Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгүлүү үй-бүлөлөр. Биринчи бөлүк

Үлгүлүү үй-бүлөлөр. Биринчи бөлүк

Үлгүлүү үй-бүлөлөр. Биринчи бөлүк

«Ойгонгула!» журналынын бул атайын санында буга чейин айтылгандай, үлгүлүү үй-бүлөлөрдө да кыйынчылыктар болбой койбойт. Бул таң калыштуу деле эмес, анткени биз Ыйык Китепте айтылган «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Андыктан ар бир үй-бүлөдө сөзсүз көйгөйлөр болот.

Бирок, белгилей кетчү нерсе, үй-бүлөдөгү бакыт жашоодо баары шайма-шай, телегейи тегиз болгонунан көз каранды эмес. Иса пайгамбар: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу»,— деген (Матай 5:3). Ооба, Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин сезип, Ыйык Китептеги принциптерди колдонгондор, жагдай-шарты кандай болбосун, бактылуу боло алышат. Буга байланыштуу айрым мисалдарды карап көрөлү.

Майып балага кам көрүү. Ыйык Китепте үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын ичинде башкалардын жардамына өзгөчө муктаж болгондорго кам көрүү маанилүү экени баса белгиленет. Анда: «Ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот жана ишенбегендерден да жаман»,— делет (1 Тиметей 5:8).

Ушул журналдын 15-бетинде Түштүк Африкада жашаган Виктор менен анын жубайынын майып баласына 40 жылдан ашуун убакыттан бери кантип кам көрүп келатканы айтылат.

Өгөй ата-эненин колунда чоңоюу. Ыйык китептик принциптер атүгүл өгөй ата-эненин колунда чоңойгондорго да өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготпоого жардам берет. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын жетимдердин жардамчысы экени айтылат (Забур 9:35).

16-бетте Кошмо Штаттарда жашаган Кениатта аттуу кыздын өзүнүн ата-энесин эч качан көрбөгөнүнөн улам эмоциялык жактан кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп келгени жазылган.

Атадан же энеден айрылуу. Ата-энени жоготуу жан дүйнөнү жаралайт. Бирок Ыйык Китеп күйүттү көтөрүүгө жардам берет. Себеби ал китептин жаратманы Жахаба — «ар кандай сооронучтун Кудайы» (2 Корунттуктар 1:3).

17-бетте Австралияда жашаган Анжелага Кудай менен болгон мамилеси оор жоготууну көтөрүүгө кандайча жардам бергени айтылат.

Бардык эле үй-бүлөлөр кандайдыр бир кыйынчылыктар менен күрөшүп келет. Кийинки беттердеги мисалдардан көрүнүп тургандай, ыйык китептик принциптерди жашоосунда колдонгондор ар кандай кыйынчылыктарды оңоюраак көтөрүп кете алышат.

[15-беттеги кутуча]

Майып балага кам көрүү

Айтып берген: Виктор Мейнс, Түштүк Африка

«Эндрю төрөлгөнүнөн тартып эле майып болгондуктан кийимин өзү кие алчу эмес, жууна алчу эмес, жадагалса өзү тамактана алчу эмес. Ал азыр 44тө».

ЭНДРЮ бир жаштан өткөндөн кийин деле баспай жатканда, биз тынчсыздана баштадык. Анан бир жолу ал эсинен танганда, ооруканага алып бардык. Ал жактан анын талма оорусу бар экенин айтышты. Бирок дагы текшерилгенден кийин Эндрюнун кем акыл экени да аныкталды.

Дарылануунун ар кандай ыкмаларын колдонуунун аркасында Эндрюнун эстен танган учурлары азайды. Ал күнүнө үч маал дарынын төрт башка түрүн иччү. Албетте, дарылар анын кем акылдыгын дарылай алган жок. Ал азыр 44тө болсо да, акылы беш-алты жашар баланыкындай.

Догдурлар Эндрюну атайын майыптарга кам көрүүчү жайга тапшырууну сунуш кылышкан, бирок биз макул болгон жокпуз. Кыйынчылыктар болорун билсек да, Эндрюга жакшыраак кам көрүү үчүн аны өзүбүз эле үйдөн кароону чечкенбиз.

Эндрюга башынан эле бүт үй-бүлөбүз менен кам көрүп келебиз. Эки кызым менен уулум да бул жагынан чоң жардам беришти, мен аларга аябай ыраазымын! Ошондой эле биз Жахабанын Күбөсү болгондуктан, ишенимдештерибиз да бир топ колдоо көрсөтүшөт. Кээде алар бизге тамак-аш жагынан жардам беришет. Биз кызматка чыкканда же дагы башка иштер менен алек болуп жатканда, Эндрюну карап турушат.

Биз Ышайа 33:24тө жазылган: «Ошондо тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт»,— деген Кудайдын убадасын дайыма эске салып турабыз. Ошондой эле Кудайдын жаңы дүйнөнү орнотууга, ооруну жок кылууга байланыштуу ой-ниетин аткарарына толук ишенебиз (2 Петир 3:13). Андыктан Эндрюнун айыга турган убагын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Ал убак келгиче Кудайдын Падышалыгын жашообузда биринчи орунга коё берсек, Иса айткандай, зарыл нерселердин баары берилерине шектенбейбиз (Матай 6:33). Биз буга өз тажрыйбабыздан ынанып келебиз. Чын эле, ушул убакка чейин эч нерседен кем болгон жокпуз.

Оорукчал үй-бүлө мүчөсүнө кам көрүү оңой эмес. Андай үй-бүлөлөргө мен, биринчиден, жалындуу жана үзгүлтүксүз тиленишин кеңеш кылам (1 Петир 5:6, 7). Экинчиден, балаңарга бүт мээримиңерди төккүлө жана ал Жахаба Кудайды сүйүүгө үйрөнө албайт деп эч качан жыйынтык чыгарбагыла (Эфестиктер 6:4). Үчүнчүдөн, оорулууга бүт үй-бүлөңөр менен чогуу кам көргүлө. Төртүнчүдөн, балага үйүндөгүлөрдүн сүйүүсү баарынан артык экенин унутпагыла. Албетте, ар кимдин жагдайы ар башка. Бирок биз Эндрюну өзүбүз кароону чечкенибизге эч өкүнбөйбүз. Ал менин эң жакшы көргөн балам.

[16-беттеги кутуча/сүрөт]

Өгөй ата-эненин колунда чоңоюу

Айтып берген: Кениатта Яң, Кошмо Штаттар

«Ата-энеңдин бири өгөй болсо, жок дегенде атаңа же апаңа окшош болосуң. Бирок бакма болсоң, андай эмес. Мен өз ата-энемдин кимисине окшош экенимди да билбейм».

МЕН атамдын кандай киши экенин, апам ким экенин билгим келет. Апам мен боюнда бар кезинде ичип, баңги зат колдончу экен. Ата-энем мени төрөлгөндө эле балдар үйүнө таштап кетишиптир. Анан мени азыркы ата-энем багып алганга чейин эки жылдай бир нече балдар үйүндө болуптурмун.

Балдар үйүндөгү кызматкер менин сүрөтүмдү атама көрсөткөндө эле, ал мени багып алгысы келерин айтыптыр. Мен жаңы апамды көрөрүм менен жакшы көрүп калгам. Аны дароо эле өзүмдүн апамдай көрүп, мени үйгө алып кетишин сурангам.

Кичинекей кезимде туура эмес бир нерсе жасап алсам, ата-энем мени кайра балдар үйүнө алып барып салат деп коркчумун. Ошондуктан жайдары жүргөнгө аракет кылчумун, атүгүл ооруп калбасам экен деп тынчсызданчумун. Суукка урунуп калуудан да сак болчумун. Бирок ата-энем мени жакшы көрөрүнө жана эч качан таштабасына дайыма ынандырчу.

Мага азыркыга чейин айрым учурларда өз ата-энесинин колунда чоңойгон балдардай бактылуу эмесмин деген ойлор менен күрөшүүгө туура келет. Анан айрымдар: «Сени багып алыш үчүн чоң курмандыктарга барган ушундай сонун ата-энең бар экенине ыраазы болушуң керек»,— деп айтышат. Албетте, мен ыраазымын, бирок ушундай сөздөрдү укканда, өзүмдү аябай жаман сезем, мени сүйүү ушунчалык эле кыйынбы деген ойлор келе баштайт.

Өзүмдүн атамдын ким экенин ушул бойдон эч качан билбей каламбы деген ой мени кыйнайт. Кээде: «Апам мени багып-чоңойтуу үчүн ичкенин, баңги зат колдонгонун эмнеге токтотуп коё алган эмес, мен ага такыр эле кереги жок белем?» — деп бушайман болом. Бирок бир туруп аны кайра аяп кетем. Апама жолугууну эңсейм. Ага жолуксам, жакшы жашап жатканымды, мени таштап кеткени үчүн кейибей эле коюшун айтат элем.

Мени багып алган ата-энем — Жахабанын Күбөлөрү. Алардын мага берген эң жакшы белектеринин бири — ыйык китептик билим. Мени Забур 26:10догу: «Мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат»,— деген сөздөр ар дайым сооротот. Бул сөздөрдө калет жок экенине өз тажрыйбамдан ынанып келем. Ошентсе да асыранды болуунун жакшы жактары да бар экен. Маселен, өзүмдүн ата-энемди билбегенимден уламбы, башкалардын тек-жайына, жашоосуна кызыгам. Мен адамдарды аябай жакшы көрөм, бул башкаларга кабар айтууда абдан маанилүү. Жахабанын Күбөсү катары башкаларга Ыйык Китеп тууралуу айтуу мага өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготпоого жана жашоомду маңыздуу өткөрүүгө жардам берет. Көңүлүм чөккөндө башкаларга жардам берүүгө аракет кылам. Адамдарды Ыйык Китептеги чындыктарга окутуунун аркасында көптөр менен ынак мамиле өрчүтө алдым. Ар бир адам өзүнчө сыр сандык: алар менен пикирлешүү мен үчүн абдан кызыктуу.

[17-беттеги кутуча/сүрөт]

Атадан же энеден айрылуу

Айтып берген: Анжела Ратгерс, Австралия

«Атам кайтыш болгондо таянган тоом кулагандай эле болгон. Ал билбеген, ал чече албаган нерсе жок болчу, мен ага толугу менен таянчумун. Эми ал жок».

АТАМ мындан он жыл мурун кайтыш болгон. Анда мен өспүрүм болчумун. Каза болорунун алдында алты ай мурун ага операция жасалган. Операциядан кийин догдур атамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн эмес экенин айтты. Ошондо апам уккан кулагына ишенбей, догдурга ар кандай суроолорду берип жатты. Байкем эстен танды, менин болсо бүткөн боюм калтырап, ичим уйгу-туйгу болуп, эмне болуп жатканымды өзүм да жакшы түшүнбөй жаттым. Атам алты айдан кийин каза болду.

Ошондон кийин бир топ убакытка чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Кайгымды досторум менен бөлүшөйүн эле дечүмүн, бирок аларга байкуш болуп көрүнгүм келчү эмес. Ошондуктан досторума эч нерсени билдирбегенге аракет кылчумун. Бир чети, өзүмдү жайдары алып жүрсөм, алар мени кайгырбай эле жүргөндөй ойлоп калышат деп бушайман болчумун. Бирок чынында аябай кыйналчумун. Досторумдун ошол учурда мага көрсөткөн чыдамдуулугуна баа берем.

Азыр атамды эстеп, көп нерсеге өкүнөм. Ал тирүү болсо, аны кыса кучактап, жакшы көрөрүмдү көбүрөөк айтмакмын, аны менен көп убакыт өткөрмөкмүн. Атам өзүмдү ушинтип жемелей беришимди кааламак эмес экенин билсем да, андай ойлор мага тынчтык бербей келет.

Жахабанын Күбөсү болгондуктан Ыйык Китептеги тирилүү болору жөнүндөгү убада мени сооротот (Жакан 5:28, 29). Мен атамды алыскы бир жакка саякатка кеткендей, бир күнү кайра үйгө кайтып келет деп элестеткенге аракет кылам. Башында башкалардын: «Атаң тирилет»,— деп айтышканы мени жубатчу эмес. Мен атамды кийин эмес, ошондо көргүм келчү! Бирок атамды саякатка кеткендей элестетүү мага күйүтүмдү көтөрүүгө жардам берет.

Ишенимдештерибиз бизге аябай колдоо көрсөтүштү. Бир бир тууган мага атамдын каза болгону тууралуу сүйлөшүүдөн оңтойсуз болуп жүргөнүн, бирок мен жөнүндө, үй-бүлөбүз жөнүндө дайыма ойлонорун айткан. Ошондон кийин анын айткандары тууралуу көпкө чейин ойлонуп жүрдүм. Бизге башкалар эч нерсе айтпаса деле, мен жөнүндө жана үй-бүлөм жөнүндө ойлонушарын түшүндүм. Ал бир туугандын айткандары мени аябай бекемдеген!

Атамдын көз жумганынан төрт ай өткөндөн кийин апам кабарга көбүрөөк чыга баштады. Мен анын кызматтан чоң кубаныч алып жатканын көрдүм. Ошондуктан мен да ага кошулдум. Башкаларга жардам берүү мага күйүттү көтөрүүгө күч берди. Мунун аркасында Жахабанын Сөзүнө жана анын убадаларына болгон ишенимим бекемделди жана бул өзүмдүн кайгыма токтоло бербөөгө көмөк кылды.