Кандай кыйынчылыктар?
Кандай кыйынчылыктар?
Кандай деп ойлойсуң, азыркы жаштар мурунку муундун жаштарына салыштырмалуу көбүрөөк кыйынчылыктарга дуушар болуудабы? Эгер «жок, андай эмес» дей турган болсоң, анда, сенин оюңча, азыркы жаштар тарыхта бир да муун татып көрбөгөн жыргал турмушта жашап жатышабы?
Көптөгөн өлкөлөрдө медицина мурунку муундун жаштары чалдыгып келген, атүгүл өлүмгө дуушар кылган оорулардын алдын алууда. Илимий-техниканын өнүгүшү менен мурунку жаштар үч уктаса түшүнө кирбеген миң түркүн техника кереметтери жана оюнчуктар пайда болду. Ал эми экономиканын өнүгүшү миллиондогон адамдарды жакырчылыктын тузагынан бошотту. Канчалаган ата-энелер өзүлөрү жетпеген нерселерди балдарына берүү үчүн, башкача айтканда, аларды окутуп, эч нерседен кем кылбай чоңойтуу үчүн кара жанын карч уруп иштешүүдө.
Ооба, азыркы жаштарда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар экени талашсыз. Бирок ошону менен бирге эле алар болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарды башынан кечиришүүдө. Мунун бир себеби учурда адамзат Ыйык Китепте «дүйнө түзүлүшүнүн аягы» деп аталган убакта жашап жатканында (Матай 24:3). Иса пайгамбар акыркы убакта коомдо чоң саясий толкундоолор болорун алдын ала айткан (Матай 24:7, 8). Ыйык Жазмада биз жашап жаткан убак «акыркы күндөр» деп аталып, коомдогу абалдын «өзгөчө оор» болору айтылган (2 Тиметей 3:1). Келгиле, азыркы оор мезгилде өспүрүмдөр туш болуп жаткан кыйынчылыктардын айрымдарына токтололу.
1-кыйынчылык
Пикир алышуунун жетишсиздиги
Кинолордо, телеберүүлөрдө жана журналдарда жаштардын чогуу окуп, чогуу өскөн кыйышпас достору менен жүргөнү көрсөтүлөт. Бирок, чын-чынында, көпчүлүк жаштар тууралуу мындай деп айтууга болбойт.
Кошмо Штаттардагы миңдеген жаштар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодон изилдөөчүлөр Барбара Шнайдер менен Дэйвид Стивенсон жаштардын «салыштырмалуу бир азынын эле бир же бир нече досу болгонун жана алардын достугу узакка созулбаганын»
аныкташкан. Шнайдер менен Стивенсондун айтымында, «көп өспүрүмдөр башкалар менен мамиле түзүшпөйт жана көйгөйлөрүн айтып, сырдаша турган жакын достору да аз».Достору болгон күндө да, алар менен көп убакыт өткөрүшпөйт. Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, көпчүлүк өспүрүмдөр достору менен жолугуп сүйлөшүүгө убактысынын 10го жакын пайызын кетиришсе, 20 пайызын жалгыз өткөрүшөт. Башкача айтканда, үй-бүлөсү же достору менен азыраак убакыт өткөрүшөт. Алар тамактанганда да, бир жакка барганда да, көңүл ачканда да жалгыз болушат.
Улам жаңы чыккан техникалык буюмдардын кеңири жайылышы пикир алышууга ого бетер тоскоолдук кылууда. Мисалы, 2006-жылы «Тайм» журналына чыккан макалада Америкадагы 8 жаштан 18 жашка чейинки балдардын телевизор көрүүгө, кулакчын (наушник) тагынып алып музыка угууга же видео-оюндарын ойноого күнүнө орто эсеп менен алты жарым саат коротушары айтылган *.
Албетте, мурунку муундун жаштары деле музыка угууга жана ойноого көп убакыт кетиришчү (Матай 11:16, 17). Бирок азыркы жаштардын үй-бүлөсү менен пикир алышкандын ордуна компьютерге, телевизорго жана видео-оюндарына ченемсиз убакыт коротушканы өтө залакалуу. Шнайдер менен Стивенсон: «Дайыма жалгыз болгон жаштардын өзүн өзү сыйлоо сезими төмөн, жашоодон көп кубаныч алышпайт, кылган иштери аларды канааттандырбайт жана эч нерсеге көңүлү чаппайт»,— деп билдиришет.
2-кыйынчылык
Жыныстык катнашка барууга кысым көрсөтүлүшү
Өспүрүмдөргө, атүгүл өспүрүм куракка жете элек кыз-балдарга жыныстык катнашка барууга ушунчалык чоң кысым көрсөтүлүүдө. Австралияда жашаган Натан деген өспүрүм: «Мектептеги тааныштарымдын көбү 12—15 жашынан баштап эле жыныстык катнашка барышкан»,— дейт. Ал эми Мексикада жашаган Винбэй аттуу кыз анын мектебиндеги окуучулар жыныстык катнашка барууну кадимки нерсе катары караарын айткан. Ал: «Жыныстык катнашта болуп көрбөгөндөрдү „кызыктай“ деп карашат»,— дейт. Бразилияда жашаган 15 жаштагы Эна болсо: «Мен теңдүүлөр арасында жыныстык катнашка баруу боло жүргөн нерсеге айланып калган. Андыктан бир эле жолу „жок“ дегениң жетишсиз. Андай сунуштарды такай четке кагууга туура келет»,— деп ой бөлүшөт.
Улуу Британияда изилдөөчүлөр ар кандай үй-бүлөдөн чыккан 12 жаштан 19 жашка чейинки миңдеген жаштар арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн. Натыйжада жаштардын дээрлик 50 пайызы адеп-ахлаксыз жашоо өткөрөрү аныкталган. Алардын 20 пайызынан ашууну, болгону, 12 эле жашта болгон. Ошол сурамжылоону жетектеген доктор Дилан Грифитс мындай дейт: «Жаштар үй-бүлөсү, чиркөө жана башка мекемелер тарабынан көзөмөлгө алынбай калгандыктан, ушундай жаман көрүнүштүн курмандыгы болууда».
Жыныстык катнашка барган жаштарды чынында эле жаман көрүнүштүн курмандыгы дешке болобу? 2003-жылы басылып чыккан бир билдирүүдө Роберт Ректор, Лорен Нойз жана Крик Жонсондор өспүрүмдөрдүн көңүл чөгөттүккө дуушар болушу, өз өмүрүнө кол салышы алардын адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөнү менен тыгыз байланышта экенин билдиришкен. Алар 6 500 өспүрүмдүн айткандарын изилдеп көрүшүп, «адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн кыздар андай жашоо өткөрбөгөн кыздарга салыштырмалуу көңүл чөгөттүккө үч эсе, ал эми балдар эки эсе көбүрөөк дуушар болушарын» аныкташкан.
3-кыйынчылык
Ата-энесинин ажырашып кетиши
Кошмо Штаттардагы жаштар үй-бүлө түзүлүшүнүн жана баалуулуктардын кескин өзгөрүшүнөн да жабыр тартышууда. Бир эмгекте: «Акыркы бир нече он жылдыкта бир катар чоң демографиялык өзгөрүүлөр өспүрүмдөрдүн жашоосуна таасир этпей койгон жок»,— делет («The Ambitious Generation—America’s Teenagers, Motivated but Directionless»). «Америкалыктар мурункуга караганда азыраак балалуу болушкандыктан, өспүрүмдөр дээрлик көп бүлөлүү үй-бүлөдөн эмес. Ошондой эле ажырашуулардын саны да жылдан жылга өскөндүктөн, көптөгөн балдар же атасынын, же энесинин колунда чоңоюшат. Баласы он сегизге чыга элек жалгыз бой энелерге иштегенге туура келгендиктен, көпчүлүк учурда өспүрүм балдар кароосуз калышууда».
Атасы же энеси менен эле жашаган балдар да, толук үй-бүлөдөгү балдар да ата-энесинин
жардамына абдан муктаж болуп турган учурда алардын колдоосун көрүшпөйт. Бир нече жылдарга созулган изилдөөдөн 7 000 өспүрүмдүн көбүнүн ата-энеси аларды жакшы көрөрүн билдиришкени аныкталган. Бирок «алардын үчтөн бири гана кыйынчылыкка туш болгондо ата-энесинен жардам алганын айтышкан». Ошондой эле изилдөөгө катышкандардын айткандарынан «өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү кыйынчылыктарга кабылышканда, ата-энелери көмөк көрсөтүүнү каалашпайт» деген ойдо болушканы айкын болгон.Жапонияда материалдык нерселерге умтулуунун аркасында бир кездерде бекем болгон үй-бүлөлөр бузулууда. Социология илиминин профессору Юко Каваниши: «Азыркы учурдагы өспүрүмдөрдүн көбүнүн ата-энеси Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн ондогон жылдар өткөндөн кийин төрөлгөн муунга таандык. Ошол муун экономикалык жетишкендиктер жана оокат-дүнүйөнүн маанилүүлүгү баса белгиленген доордо чоңоюшкан»,— дейт. Мындай ата-энелер балдарына кандай баалуулуктарды өткөрүп бере алышат? Каваниши андан ары: «Бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер балдарынын жогорку билим алышына көп маани беришет. Балдары билим алып жаткан учурда башка нерселер экинчи орунга жылып калат же такыр эле мааниге ээ болбой калат»,— деп сөзүн улайт.
Байлыкка жана жогорку билимге болгон тең салмаксыз көз караш жаштарга кандай таасир этүүдө? Жапонияда жаштарга ийгиликке жетүү керектиги күн сайын таңууланат. Андыктан массалык маалымат каражаттарында киреру деген термин көп колдонулууда. Бул термин жаштар кабылып жаткан оор жагдайды таамай сүрөттөйт. Каваниши: «Балдарга көрсөтүлгөн кысым алардын ачуулуу, орой болушуна алып келүүдө. Мунун себеби ата-энелердин балдарына туура багыт бербегенинде көрүнөт»,— деп түшүндүрөт.
Жакшы нерсеге үмүттөнүүгө себептер
Ооба, биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Бирок Ыйык Китепте акыркы күндөрдө адамдардын өтө оор кыйынчылыктарга эле туш болору айтылган эмес.
Ыйык Китепте жаштарга жашоосун кантип жакшыртса болоруна байланыштуу эң сонун кеңештер берилет. Анын автору Жахаба Кудай жаштардын кыйынчылыктар менен күрөшүүгө үйрөнүшүнө абдан кызыкдар (Накыл сөздөр 2:1—6). Ал алардын бактылуу жашашын каалайт. Ыйык Жазма «жөнөкөйлөргө [«тажрыйбасыздарга», «ЖД»] зээндүүлүк, жаш жигитке билим жана эстүүлүк бериш үчүн жазылган» (Накыл сөздөр 1:4). Келгиле анда, Ыйык Жазмадагы кеңештер жаштарга кандайча жардам берерин карап көрөлү.
[Шилтемелер]
^ 10-абз. Жапонияда өз бөлмөсүнөн чыкпай отура берген өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Андай балдарды хикикомори деп атап коюшкан. Айрымдардын айтымында, Жапонияда хикикоморилердин саны 500 000ден 1 000 000го жетет.
[5-беттеги кыстырма]
Адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн кыздар андай жашоо өткөрбөгөн кыздарга салыштырмалуу көңүл чөгөттүккө үч эсе көбүрөөк дуушар болушат
[Кутуча/6-беттеги сүрөт]
Денеге залал келтирүү
2006-жылкы мамлекеттик отчёттон Британиядагы кокаин колдонгон 11—15 жашка чейинки балдардын саны бир жылдын ичинде эки эсеге көбөйгөнү айкын болгон. 65 000дей бала баңги затты колдонуп көрүшкөнүн айтышкан. Ал эми Голландиядагы 16—24 жашка чейинки жаштардын 20 пайызынан көбү кандайдыр бир деңгээлде ичкиликке берилип кеткендиги же ичкиликтин айынан ар кандай ооруларга чалдыкканы маалымдалат.
Көптөгөн жаштар жан дүйнөсү кыйналып жатканын ар кандай жолдор менен көрсөтүшөт. Алар денесин кескилешет, тиштешет же күйгүзүшөт. Изилдөөчүлөр Лен Остин менен Жули Кортум: «Үч миллион америкалык өзүн өзү жабыркатуудан жапа чегип келет жана 200 өспүрүмдүн бири өзүн өзү жабыркатууну өнөкөт ооруга айландырып алган»,— дешет.
[3-беттеги сүрөт]
Көптөгөн өспүрүмдөрдүн сырдаша турган жакын достору аз