Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-сыры. Биргелешип иш кылуу

3-сыры. Биргелешип иш кылуу

3-сыры. Биргелешип иш кылуу

«Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат» (Насаатчы 4:9, 10).

Бул эмнени билдирет? Үлгүлүү үй-бүлөдө жубайлар Кудай бекиткен башчылык принцибине карманышат (Эфестиктер 5:22—24). Күйөөсү да, аялы да «меники», «мен» деген сөздөрдү эмес, «биздики», «биз» деген сөздөрдү колдонушат. Биргелешип иш кылган жубайлар өздөрүн бойдок кезиндегидей алып жүрбөйт. Ыйык Китепте жубайлардын «бир дене» деп айтылганы алардын никени түбөлүктүү түйүн катары карашы керектигин эле эмес, бири-бири менен абдан ынак болушу керектигин да билдирет (Башталыш 2:24).

Бул эмне үчүн маанилүү? Эгер жубайлар биргелешип иш кылбаса, кичинекей эле нерсени чоң көйгөйгө айландырып, аны чечүүнүн ордуна бири-биринин кемчиликтерине эле токтоло бериши мүмкүн. Ал эми эриш-аркак болгон жубайларды бири-бирин көздөй учуп келаткан самолёттогу учкучтарга эмес, бир самолётто учуп бараткан учкуч менен анын жардамчысына окшоштурууга болот. Пикири келишпей калса, алар бири-бирин күнөөлөп, жемелеп, өзүн да, жубайын да чарчатпайт, тескерисинче, убактысын көйгөйдү чечүүгө жумшашат.

Кеңеш. Жубайың менен ынак экениңди текшерип көрүү үчүн өзүңө төмөндөгү суроолорду берип көр.

Иштеп тапкан акчамдын баарын «меники» деп эсептейминби?

Кайын журтума сыртымды сала бербейминби?

Жакшы эс алышым үчүн жубайым жанымда жок болушу керек деп ойлоймунбу?

Сөздөн ишке. Жарың менен биргелешип иш кылыш үчүн кандай иш-аракеттерди кылсаң болорун ойлонуп көр.

Бул тууралуу жубайыңдан сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун?

[5-беттеги сүрөт]

Биргелешип иш кылган жубайлар бир самолётто учуп бараткан учкуч менен анын жардамчысына окшош