Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никеге чейин чогуу жашоо туурабы?

Никеге чейин чогуу жашоо туурабы?

Ыйык Китептин көз карашы

Никеге чейин чогуу жашоо туурабы?

КАЙСЫ БИР кийимди кийип көрбөй туруп сатып алат белеңер? Антмек эмес болушуңар керек. Эгер алган кийимиңер чак келбей калса, акчаңар да, убактыңар да бекер коромок.

Көптөр никеге карата ушундай көз карашта. Алар мыйзамдуу түрдө баш кошконго чейин чогуу жашап көрүш керек деп ойлошот. Эгер мүнөздөрү келишпей калса, өздөрү айткандай, эч кандай баш оорусу жок эле каалаган жагына кете беришет.

Балким, алар досунун жубайы тарабынан катаал мамилеге дуушар болуп жатканына же бири-бирин сүйбөгөн жарлардын бактысыз жашоосуна күбө болуп жүргөндүр. Ошондон улам алар никеге турганга чейин чогуу жашап көрүү акылдуулукка жатат деген тыянакка келиши мүмкүн.

Буга карата Ыйык Китептин көз карашы кандай? Бул суроого жооп алыш үчүн, адегенде Кудайдын Сөзүндө нике түзүлүшү тууралуу эмне айтыларын карап чыгалы.

«Бир дене»

Ыйык Жазмада никеге олуттуу кароо керектиги айтылат, себеби нике түзүлүшүн Жахаба Кудай негиздеген (Башталыш 2:21—24). Эң башында эле ал баш кошкон эркек менен аялдын «бир дене» болушун ниет кылган (Башталыш 2:24). Иса пайгамбар да муну бышыктап: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп айткан (Матай 19:6).

Тилекке каршы, айрымдар ажырашып кетишет *. Бирок алардын ажырашып кетиши нике түзүлүшүнүн жаман болгонунда эмес, жубайлардын биринин же экөөнүн тең баш кошкон күнү берген убадасына турбагандыгында.

Бир жубайлардын машинеси бар дейли. Бирок машинесине завод берген көрсөтмөлөргө ылайык кам көрбөгөндүктөн, машинеси бузулуп калат. Буга ким күнөөлүү? Машинени чыгарган заводбу же ага тийиштүү түрдө кам көрбөгөн машиненин ээлериби?

Ушул эле принципти никеге карата колдонууга болот. Жубайлар ортодогу мамилесин чыңдап, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыйык китептик принциптерди колдонууга чечкиндүү болушса, ажырашуу алардын оюна да келбейт. Алар жубайым таштап кетет деп коркпойт, себеби жубайынын баш кошкон күнү берген убадасына бек турарына ишенет. Андай жубайлар никеде бактылуу болушат.

«Бузуктуктан алыс болгула»

Ошентсе да айрымдар: «Никеге чейин чогуу жашоонун эмнеси жаман? Убада берип, баш кошконго чейин бири-бирибизди жакшыраак билип көргөнүбүз нике түйүнүн урматтаарыбызды көрсөтпөйбү?» — деши мүмкүн.

Буга байланыштуу Кудайдын көз карашы ачык-айкын. Ыйык Жазмада: «Бузуктуктан алыс болгула»,— делет (1 Тесалоникалыктар 4:3). Бузуктукка никеден тышкаркы жыныстык мамилелердин бардык түрү кирет. Никеге турбай эле чогуу жашагандар, атүгүл алардын үйлөнөбүз деген максаты бар болсо да, бузуктук кылган болушат. Демек, Кудайдын көз карашы боюнча, мыйзамдуу түрдө никеге турбагандардын чогуу жашаганы туура эмес.

Айрымдар Ыйык Китептин буга байланыштуу көз карашы биздин күндөргө ылайык келбейт деп ойлошу мүмкүн. Анткени көптөгөн өлкөлөрдө, аял менен эркектин баш кошууга ниети барбы, жокпу, никеге чейин чогуу жашаганы кадимки көрүнүшкө айланган. Бирок булар тууралуу ойлонуп көрөлү: никеге чейин чогуу жашагандар үй-бүлөлүк бакыттын сырын табыштыбы? Алар никеде турган түгөйлөргө караганда бактылуураакпы? Никеге чейин чогуу жашап көргөндөр баш кошкондон кийин бири бирине көбүрөөк берилген болобу? Изилдөөлөр андай эмес экенин көрсөтүүдө. Чын-чынында, никеге чейин чогуу жашап көрүп баш кошкондордун ортосунда пикир келишпестиктер көбүрөөк болот жана алардын никеси көп учурда ажырашуу менен аяктайт.

Анткен менен айрым адистер буга макул эмес. Алсак, бир психолог баш кошууга чейин чогуу жашоону чечкендер менен чогуу жашабай эле баш кошкондордун жагдай-шарты ар башка экенин ырастаган. Ал ажырашууга жагдай-шарттардын айырмачылыгы себеп болуп жатканын айткан. Анын ою боюнча, кеп никеге чейин чогуу жашоодо эмес, түгөйлөрдүн «никени баалабаганында».

Ырас, ал психологдун никени баалоо жөнүндө айтканы туура. Бирок ал тек гана Кудайдын никеге карата көз карашын баса белгилөөдө. Ыйык Китепте илгери эле: «Баары никени жогору баалашсын»,— деп айтылган (Эврейлер 13:4). Эгер эркек менен аял бир дене бойдон калабыз деген убадасына бек туруп, никесин жогору баалашса, алардын түйүнү оңой менен «үзүлбөйт» (Насаатчы 4:12).

Макаланын башында кайсы бир кийимди сатып аларда аны кийип көрөрүбүз жөнүндө сөз кылынган. Бирок бул салыштыруу никеге чейин чогуу жашоону эмес, кимдир бирөө менен баш кошордон мурун аны жакшы таанып-билүү үчүн жетиштүү убакыт бөлүүнү билдирет. Көптөр буга маани беришпейт, бирок бул — үй-бүлөдө бактылуу болуунун негизги сырларынын бири.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Ыйык Китепте ажырашууга жана башка бирөө менен баш кошууга жубайлардын бири ойноштук кылганда гана жол берилери айтылат (Матай 19:9).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Эмне үчүн Ыйык Китепте никеден тышкаркы жыныстык мамилелерге тыюу салынат? (Забур 83:12; 1 Корунттуктар 6:18).

▪ Болочок жарыңда кайсы сапаттар болгону жакшы? (Рут 1:16, 17; Накыл сөздөр 31:10—31).

[29-беттеги кутуча]

«ӨЗ ДЕНЕСИНЕ КАРШЫ КҮНӨӨ»

Ыйык Китепте «бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылары» айтылат (1 Корунттуктар 6:18). Акыркы он жылдардын ичинде ЖИКСтен (СПИД) жана жыныстык жол менен жугуучу башка оорулардан жарык дүйнө менен миллиондогондор кош айтышкан. Бул жогорудагы сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктоодо. Андан тышкары, изилдөөлөрдөн айкын болгондой, никеге чейин жыныстык жактан баш аламан жашоо өткөргөн жаштардын арасында депрессияга чалдыгуу жана өзүн өзү өлтүрүү көбүрөөк кездешет. Ошону менен бирге бул көп учурда каалабаган кош бойлуулукка жана бойдон алдырууга алып келет. Мындан Ыйык Китептин адеп-ахлактыкка байланыштуу нормалары эч качан эскирбей турганын көрүүгө болот.