Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде ата-энемди жакшыраак биле алам?

Канткенде ата-энемди жакшыраак биле алам?

Жаштардын суроолору:

Канткенде ата-энемди жакшыраак биле алам?

Жессика, ата-энеси жана ата-энесинин достору болуп тамак ичип отурушат. Тамак ичип жатып, досторунун бири Жессиканын апасына: Өткөндө кимди көрдүм дебейсиңби?.. Мектепте окуп жүргөндө сүйлөшүп жүргөн жигитиң Ричардды көрбөдүмбү.

Ал жөнүндө эзели укпаган Жессика колундагы вилкасын түшүрүп жибере жаздап:

— Апа, атам менен таанышканга чейин башка бирөө менен сүйлөшчү белеңиз?! Бул жөнүндө эмнеге такыр айтчу эмессиз? — деп таң калат.

СЕНИН да, Жессикадай болуп, ата-энең жөнүндө жаңы бир нерселерди билип, таң калган учурларың болду беле? Андай болсо, ата-энемде дагы кандай сырлар жашырылып жатат болду экен деген ойлор болгондур.

Ата-энең жөнүндө айрым нерселерди билбегениңе эмне себеп болушу мүмкүн? Алар тууралуу көбүрөөк билүүдөн кандай пайда ала аласың? Ата-энеңди жакшыраак билүү үчүн эмне кылсаң болот?

Ата-энеңди жакшыраак билүүгө умтул

Эмне себептен ата-энең жөнүндө айрым нерселерди билбешиң мүмкүн? Буга алардан өзүнчө жашаганың себеп болушу ыктымал. «Ата-энем сегиз жашымда эле ажырашып кетишкен. Ошондон тартып атам менен көп көрүшпөйбүз. Мен ал жөнүндө көп нерселерди билгим келет»,— дейт 22 жаштагы Жейкоб *.

Бирок ата-энең менен чогуу турган күндө да, алар тууралуу айрым нерселерди билбешиң мүмкүн. Эмне үчүн? Алар, бардык адамдардай эле, мурда кетирген каталарын айтуудан уялышы мүмкүн (Римдиктер 3:23). Же болбосо: «Жаш кезде кетирген каталарыбызды айтсак, балдарыбыз бизди сыйлабай калат же теңтуш көрүп, өзүн өтө эле эркин сезип кетет»,— деп тынчсызданышы ыктымал.

Же балким, айрым нерселер тууралуу кеп козголбогондуктан ата-энең алар тууралуу айтпай жүргөндүр. «Баарынан кызыгы, ата-энең менен чогуу жашап жүрүп эле алар тууралуу көп деле эч нерсе билбей жүрө беришиң мүмкүн экен»,— дейт Камерон аттуу бир жигит. Ата-энең жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн демилгени колго алууга эмне үчүн болбосун? Мунун бери дегенде эле кандай төрт пайдасы бар экенин карап көрөлү.

1-пайдасы: бул ата-энеңе жагымдуу болушу мүмкүн. Ата-энең сенин алар жөнүндө көбүрөөк билгиң келип жатканын көрүп, кубанары шексиз. Ким билет, балким, ушундан улам ата-энең сени мурдагыдан да жакшыраак түшүнө баштайттыр (Матай 7:12).

2-пайдасы: ата-энеңди жакшыраак түшүнө баштайсың. Мисалы, ата-энеңдин мурда акча жагынан кыйналып жашаганын билсең, алардын эмне себептен үнөмчүл болууга аракет кылып жатканын түшүнө аласың.

Ата-энеңди түшүнүү өзүң үчүн да пайдалуу. Коуди аттуу бир жигит мындай дейт: «Ата-энемдин көз карашын билүүнүн аркасында айта турган сөздөрүм аларга кандай таасир этерин эске алам» (Накыл сөздөр 15:23).

3-пайдасы: аларга сырларыңды айтуу оңоюраак болуп калышы мүмкүн. «Жактырып калган жигитим тууралуу атама айтуу кыйын болду,— дейт 18 жаштагы Брижит аттуу бир кыз.— Акыры, атама ал тууралуу айтсам, атам өзүнүн биринчи жолу бир кызды сүйүп калганда кандай сезимде болгонун, анан ал кыз менен кантип мамилесин үзгөнүн, кандай кыйналганын айтып берди. Атам өзү жөнүндө ачык айтып бергендиктен, мен да ага өзүмдүн жагдайымды жакшыраак түшүндүрүп бере алдым».

4-пайдасы: көп нерсеге үйрөнөсүң. Ата-энеңдин башынан өткөндөрүн билүү сага кыйынчылык-көйгөйлөрүң менен күрөшүүгө жардам берет. «Мен ата-энемдин денелик, эмоциялык жана рухий муктаждыктары ар кандай болгон биздин чоң үй-бүлөгө кантип кам көрүп келгенин билгим келет,— дейт 16 жаштагы Жошуа.— Алардан бул жагынан көп нерсеге үйрөнсө болот деп ойлойм». Ооба, Ыйык Китепте: «Даанышмандык карыларда, акыл көп жашагандарда болот»,— деп бекеринен айтылган эмес (Аюб 12:12).

Демилгени колго ал

Ата-энеңди жакшыраак билүү үчүн эмне кылсаң болот? Төмөндө буга байланыштуу бир нече сунуш берилет.

Ылайыктуу жагдай танда. Ата-энеңди атайы маек курууга чакыргандан көрө, кандайдыр бир иштер менен алек болуп жатып сүйлөшүү алда канча жагымдуу болушу мүмкүн. Мисалы, чогуу ойноп же чогуу кандайдыр бир иш кылып жатканда, бир жакка баратканда мүмкүнчүлүктөн пайдалансаң болот. Жогоруда сөз кылынган Коуди мындай дейт: «Ата-энем менен алыс бир жакка баратканда алар менен сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Албетте, андайда музыка угуп же уктап кете берсең деле болот, бирок ал убакытты ата-энем менен сүйлөшүүгө коротконум пайдалуураак деп эсептейм».

Суроо бер. Жагдай туура тандалган күндө да, апаң өзүнөн өзү эле жаш кезинде сүйлөшкөн жигити жөнүндө же атаң чоң атаңдын машинесин кантип сүзүп алганы тууралуу айтып кирбеси анык. Бирок ушу сыяктуу нерселер жөнүндө сурасаң, алар айтып бериши мүмкүн. (Кандай суроолордун берсе болорун  12-беттеги кутучадан кара.)

Ийилчээк бол. Сүйлөшүп жатканда маек бат эле башка сөзгө ооп кетиши мүмкүн. Андайда берген сурооңо жооп алгың келип, сөздү кайра бурууга аракет кылышың ыктымал. Бирок андай кылууга шашпа! Сенин максатың жөн гана маалымат топтоо эмес, ата-энең менен ынак мамиле өрчүтүү экенин эсиңден чыгарба. Ал эми ата-энең менен болгон мамилеңди чыңдоонун эң жакшы жолдорунун бири — аларга кызыктуу болгон темада сүйлөшүү (Филипиликтер 2:4).

Кыраакы бол. «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет»,— делет Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 20:5). Ата-энең менен алар көп сүйлөшкүсү келбеген темада сөз баштоо үчүн «акылдуу», тагыраак айтканда, кыраакы бол. Маселен, атаң сендей кезинде кандай каталарды кетиргенин жана азыр ошондой жагдайларга туш болсо, эмне кылмактыгын билгиң келеттир. Бирок ал тууралуу кеп козгоордон мурун: «Сизден бир нерсе сурасам болобу?» — деп сурап көрөттүрсүң.

Сезимдерин эске ал. Ата-энең сага өздөрү жөнүндө айтып жатканда, сүйлөгөнгө шашпай, «укканга даяр бол» (Жакып 1:19). Ата-энеңди шылдыңдаба. «Коюңузчу, сиз ушинттиңиз беле?!» же «Эмне эле мени катуу кармайт десе...» деген сыяктуу сөздөр ата-энеңе катуу тийип калышы мүмкүн, анан алар сага экинчи өздөрү тууралуу айтпай калышы ыктымал. Ошондой эле ата-энеңдин жаш кезинде кетирген каталары тууралуу башкаларга айтпаганың жакшы.

Эч качан кеч эмес!

Эгер эне-атаң менен чогуу турсаң, аларды жакшыраак билүүгө жогоруда айтылган кеңештер жакшы жардам береттир. Бирок алардан өзүнчө турсаңчы? Анда деле ошол эле принциптер жардам берет. Ал принциптер атүгүл жашоодогу ар кандай жагдайдан улам алыстап калган атаң же апаң менен да жакын мамиледе болууга көмөк кылат. Жогоруда сөз кылынган Жейкоб, өзүнчө жашаса да, буга толук кошулат. Ал: «Атам жөнүндө жакында эле көбүрөөк биле алдым. Бул мен үчүн аябай кубанычтуу болду»,— дейт.

Ооба, ата-энең менен чогуу жашайсыңбы же өзүнчө турасыңбы, алар тууралуу көбүрөөк билүүгө эч качан кеч эмес. Анда ушул макаладагы пайдалуу кеңештерди колдонууга эмне үчүн болбосун?!

[Шилтеме]

^ 9-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Ушул макалада сөз кылынган темалардын кайсынысы тууралуу ата-энең менен сүйлөшкүң келет?

▪ Ата-энеңди жакшыраак билүү өзүңдү жакшыраак түшүнүүгө кандайча жардам берет?

[12-беттеги кутуча/сүрөт]

Ата-энеңе кандай суроолорду берсең болот?

 НИКЕ. Апам (же атам) экөөңөр кантип тааныштыңар эле? Экөөңөргө бири-бириңердин эмнеңер жакчу эле? Жаңы үйлөнгөндө каякта жашачу элеңер?

БАЛАЛЫК. Кайсы жерде төрөлдүңүз эле? Бир туугандарыңыз менен кандай мамиледе элеңиз? Чоң атамдар (же таятамдар) силерди катуу кармачу беле же анча деле эмеспи?

МЕКТЕП. Жакшы көргөн сабагыңыз кайсы эле? Жаман көргөн сабагыңызчы? Кайсы сабактан берген мугалимиңизди баарынан жакшы көрчү элеңиз? Эмне үчүн?

ЖУМУШ. Эң башында кайсы жерде иштечү элеңиз? Ал жумуш сизге жакчу беле? Каалаган жумушту танда десе, кандай жумушту тандайт элеңиз?

КЫЗЫККАН НЕРСЕЛЕР. Каалаган өлкөгө барууга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, кайсы жерге бармак элеңиз? Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, кайсы өнөрдү өздөштүрөт элеңиз?

РУХИЙЛИК. Чындыкты кантип тааныдыңыз эле? Эмнеден улам Ыйык Китепке ишенип калдыңыз эле? Ыйык китептик принциптер боюнча жашай баштаганда кандай кыйынчылыктарга кабылгансыз?

БААЛУУЛУКТАР. Жакшы досторду табыш үчүн эмне кылыш керек? Бактылуу жашоо өткөрүш үчүнчү? Никеде бактылуу болуш үчүнчү? Сизге берилген кеңештердин ичинен кайсы кеңеш өзгөчө пайдалуу болду эле?

Кеңеш: ушул суроолордун айрымдарын тандап алып, ата-энеңдин аларга эмне деп жооп берерин ойлонуп көр. Анан ата-энеңе ал суроолорду берип, жообун өзүңдүн божомолдоолоруң менен салыштырып көр.

[11-беттеги сүрөт]

Ата-энеңден жаш кезиндеги сүрөттөрүн көрсөтүшүн сурансаң, жагымдуу пикир алмашууга шарт түзүлөт