Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

▪ «Кошмо Штаттарда 20 жашка чейинки кыздардын дээрлик ар бир үчүнчүсүнүн боюна бүтөт» (ООРУНУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ БОРБОРЛОРУ, АКШ).

▪ Кошмо Штаттарда үйдөгүлөр тарабынан көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка байланыштуу 420 киши сурамжыланган. Сурамжылоодон алардын онунун дээрлик ар бир үчүнчүсүн үйүндөгүлөрү уруп-сабаганы же дагы башка жолдор менен кордук көрсөткөнү аныкталган («ООРУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА АМЕРИКА ЖУРНАЛЫ»).

Балдар көп тил үйрөнө алышабы?

Көптөгөн ата-энелер, эгер балдары башка тил үйрөнсө, өзүнүн эне тилинде жакшы сүйлөй албай калат деп ойлошот. Бирок Торонтодогу (Канада) нейробиолог Лора-Энн Петитто жетектеген изилдөөчүлөрдүн тобу андай эмес экенин ырасташат. «Адам төрөлгөндө эле бир эмес, бир нече тил үйрөнүүгө жөндөмдүү келет. Себеби анда ошого шарт түзгөн нерв ткандары болот»,— дейт Петитто. Эки тилде сүйлөгөн окуучулар, адатта, бир тилде сүйлөгөндөргө караганда жакшыраак окушат. Ошондуктан «Торонто старда» айтылгандарга ылайык, «ата-энелер балдарынын акыл-эс деңгээлинин жогору болушун кааласа, алардын башка тил үйрөнүшүнө кам көрүшү кажет».

Балдарды порнографиядан коргогула

Интернеттен порнография жана зордук-зомбулук камтылган зыяндуу сайттарды көргөн кичинекей балдардын саны өсүүдө. Немис филологдорунун бирикмесинин төрагасы Хайнц-Питер Мейдингердин айтымында, 12 жаштагы жана андан чоңураак эркек балдар төбө чачты тик тургузган зордук-зомбулук жана порнография камтылган веб-сайттарды каяктан издеп, кантип тапса болорун жакшы билишет. Андай сайттарды көргөн балдардын, мындай караганда билинбегени менен, ой-сезимдерине бир топ эле доо кетет. Ошондуктан Мейдингер ата-энелерди балдарынын эмне жөнүндө ойлонуп жүргөнүнө, компьютерден эмнелерди көрүп жатканына маани берүүгө чакырат.

Ажырашууну «пландаштыруу»

Сиднейде чыккан «Санди телеграф» гезитине ылайык, Австралияда үйлөнөрдө жарынан бир катар шарттарды аткарууну талап кылган нике келишимин түзгөндөр барган сайын көбөйүүдө. Ал келишимде жубайлар ажырашып кете турган болсо, мүлктүн кандайча бөлүштүрүлөрү айтылат. Азыркы көптөгөн келишимдерде жубайлардын баш кошкондон кийинки жашоосуна карата майда-чүйдө иштерге чейин талаптар коюлган. Алсак, андай келишимдерде тамакты ким жасаары, үйдү ким жыйнап-тазалаары, машинени ким айдаары, үй жаныбарларын кармаар-кармабасы, жубайлардын салмагы канчадан ашпашы керектиги, итти ким сейилдетери жана таштандыларды ким чыгарып турары сыяктуу шарттар коюлган. Кристин Жеффресс аттуу бир юрист белгилегендей, андай адамдар «никесинин көпкө созуларына көзү жетпейт сыяктанат».

Балдарга кантип сүйүү көрсөтүш керек?

«Ата-энелик мээримин көрсөтүүнү билбегендиктен, кичинекей балдарына кандай мамиле жасаш керектигине байланыштуу жетекчиликке муктаж болгон ата-энелер көбөйдү»,— делет Польшанын «Ньюсуик Полска» журналында. Андай ата-энелер балдарын кучактоо, алар менен ойноо, аларга ырдап берүү сыяктуу кадимки эле нерселерди билишпейт. Мындай нерселер балдардын туура калыптанышы үчүн абдан маанилүү. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, «Польшадагы үй-бүлөлөрдө балдар менен телевизор көрүү жана дүкөнгө баруу биринчи орунда турат». Ал эми алар менен чогуу ойноо алтынчы орунда турат.