Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Сүрөттү түшүндүр

1. Лука 18:9—14-аяттардагы билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, фарисей кандай адам болгон?

(Төмөндөгү кутучалардын бирин же бир нечесин белгиле.)

❑ Момун ❑ Чын жүрөктөн өкүнгөн ❑ Мактанчаак

2. Салык жыйноочу кандай адам болгон?

(Төмөндөгү кутучалардын бирин же бир нечесин белгиле.)

❑ Момун ❑ Чын жүрөктөн өкүнгөн ❑ Мактанчаак

3. Бул экөөнүн кимиси адилирээк болгон?

ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН:

Фарисейге окшош болуп калбаш үчүн кандай сөздөрдөн же кандай жүрүм-турумдан качышың керек? Салык жыйноочуну кантип туурасаң болот?

Бул санда:

Суроолорго жооп берип, калтырылып кеткен аяттарды жазгыла.

10-БЕТ Кудай бир күндү эмне кылуу үчүн белгилеп койгон? (Элчилер 17:________).

28-БЕТ Эркек менен аял баш кошкондо эмне болот? (Башталыш 2:________).

Исанын ата-бабалары кимдер?

Төмөнкү жардамды колдон. Аяттарды карап чык. Аттарын жаз.

4 ․․․․․

ЖАРДАМ. Мен үч миң накыл сөз айткам жана «бир миң беш ыр» чыгаргам. Оку: 1 Падышалар 4:30—32.

5 ․․․․․

ЖАРДАМ. Мен бөлүнө элек Ысрайылдын акыркы падышасы болгом.

Оку: 1 Падышалар 12:1—3, 16—20.

6 ․․․․․

ЖАРДАМ. Жахабага таянгандыктан менин аскерим сан жагынан аз болсо да, Жаробамдын аскерин талкалаган.

Оку: 2 Жылнаама 13:13—20.

ЖООПТОРУ:

1. Мактанчаак.

2. Момун жана чын жүрөктөн өкүнгөн.

3. Салык жыйноочу.

4. Сулайман (Матай 1:6).

5. Рехабам (Матай 1:7).

6. Абия (Матай 1:7).