Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-сыры Кечиримдүү болуу

6-сыры Кечиримдүү болуу

6-сыры Кечиримдүү болуу

«Көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Колосалыктар 3:13).

Бул эмнени билдирет? Үлгүлүү үй-бүлөдө жубайлар өткөн иштен сабак алышат. Бирок алар кек сактап, өткөн ишти козгоп, бири-бирин «качан болсо кечигип жүрөсүң» же «сен мени эч качан укпайсың» деп күнөөлөшпөйт. Күйөөсү да, зайыбы да бири-биринин катасын кечирип коюу, Ыйык Китепте айтылгандай, «даңк» экенине кошулушат (Накыл сөздөр 19:11).

Бул эмне үчүн маанилүү? Кудай бардыгына «боорукердик» менен мамиле кылат, бирок адамдар тууралуу айрым учурларда минтип айтуу кыйын (Забур 85:5). Чечилбеген келишпестиктер топтоло берсе, жубайлардын ортосунда көптөгөн нааразычылыктар туулушу мүмкүн. Натыйжада жубайлар бири-бирин кечире албай калганчалык абалга жетип калышат. Алар өздөрүн кандай сезип жатканын ачык талкуулашпай, таарынычын ичине катып, бири биринин сезимдерине да кайдыгер болуп калышат. Ошентип, экөө тең бири биринен иренжип, өздөрүн бактысыз сезишет.

Кеңеш. Кез-кезде жубайың экөөңдүн баш кошкон же сүйлөшүп жүргөн кезиңердеги сүрөттөрдү көрүп тур. Ортоңордо көйгөйлөр пайда боло электе жарыңды канчалык жакшы көргөнүңдү эстеп, ал сезимдериңди кайрадан жандандырууга аракет кыл. Башында жубайыңды эмне үчүн жактырып калдың эле? Азыр анын кайсы сапаттарын өзгөчө баалайсың?

Жубайыңдын кайсы сапаттарын өзгөчө баалайсың?

Кечиримдүү болуу менен балдарыңа кандай таасир эте аларыңды ойлонуп көр.

Сөздөн ишке. Эмкиде жубайың экөөңөрдүн ортоңордо пикир келишпестиктер пайда болсо, эски жараатты кайра ырбатып, өткөн-кеткенди эске салып кирбеш үчүн эмне кылсаң болорун ойлонуп көр.

Жубайыңа кайсы сапаттарына суктанарыңды айтып, аны мактоого эмне үчүн болбосун? (Накыл сөздөр 31:28, 29).

Балдарыңдын каталарын кечире билүүгө даяр экениңди кантип көрсөтсөң болот?

Балдарың менен кечиримдүү болуу жөнүндө жана кечире билүүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине кандай пайда алып келери тууралуу сүйлөшүүгө эмне үчүн болбосун?

[8-беттеги сүрөт]

Бирөө сенден алган карызынан кутулса деле карызыңды кайра доолай берет белең? Кечиримдүү болуу ушуга эле окшош