Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-сыры. Берилгендикти сактоо

2-сыры. Берилгендикти сактоо

2-сыры. Берилгендикти сактоо

«Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).

Бул эмнени билдирет? Үлгүлүү үй-бүлөдө жубайлар никесин түбөлүктүү түйүн катары эсептешет. Кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, аны ажырашууга себеп катары көрбөй, көйгөйдү чечүүгө аракет кылышат. Бири бирине берилгендигин сактоого умтулган жубайлар өздөрүн коопсуз сезишет. Алар бири бирине ишенгендиктен, кандай кыйынчылык болбосун, жарынын никени дайыма жогору баалаарына шектенишпейт.

Бул эмне үчүн маанилүү? Берилгендикти сактоону никенин омурткасына салыштырууга болот. Анткен менен никеде келишпестиктер пайда боло берсе, берилгендикти сактоо оор жүккө айланышы мүмкүн. Баш кошуп жатканда «өмүрүбүз өткөнчө бирге болобуз» деген убадалар жөн эле айтылган кургак сөздөргө айланып, натыйжада жубайлардын бири берген убадасын бузууга шылтоо издей баштайт. Балким, алар түзмө-түз жарын таштап кетпейттир, бирок пайда болгон олуттуу көйгөйлөрдү талкуулагандын ордуна, таарынып унчукпай жүрүп алышса, жарын кандайдыр бир мааниде таштап кеткендей болушат.

Кеңеш. Төмөндөгү суроолордун жардамы менен берилгендигиңди канчалык деңгээлде сактап жатканың тууралуу ойлонуп көр.

Жубайым менен катуу урушуп жатканда аны менен баш кошконума өкүнүп кетпейминби?

Жубайымдан башка бирөө жөнүндө кыялдана бербейминби?

Жубайыма «ажырашам», «сенден жакшыраак бирөөнү таап алам» деп айткан учурларым болобу?

Сөздөн ишке. Жубайыңа болгон берилгендигиңди кандай жолдор менен көрсөтө аларың тууралуу ойлонуп көр. (Сунуш: жубайыңды жакшы көрөрүңдү билдирип, кез-кезде ага жылуу сөздөрдү жазып тур, иштеген жериңе анын сүрөтүн коюп ал же жумушуңдан ага күнүгө чалып, дайыма байланышта болгонго аракет кыл.)

Берилгендигиңди кандай жолдор менен көрсөтө аларыңды аныктап алып, кайсынысын кылсаң жубайыңа өзгөчө жагымдуу болорун сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун?

[4-беттеги сүрөт]

Берилгендикти сактоо машинени жолдон чыгып кетүүдөн сактаган тосмого окшош

[Булак]

© Corbis/age fotostock