Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгүлүү үй-бүлөлөр. Экинчи бөлүк

Үлгүлүү үй-бүлөлөр. Экинчи бөлүк

Үлгүлүү үй-бүлөлөр. Экинчи бөлүк

Ушул журналдын «Үлгүлүү үй-бүлөлөр» деген макаласынын 1-бөлүгүндө айтылгандай, жашоосунда ыйык китептик принциптерди колдонгон үй-бүлөлөр кыйынчылыктарга карабай бекем бойдон кала алышат *. Жахаба Кудай өзүнүн осуяттарына ылайык жашагандарды: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө»,— деп ынандырат (Забур 31:8).

Акча жагынан кыйналганда... Үй-бүлөдөгү уруш-талаштар көп учурда акчанын айынан болот. Бирок ыйык китептик принциптер акчага байланыштуу кыйынчылыктар пайда болгондо оң маанай сактоого жардам берет. Бул тууралуу Иса Машаяк мындай деген: «Эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп жаныңар үчүн жана эмне киериңерди ойлоп денеңер үчүн тынчсызданбагыла... Мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» (Матай 6:25, 32).

Ушул журналдын 23-бетинде Кошмо Штаттарда жашаган Иссахардын жана анын үй-бүлөсүнүн Катрина куюнунан улам үйүнөн айрылганда акчанын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктар менен кантип күрөшкөнү айтылат.

Үй-бүлөдө кимдир бирөө катуу ооруп калганда... Адамдардын баары эле ооруп-сыркоолойт. Оорулардын көбүн айыктырууга болот. Тилекке каршы, айыккыс оорулар да бар. Андай ооруларга үй-бүлөбүздөн кимдир бирөө чалдыгышы мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте Жахабанын ооруп жаткандарды колдоору айтылат (Забур 40:1—3). Жахаба аларга үй-бүлөсү аркылуу кантип кам көрөт?

24-бетте Жапонияда жашаган Хажиме катуу оорууга чалдыккан жубайына кыздары менен кантип кам көрүп жатканы айтылат.

Балаңар чарчап калса... Кичинекей баланын чарчап калышы үй-бүлөнү сыздатпай койбойт. Бирок Жахаба Кудай жакындарын жоготкондордун көз жашын аарчууну убадалап жатат (Аян 21:1—4). Ал жакындарынан айрылгандарды азыртадан эле жубатууда (Забур 146:3).

25-бетте Кошмо Штаттарда жашаган Фернандо менен Дилмага кызы чарчап калганда күйүтүн көтөрүүгө Ыйык Китеп кандайча жардам бергени айтылат.

Кийинки беттердеги мисалдар көрсөтүп тургандай, Ыйык Китепте ар кандай кыйынчылыктарга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам берерлик жетекчилик камтылган.

[Шилтеме]

^ 2-абз. Ушул журналдын 14—17-беттерин карагыла.

[23-беттеги кутуча/сүрөт]

Акча жагынан кыйналганда...

Айтып берген: Иссахар Николс, Кошмо Штаттар

«Катрина куюнунан үйүбүздүн эч нерсеси калбай талкаланып калды. Мен иштеген мектепти болсо бир жарым ай суу каптап турду».

ЖУБАЙЫМ Мишель жана эки жашар кызым Сидни болуп 2005-жылы жайында Сент-Луисте (Миссисипи штаты, АКШ) турчубуз. Жахабанын Күбөсү болгондуктан Мишель экөөбүз кабар айтуу ишине мүмкүн болушунча көбүрөөк катышууга максат койгонбуз. Мен мугалим болуп иштеген мектеп Жаңы Орлеан шаарына (Луизиана штаты) жакын болчу. Жумасына үч күн иштеп, калган убактымды башкаларды ыйык китептик чындыктарга окутууга жумшачумун. Жашообуз өз нугу менен өтүп жаткан. Анан бир күнү эле жаңылыктардан биздин аймактарга Катрина деген куюн келатканын уктук. Биз дароо коопсуз жакка кетүүнүн камын көрө баштадык.

Куюн Сент-Луистеги үйүбүздүн да, Жаңы Орлеандагы мен иштеген мектептин да таш-талканын чыгарды. Камсыздандыруу компаниясы жана өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын аркасында кайра жаңы үйгө ээ болдук. Бирок мага туруктуу жумуш табуу кыйын болду. Ал ортодон аялым булганган суудан оору жугузуп алды. Анын иммундук системасы начарлап кеткендиктен, чиркей аркылуу жуккан Батыш Нил вирусуна да чалдыкты. Бир жагынан камсыздандыруу төлөмү кыстаса, бир жагынан өзүбүздүн да чыгымдарыбыз көбөйүп кетти.

Жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн, акчабызды бардык нерсеге, атүгүл зарыл нерселерге да үнөмдөөгө туура келди. Мен, кандай жумуш чыкпасын, тандабай иштей бердим.

Ачыгын айтсам, үй-жайыбыздан кол жууп калганыбыз биз үчүн оңой болгон жок. Бирок биз аман калганыбызга сүйүндүк. Болуп өткөн окуялардан кийин материалдык нерселердин пайдасы аз экенине толугу менен ынандык. Чынында эле, Иса айткандай, «адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, өмүрү колунда болгон нерселеринен көзкаранды эмес» экен (Лука 12:15).

Ошондой эле башкалар бизден да чоң жоготууларга учураганын көрдүк: айрымдар атүгүл өмүрүнөн да ажырашты. Ошондуктан кырсык болгондон кийин мен жабыр тарткандарды кайраттандырып, колуман келген жардамымды бере баштадым.

Ошол оор убактарда Забур 101:18деги сөздөр бизге күч-кубат берди. Ал жерде Жахаба Кудайдын «алсыздардын сыйынуусуна назарын салары», «алардын жалынуусун жек көрбөй» турганы айтылат. Биз үй-бүлөбүз менен Жахабанын колдоп жактанын сездик!

[23-беттеги кутуча]

2005-жылы Катрина жана Рита куюндары Мексика булуңунун түндүк жээгине чоң бүлгүн салганда, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан тез аранын ичинде 13 жардам берүү борбору уюштурулуп, тамак-аш сакталчу 9 кампа жана күйүүчү май сакталчу 4 кампа курулган. Жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн Америка Кошмо Штаттарынын дээрлик бардык жагынан, ошондой эле 13 ар кайсы өлкөдөн Жахабанын 17 000ге жакын Күбөсү барышкан. Алар миңдеген үйлөрдү оңдоп-түзөшкөн.

[24-беттеги кутуча/сүрөт]

Үй-бүлөдөн кимдир бирөө катуу ооруп калганда...

Айтып берген: Хажиме Ито, Жапония

«Норико ооруганга чейин экөөбүз тамакты дайыма чогуу жасачубуз. Ошол учурлар экөөбүз үчүн аябай жагымдуу болчу. Азыр Норико тамак иче албайт, атүгүл сүйлөй албайт. Ал майыптар коляскасында отурат жана респиратордун жардамы менен дем алат».

ЭКИ МИҢ АЛТЫНЧЫ ЖЫЛЫ май айында жубайым Нориконун сүйлөө жөндөмдүүлүгү начарлай баштады. Көп өтпөй ал тамак да иче албай калды. Сентябрь айында анын амиотрофиялык каптал склерозуна — мээнин жана жүлүндүн нерв клеткаларын жабыркаткан тез өрчүүчү оорууга — чалдыкканы аныкталды. Төрт айдын ичинде эле жашообуз түп-тамыры менен өзгөрдү. Бирок ал кыйынчылыктардын башталышы эле болчу экен.

Убакыттын өтүшү менен Норико тилден калып, оң колу да иштебей калды. Ага операция жолу менен гастростомия деген процедура жасалып, тамак иче алышы үчүн ашказанына түтүк орнотулган, ошондой эле дем алып турушу үчүн трахеостомия (операция жолу менен кекиртекке түтүкчө орнотуу) процедурасы жасалды. Ошондон улам ал таптакыр сүйлөй албай калган. Дайыма бир нерсе менен алек болгонду жакшы көргөн Нориконун ушинтип ооруп калганынан улам өзүн канчалык жаман сезип жатканын түшүнүп жатам. Биз Жахабанын Күбөлөрүбүз, ошондуктан Норико ооруй электе, өзү да, кыздарым да кабар айтуу ишине толук убактысын арнашчу. Азыр Норико респиратор аркылуу дем алат жана көбүнчө төшөктө жатат.

Ошого карабай Норико оорусуна багынып берген жок. Ал респиратор орнотулган майыптар коляскасында отурса да, жыйналыш жолугушууларына катышат. Нориконун кулагы жакшы укпай калгандыктан, ал программадан пайда ала алышы үчүн кызым жыйналышта айтылгандарды чоңураак кылып жазып, ага көрсөтүп турат. Норико толук убакыттуу кызматын токтотсо да, компьютерге туташтырылган атайын аппараттын жардамы менен башкаларга кат жазып, Ыйык Китептеги үмүт берген кабар менен бөлүшөт (2 Петир 3:13; Аян 21:1—4).

Биз Норикого бүт үй-бүлөбүз менен кам көрөбүз. Кыздарым үйдө көбүрөөк болуш үчүн башка жумушка орношушкан. Мурун Норико кылып жүргөн үй жумуштарын азыр үчөөбүз кылабыз.

Кээде Норико эртең менен турганда эле көзүмө чарчаңкы көрүнөт. Ошондо ага: «Бүгүн жаныңды кыйнабай эле койсоң жакшы болот эле»,— деп айткым келет. Бирок Норико Ыйык Китептеги чындыктар менен бөлүшүүнү аябай жакшы көрөт. Ошондуктан компьютерин даярдап берип жатканымда, анын көздөрү жалындай түшөт. Анан башкаларга кат жаза баштаганда кадыресе жанданып калат. Норикону көрүп, «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенүү» канчалык пайдалуу экенине ынандым (1 Корунттуктар 15:58).

2006-жылы «Ойгонгула!» журналына чыккан Жейсон Стюарт жөнүндөгү макала Норикого ындынын өчүрбөөгө жардам берип келет. Догдурлар Норикодон эмнеден улам дайыма жакшы маанайда экенине таң калып сурашканда, ал ошол макала тууралуу айткан. Анан биз ал журналдын бир нечесин догдурларга алып барып бергенбиз. Норикого башкаларды Кудайдын Сөзүнө окутуу аябай күч берет.

Норикко экөөбүздүн баш кошконубузга 30 жыл болду, бирок акыркы 3 жылдын ичинде аны мурункудан да баалап калдым. Менин ушундай жубайым бар экенине аябай сүйүнөм!

[25-беттеги кутуча/сүрөт]

Балаңар чарчап калса...

Айтып берген: Фернандо жана Дилма Фрейтастар, АКШ

«Баланын чарчап калышы кандай гана оор болорун сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Андан өткөн кайгы жок».

КЫЗЫБЫЗ Прешес 2006-жылы 16-апрелде чарчап калган. Ал болгону он эле күн жашады. Курсакта жатканына үч ай болгондо анын жүрөгүндө дарт бар экени аныкталды. Төрөлөрүнө аз калганда догдурлар кызыбыздын аз эле жашаарын айтышты. Бул ачуу чындыкты кабыл алуу бизге аябай кыйын болду. Биздин үч кызыбыздын тең дени сак болчу. Андыктан төрөлө турган кызыбыздын көп жашабасына ишене албай жаттык.

Прешес төрөлгөндөн кийин хромосомаларды изилдеген тажрыйбалуу бир адис кызыбызга 5 000 наристенин бири ооруган сейрек кездешкен Эдвардс синдрому деген диагноз койду. Ошондо анын көпкө жашабасы айкын болду. Чүрпөбүздүн өмүрүн сактап кала албасыбызды билгенде өзүбүздү аябай алсыз сездик. Кызыбыздын жанында болгондон башка эч нерсе кыла албасыбызды түшүндүк. Ошондуктан кыска убакытка созулган өмүрүндө анын жанынан чыккан жокпуз.

Он эле күн болсо да Прешес менен болгонубузга аябай ыраазыбыз. Ошол кыска убакыттын ичинде ага үч кызыбыз да, өзүбүз да аябай жакын болуп калдык. Биз аны колубузга алып, сүйлөшүп, кучактап, жыттадык, бири-бирибизге окшоштурдук, болушунча сүрөткө да тарттык. Прешеске диагноз койгон адис күнүгө бизге ооруканага келип турду. Ал киши биз менен кошо ыйлап, кайгыбызды тең бөлүштү. Ал атүгүл Прешести эстеп жүрөйүн деп анын сүрөтүн да тартып алган. Кийин ал бизге ошондой сүрөттөрдүн бирин берди.

Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан биз, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайдын жер бетин бейишке айлантып, өлүм уйкусунда жаткандардын баарын, анын ичинде Прешеске окшогон ымыркайларды да тирилтерине толук ишенебиз (Аюб 14:14, 15; Жакан 5:28, 29). Биз Прешести кайрадан көтөрүп, кучактай турган күндү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. «Бейиш» деген сөздү укканда жүрөгүбүз кадимкидей жылый түшөт! Прешестин Кудайдын эс тутумунда экенин жана азыр кыйналбай уктап жатканын билүү бизди абдан сооротот! (Насаатчы 9:5, 10).