Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай менен дос болгуң келеби?

Кудай менен дос болгуң келеби?

Кудай менен дос болгуң келеби?

● Ушул суроого эмне деп жооп берет элең? Мексиканын Герреро штатынын алыскы аймагында жашаган бир кыз Кудай менен дос болуу мүмкүн эмес деген ойдо экенин айткан. Жахабанын Күбөлөрү ал кызга анын эне тилинде чыккан «Сен Кудайдын досу боло аласың!» деген китепчени көрсөтүшкөн. Ал кыз тлапенек тилиндеги китепчени көргөндө таң калган, себеби ага чейин өзүнүн эне тилинде өкмөт тарабынан басылып чыккан адабияттарды гана көрчү.

Жахабанын Күбөлөрү ага китепче Жараткандын аны жакшы көрөрүнүн далили экенин жана андан Кудай жөнүндө биле аларын айтышкан. Ал кыз дароо китепченин «Кудай сени достошууга чакырууда» деген биринчи сабагын окуй баштаган. Окуп бүткөндөн кийин ал: «Мен Кудайдын досу болгум келет. Силер мага Ыйык Китеп таап бере аласыңарбы?» — деген. Күбөлөр кийинки жолу ага Ыйык Китеп алып келишкенде, кыздын апасы алардан шашпай отуруп, Ыйык Китеп тууралуу көбүрөөк айтып беришин суранган.

«Сен Кудайдын досу боло аласың!» аттуу китепче Мексикадагы 17 индей тилинин бири болгон тлапенек тилине жана дагы башка көптөгөн тилдерге которулган. Дүйнө жүзү боюнча бул китепче 278 тилде, анын ичинде Брайл арибинде басылып чыккан. Аны силер да алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ Бул китепчени ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.