Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-сыры. Эстүүлүк көрсөтүү

5-сыры. Эстүүлүк көрсөтүү

5-сыры. Эстүүлүк көрсөтүү

«Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун» (Филипиликтер 4:5).

Бул эмнени билдирет? Үлгүлүү үй-бүлөдө жубайлар бири биринин анча-мынча каталарына көз жумуп коюуга даяр (Римдиктер 3:23). Балдарына да өтө катаал мамиле кылышпайт, ошол эле учурда алардын ою менен боло беришпейт. Алар үй-тиричилигине байланыштуу акылга сыярлык эрежелерди коюшат. Балдарына оңдоп-түзөө чараларын колдонуу керек болсо, аларды «чеги менен жазалашат» (Жеремия 30:11).

Бул эмне үчүн маанилүү? Ыйык Китепте айтылгандай, «жогорудан келген акылмандык баарынан мурда... эстүү» (Жакып 3:17). Эгер Кудай жеткилеңсиз адамдардан жеткилеңдикти талап кылбаса, анда жубайлардын бири биринен жеткилеңдикти талап кылганы эстүүлүккө жатабы? Чынында, жубайлардын бири-бирин качан болсо сындай бергени ортодогу мамилени жакшыртмак турсун, таарыныч-нааразычылыктарды көбөйтөт. Андай болбошу үчүн «баарыбыз тең көп жаңыларыбызды» эстен чыгарбаганыбыз абзел (Жакып 3:2).

Жакшы ата-эне балдарын тарбиялоодо акыл-эстүүлүк чагылдырат. Алар балдарына өтө катуу талаптарды коюп, аларды «оңой менен жактырбагандай» түр көрсөтпөйт (1 Петир 2:18). Ошондой эле өспүрүм баласы жоопкерчиликтүү экенин көрсөтүп жатса, ага кайсы бир жактардан эркиндик берет. Алар баласынын ар бир кадамын аңдыбайт. Буга байланыштуу бир эмгекте мындай делген: «Өспүрүм баласынын баскан-турганын текшере берген ата-эне жан алакетке түшүп бийлесе, жаан жаайт деген салтка ишенгендерге окшошуп калат. Андай иш-аракеттер эч кандай жаанды чакыра албайт, болгону, бийлегендердин эле ээсин оодарат».

Кеңеш. Төмөндөгү суроолордун жардамы менен өзүңдү текшерип көр.

Жубайымды акыркы жолу качан мактадым эле?

Жубайымды акыркы жолу качан жемеледим эле?

Сөздөн ишке. Өзүңдү текшерүү үчүн берилген суроолордун биринчисине жооп бере албай, ойлонуп калсаң, ал эми экинчисине дароо эле жооп берсең, балким, үйүңдөгүлөргө талап коюу жагынан көз карашыңды өзгөртүүнү ойлонуп көрөттүрсүң.

Жубайың менен эстүүлүк көрсөтүү жагынан кайсы жактардан жакшырсаңар болору жөнүндө сүйлөшүүгө эмне үчүн болбосун?

Өспүрүм балаң жоопкерчиликтүү экенин көрсөтүп жатса, ага кайсы жактардан эркиндик берсең болорун ойлонуп көр.

Өспүрүм балаңдын үйгө кайсы убакта келиши керектигин аны менен ачык сүйлөшүп алууга эмне үчүн болбосун?

[7-беттеги сүрөт]

Эстүүлүк чагылдырган үй-бүлө мүчөсү башкаларды өткөрүп жиберүүгө даяр болгон жакшы айдоочуга окшош