Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сот күнү деген эмне?

Сот күнү деген эмне?

Ыйык Китептин көз карашы

Сот күнү деген эмне?

Ыйык Китепте Кудайдын «жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү белгилеп койгону» айтылат (Элчилер 17:31). Көптөр соттолуудан коркушат? Сен да коркосуңбу?

БИРОК коркууга себеп жок. Анткени сот күнү — адамдардын баары, анын ичинде өлгөндөр да мол баталарды ала турган күн (Матай 20:28; Жакан 3:16). Эмне үчүн сот күнү болушу керек? Ал «күнү» чынында кандай окуялар болот?

Эмне үчүн сот күнү болушу керек?

Кудай адамдарды жер бетине аларды сыноодон өткөрүп, андан соң башка чөйрөгө жайгаштырыш үчүн жараткан эмес. Ал адамдардын жерде түбөлүк жашашын ниет кылган. Алгачкы түгөй денеси жана акыл-эси жагынан жеткилең болсо да, Кудайга каршы чыккан. Натыйжада түбөлүк өмүрдөн айрылып, урпактарына күнөө менен өлүмдү өткөрүп беришкен (Башталыш 2:15—17; Римдиктер 5:12).

Сот күнү миң жылга созулат. Ал күнү адамдар Адам ата менен Обо эне кол жууган нерселерге кайрадан ээ боло алышат *. Жогорудагы аяттан, Элчилер 17:31ден, сот күнү «жер жүзүндө» жашаган бардык адамдарга тиешелүү экенин көрүүгө болот. Сот күнүндө адил деп табылгандар жерде эң сонун шарттарда түбөлүк жашашат (Аян 21:3, 4). Ошентип, сот күнүндө Кудайдын адамдарга жана жерге карата болгон баштапкы ой-ниети ишке ашат.

Кудай сот жүргүзүү үчүн Машаяк Исаны дайындаган. Ыйык Китепте Исанын «тирүүлөр менен өлгөндөрдү соттой турганы» айтылат (2 Тиметей 4:1). Соттоло турган «тирүүлөр» кимдер? Өлгөндөр кандайча кайрадан «жер жүзүнө» тирилишет?

Иса «тирүүлөрдү» соттойт

Биз азыр бул дүйнө түзүлүшүнүн аягында — Кудай бузулган адамдарды жок кылып, жамандыкты жоё турган убак жакындап калган маалда — жашап жатабыз. Соттоло турган «тирүүлөр» бул дүйнө түзүлүшү талкаланганда аман кала тургандарды билдирет (Аян 7:9—14; 19:11—16).

Миң жылга созула турган сот күнүндө Машаяк Иса асмандагы жашоого тирилтилген 144 000 адам менен бирге жер үстүнөн бийлик жүргүзөт. Алар Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде тил алчаак адамдарды жеткилеңдикке жеткирип, падышалар жана дин кызматчылар катары кызмат кылышат (Аян 5:10; 14:1—4; 20:4—6).

Сот күнүндө Шайтан жана анын жин-перилери адамдарга таасир эте алышпайт (Аян 20:1—3). Бирок сот күнү аяктаганда жер бетинде жашаган ар бир адамдын берилгендиги сыналышы үчүн Кудай Шайтанга аларды азгырууга жол берет. Кудайга болгон берилгендигин сактагандар, Адам ата менен Обо энеден айырмаланып, Бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө татыктуу деп табылышат. Ал эми Кудайга каршы чыккандар Шайтан жана анын жин-перилери менен кошо түбөлүккө жок кылынат (Аян 20:7—9).

«Өлгөндөр» соттолушат

Ыйык Китепте айтылгандай, өлгөндөр сот күнүндө тирилтилишет (Матай 12:41). Иса «мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келерин», ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгып, «жакшылык кылгандар өмүр сүрүү үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишерин» айткан (Жакан 5:28, 29). Бирок бул сөздөр өлгөн адамдардын жаны мүрзөлөрдөн чыгат дегенди билдирбейт. Анткени өлгөн адам эч нерсе билбейт жана андан жашоосун уланта турган эч нерсе бөлүнүп кетпейт (Насаатчы 9:5; Жакан 11:11—14, 23, 24). Иса өлүм уйкусунда жаткандарды жерде түбөлүк жашоого тирилтет.

Тирилтилгендер өлгөнгө чейин жасаган иштеринин негизинде соттолобу? Жок. Ыйык Китепте: «Өлгөн адам күнөөсүнөн арылат»,— деп жазылган (Римдиктер 6:7). Жердеги жашоого тирилтилгендер, дүйнө түзүлүшү аяктаганда аман калгандар сыяктуу эле, «өз иштерине жараша» соттолушат (Аян 20:12, 13). Алардын жерде түбөлүк жашаары же жок кылынары тирилтилгенден кийин кылган иштеринен көз каранды болот. Алардын көбү Жахаба Кудай жөнүндө жана анын талаптары тууралуу биринчи жолу угушат. Аларда Кудайдын эркине ылайык жашоого жана түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Сот күнүнөн коркууга себеп жок

Сот күнүндө адамдар Кудай жөнүндө билим алгандан тышкары, алган билимин жашоосунда колдонуп, көптөгөн баталарды ала алышат. Тирилтилген жакындарың менен кайрадан жолукканда сөз менен айтып жеткире алгыс кубанычка бөлөнөрүңдү жана баарыңар жеткилеңдикке жеткен убакты элестете аласыңбы?

Сот күнү аяктаганда Кудай Шайтанга адамдардын берилгендигин сыноого жол берет. Бирок тынчсызданууга же коркууга эч кандай себеп жок. Анткени адамдардын баары акыркы сыноодон өтүүгө даяр болуш үчүн билим алышат. Сот күнүндө Кудайдын ой-ниети толугу менен ишке ашып, Эйден багында Кудайга каршы көтөрүлгөн козголоңдун айынан келип чыккан бардык жамандык жоюлат.

[Шилтеме]

^ 7-абз. Ыйык Китепте «күн» деген сөз ар кандай убакка созула турган мезгилди билдирет. Мисалы, Башталыш 2:4тү карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢ БЕЛЕ?

● Сот күнү деген эмне? (Элчилер 17:31).

● Кимдер соттолушат? (2 Тиметей 4:1).

● Сот күнү канча убакытка созулат? (Аян 20:4—6).

[11-беттеги кыстырма]

Иса Машаяктын башкаруусунда өлгөндөр тирилтилет

[10-беттеги сүрөт]

Тирилтилген жакындарың менен кайрадан жолукканда сөз менен айтып жеткире алгыс кубанычка бөлөнөрүңдү элестете аласыңбы?