууга убакыт бөл, ошол эле учурда «эмне маанилүүрөөк экенин» унутпа (Филипиликтер 1:10). Эмне менен алек болгуң келерин жана ал иштерди качан кыла аларыңды жаз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн ушул журналдын 18—21-беттериндеги «Ажырашуунун өспүрүмдөргө тийгизген залакасы» деген макаласын карагыла.

^ 11-абз. Бул журналдын 6—8-беттеринде башкаларга урмат-сый менен мамиле кылуу, эстүүлүк көрсөтүү, кечиримдүү болуу сыяктуу сапаттар талкууланат.