Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүмчүлдүккө каршы күрөшүү

Өзүмчүлдүккө каршы күрөшүү

Өзүмчүлдүккө каршы күрөшүү

●ГИБРАЛТАР Пиреней жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан. Ал өзүнүн коогалаңдуу тарыхында далай жолу курчоого алынып, далай жолу жат элге талоонго түшкөн. 2008-жылдын октябрь айында да миңге жакын испандар шаарга «кирип келишкен». Бирок алар согуш жүргүзүү үчүн эмес, тынчтык менен келишкен. Алардын максаты Жахабанын Гибралтардагы Күбөлөрүнүн эки жыйналышына Падышалык залын куруп берүү болчу.

Гибралтардын премьер-министри миңге жакын ыктыярдуу куруучулардын келгенине кубанычта болгон. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн «жергиликтүү коомдун өнүгүшүнө салым кошуп жатканын», ошондой эле «алардын Гибралтарга бир ишти бүтүрүш үчүн көп сандап келгени, болгондо да, өз ыктыяры менен келгени мактоого татырлык» экенин айткан.

Бийлик башындагылар Жахабанын Күбөлөрүнө Падышалык залын курууга ылайыктуу жер бөлүп берип, башынан эле колдоо көрсөтүштү. Бийликтегилерге ушундай кең пейилдик көрсөтүүгө эмне түрткү берген?

Премьер-министр муну мындай деп түшүндүргөн: «Адамдардын Кудайга ишенгени коомдун келечегине жакшы негиз салат деп ишенем. Гибралтарда дин тутуу эркиндиги бар, ошондуктан өкмөт дин тутуу укугунун тебеленишине жол бербөөгө милдеттүү. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнө сыйына турган жай курууга ылайыктуу жер бөлүп бергенибиз коомго эле пайда алып келет».

Анан ал: «Азыр адамдар өзүмчүл болуп баратат, биз бул көйгөй менен күрөшүшүбүз керек. Силердин өз ыктыярыңар менен келип, жигердүү иштеп жатканыңар бул көйгөйдү жеңүү мүмкүн экенин көрсөтүп турат»,— деп кошумчалаган.

Куруу ишинин башталышына катуу шамал тоскоолдук кылса да, Падышалык залын куруу иши дүйшөмбү күнү, курулуштун үчүнчү күнүндө, аяктаган. Куруу ишин көзөмөлдөгөн Секундино Ногал мындай деген: «Ыктыярдуу куруучулардын көбү залды куруп бүтүү үчүн Гибралтарда дагы бир күн калышты. Биз кыйынчылыктарды жеңгенге көнгөнбүз. Биздин куруу ыкмабыз ийилчээктикти, баарынан да жан аябастыкты талап кылат. Мына ошондуктан куруу иши чоң канааттануу тартуулайт» *.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Ал курулуш иши жөнүндө жергиликтүү гезитте: «Гибралтарда эл катуу шамалдын кесепети менен алышып жатканда, Жахабанын Күбөлөрү ыктыярдуу куруучулардан турган кошууну менен үч күндүн ичинде ибадатканасын [Падышалык залын] куруп бүтүп коюшту»,— делген.