Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-сыры. Бекем негиз салуу

7-сыры. Бекем негиз салуу

7-сыры. Бекем негиз салуу

Бул эмнени билдирет? Ондогон жылдар бою бекем турган үйлөр өзүнөн өзү пайда болбогондой эле, бекем үй-бүлөлөр да өзүнөн өзү пайда болбойт. Үй бекем болушу үчүн, анын негизи жакшы болушу талап. Үй-бүлө тууралуу да дал ушуну айтууга болот. Үй-бүлө ынтымактуу, бекем болушу үчүн, анын мүчөлөрү чындап жардам бере турган жетекчиликке карманышы керек.

Бул эмне үчүн маанилүү? Китеп-журналдарда, телеберүүлөрдө үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу толгон-токой кеңештер берилет. Андан тышкары, үй-бүлөлөргө кеңеш берген атайын адистер да бар. Алардын айрымдары келишпестиктерин чече албай жаткан жубайларды чогуу жашай берүүгө чакырса, башкалары ажырашып кетүүгө үндөйт. Бирок андай адистердин үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу өздөрүнүн көз караштары да өзгөрүп турат. Мисалы, 1994-жылы өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн изилдеген бир адис өзүнүн кесиптик жолунун башталышында «балдарга бактысыз ата-энеси менен жашагандан көрө, жалгыз болсо да, бактылуу атасы же энеси менен жашаганы оң» деп ойлочу. «Ыркы кеткен үй-бүлөдө жубайлардын ажырашып кеткени эле баары үчүн жакшы болот деп ойлочумун»,— деген ал. Бирок 20 жылдай убакыт өткөндөн кийин анын көз карашы түп-тамыры менен өзгөргөн. Эми ал «ажырашуу балдардын жан дүйнөсүн бүлдүрүп, жашоосуна өмүр бою так калтырарын» моюнга алууда.

Адамдардын көз карашы өзгөрмө болгондуктан үй-бүлөлүк жашоого бекем негиз боло ала турган кеңештерди Кудайдын Сөзү болуп эсептелген Ыйык Китептен гана табууга болот. Бул журналдын 3—8-беттеринин үстү жагында ыйык китептик принциптердин жазылганын байкаган чыгарсыңар. Ал принциптерди колдонуу менен көптөр үй-бүлөлүк жашоосун бактылуу кыла алышты. Албетте, алар да, башка үй-бүлөлөрдөй эле, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бирок Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондуктан, алардын үй-бүлөсү бекем. Ырас, Ыйык Китептеги кеңештердин чындап эле пайдалуу экени айкын. Анткени аны үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба Кудай жаздырган (2 Тиметей 3:16, 17).

Кеңеш. 3—8-беттердеги аяттарды жазып ал. Ал тизмеге өзүңө керектүү дагы башка аяттарды кошсоң болот. Анан зарыл болгон учурда окуп туруш үчүн, аны оңой жерге коюп кой.

Сөздөн ишке. Үй-бүлөлүк жашооңдо ыйык китептик кеңештерди иш жүзүндө колдон.

[9-беттеги сүрөт]

Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу менен үй-бүлөң ар кандай «бороон-чапкынга» туруштук бере алат