Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

«Орусияда ууландыруучу заттардын таштандылары эки миллиард тоннага дейре жетет. Учурда алардан арылуунун натыйжалуу жолу табыла элек» («РИА НОВОСТИ», ОРУСИЯ).

21-кылымда деңиз каракчылары барган сайын күч алууда. Алсак, 2007-жылы «каракчылар кол салган же кол салууга аракет кылган 263 окуя катталган» («УОЛЛ-СТРИТ ЖОРНЭЛ», АКШ).

Спирт ичимдиктеринин бойдо жаткан балага тийгизген зыяны

Бир гезитте белгиленгендей, Германияда спирт ичимдиктеринин айынан жылына 10 000ге жакын бала тубаса майып болуп төрөлүүдө («Süddeutsche Zeitung»). Алардын 4 000дейи олуттуу жана айыккыс дарттар менен төрөлөт. Баңги затка каршы күрөшүү боюнча адис Забине Берсингдин айтымында, «аялга кош бойлуу кезде спирт ичимдигин канча өлчөмдө ичсе баласына зыян келбей турганына байланыштуу белгилүү чек жок». «Биз [боюнда бар аялдын] бир эле жолу спирт ичимдигин ичкени баланын акыл-эсине, ден соолугуна терс таасир этип, анын жүрүм-турумунун начар болушуна алып келерин догдурларга, акушерлерге жана боюнда бар аялдарга түшүндүрүшүбүз зарыл».

Бакчада иштөө ден соолукка пайдалуу

«Изилдөөчүлөр бакчада иштөө аз болобу, көп болобу, ден соолукка биз ойлогондон да зор таасир тийгизерин байкашууда»,— делет бир журналда («Psychology Today»). Изилдөө көрсөткөндөй, «топурактагы микобактериялардын айрым түрлөрү» адамдын организмине тери же аба аркылуу кирип, «иммундук системасын жакшыртат». «Организмге жер-жемиштер кандай пайда алып келсе, топурактагы компоненттер ошондой эле пайда алып келет»,— делет журналда.

Рекорд койгон куш

Кошмо Штаттардын Геологиялык кызматынын (USGS) окумуштуулары «кургак жерде жашаган канаттуулардын ичинен эң узак аралыкты тынбай учуп өткөн куш» катталганын билдиришкен. Алар найза тумшуктардын Тынч океандын үстүнөн учуп өтөр маалында бир нечесине спутник аркылуу байкоо салышкан. Бир ургаачы найза тумшук Аляскадан Жаңы Зеландияга чейин 11 650 километр аралыкты сегиз күн тынбай учуп өткөн. Бир журналда айтылгандай, «ал Жаңы Зеландияга жеткенде 700 граммдай салмагын жоготкон» («The Week»). Найза тумшуктар кайра артка учар маалы келгенде Жаңы Зеландиядан Кытайга, Кытайдан Аляскага учуп, баш-аягы 29 000 километр аралыкты учуп өтүшөт. Геологиялык кызмат билдиргендей, «найза тумшуктар жылына орто эсеп менен 29 000 километр аралыкты учуп өтүшсө, анда бир найза тумшук өмүрү өткөнчө 463 000 километр аралыкты учуп өтөт».

Кактус уурдагандарды кармоо

Аризонадагы (АКШ) Сагуаро улуттук паркынан кактустун сейрек кездешүүчү түрлөрү уурдалууда. «Баары эле эшигинин алдында кактус өсүп турушун каалайт»,— дейт Аризона айыл-чарба министрлигине караштуу атайын изилдөө жүргүзүү боюнча департаменттин адиси Жим Магиннис. Андыктан машинелер менен чөлдөн кактус ташып келе жаткандарды көп учуратууга болот. Уурулар көбүнчө бийиктиги бир-эки метрге жеткен кактустарды уурдашат, себеби алардын баасы миң долларга жетиши же андан да кымбат болушу мүмкүн. Ууруларга каршы күрөш жүргүзүү максатында департамент тарабынан кактустардын ичине микрочиптерди коюу караштырылууда. Атайын шаймандын жардамы менен базарларда сатылып жаткан же өсүмдүктөрдү өстүргөн ишканалардагы кактустар улуттук парктан уурдалган-уурдалбаганын аныктоого болот.