Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүмдөр жардамды кайдан ала алышат?

Өспүрүмдөр жардамды кайдан ала алышат?

Өспүрүмдөр жардамды кайдан ала алышат?

Ата-энелердин баары балдарына дайыма туура багыт берип, тарбиялашы керек. Алар балдары менен пикир алмашышы, чогуу тамактанышы, аларга китеп окуп бериши жана аларды түшүнө билиши зарыл. Бирок жеткилең ата-эне жок. Ыйык Китепте: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан»,— деп таамай айтылат (Римдиктер 3:23).

Эгер жаш болсоң, үйүңдөгү жагдай сен ойлогондой болбошу мүмкүн. Ошондой болсо да азыраак тынчсызданып, көбүрөөк кубаныч алуу үчүн көп нерселерди кыла аласың. Кел эмесе, Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу сага кандай жардам берерине токтолуп өтөлү.

1-кеңеш

Обочолонбой, пикир алмаш

«Обочолонгон адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат» (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Айрым жаштар өздөрүн көпчүлүктүн арасында ыңгайсыз сезгендиктен, аларга өзүнчө калып телевизор көрүү же видео-оюндарын ойноо жеңилирээк. Ал эми башкалар ушунчалык уялчаак болгондуктан, көпчүлүктөн качышат. Элизабет аттуу жаш кыз өзүнүн аябай уялчаак экенин айтып, мындай дейт: «Уялчаактык коркунуч сезимине окшош. Мен үчүн кимдир бирөөнүн жанына басып барып, аны менен сүйлөшүү кыйын».

Элизабет уялчаактыгы менен кантип күрөшүп келет? Ал Жахабанын Күбөсү жана Кудайга сыйынуу үчүн жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз барып турат. Ал мындай дейт: «Уялчаактыгыма карабай жыйналышка барган сайын бир киши менен сүйлөшүүнү максат кылып коём. Эгер ойлогонумдай болбой калса, көңүлүмдү чөгөрбөйм. Анын ордуна, жасап жаткан ийгиликтериме көңүл бурам. Башкалар менен жакшыраак таанышуудан пайда алып жатканымды түшүнөм».

Жакыныраак таанышкың келген эки же үч кишинин ысмын жазып алууга эмне үчүн болбосун? Келе жаткан жумаларда же кийинки жумаларда алардын бири жөнүндө көбүрөөк билүүнү максат кылып кой. Анан ошол айдын ичинде жакыныраак таанышкан кишиңе кандай жагымдуу нерсе кылсаң болору жөнүндө жазып алып, аны ишке ашыр (Элчилер 20:35).

Эгер уялчаактык менен күрөшпөй, элден обочолоно берсең, өзүң жөнүндө эле ойлонуп каласың. Ал эми Ыйык Китепте: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деген кеңеш камтылат (Филипиликтер 2:4). Үйдөгүлөрүң жана тааныштарың менен мамилелешүүдө ушул принципти колдонсоң, өзүңдүн көйгөйлөрүңө тең салмактуу карап, аларды оңоюраак чече аласың.

2-кеңеш

Адеп-ахлаксыз иштерден кач

«Бузуктуктан качкыла. Адам кылышы мүмкүн болгон башка күнөөлөрдүн баары денесинен тышкары болот, ал эми бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылып жүрөт» (1 Корунттуктар 6:18). Жаштар адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан дүйнөдө сага жыныстык катнашка барууга кысым көрсөтүшсө, кантип каршы тура аласың?

Биринчиден, кысым көрсөтүлгөнгө же азгырык болгонго чейин эле бул туурасында ойлонушуң керек. Кудай Сөзүндө: «Акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— делет (Накыл сөздөр 14:15). Түштүк Африкада жашаган Мбали аттуу кыз мындай деп ой бөлүшкөн: «Мектепте чогуу окуган бир классташым, жолугушууга чакырып, жанымды койчу эмес. Ал модель болуп иштеген, мектептин футбол командасында ойногон жакшынакай бала болгондуктан, классташ кыздарым аны менен жүрүп албайсыңбы деп тажатышчу. Анын жакшынакай бала экендигин танчу эмесмин, бирок мен адеп-ахлак нормаларына бекем карманууга чечкиндүү болчумун. Менин теңтуштарым жыныстык катнашка баруунун эч жаман жери жок деп эсептешчү. Бирок мен эмне жаман, эмне жакшы экенин билгендиктен мындай кысымга туш болгонго чейин эле эмне кыларымды алдын ала чечип алгам».

Экинчиден, адеп-ахлак нормаларына бекем кармануу үчүн Кудайга жардам сурап тилен. Англияда жашаган Мэгги: «Жыныстык катнашка барууга кысым көрсөтүшкөндө, туруштук берүүгө Кудайга тиленүү жардам берет. Мен эч качан өз күчүмө таянбайм. Ошондой эле бул жөнүндө ата-энем менен, кээде рухий жактан жетилген досторум менен сүйлөшөм»,— дейт.

3-кеңеш

Ата-энеңди түшүнүүгө аракет кыл

«Баарыңар бир ойдо болгула, бири-бириңерге боор ооруу менен мамиле кылгыла, биртуугандык сүйүү көрсөткүлө, өзгөчө боорукер... болгула» (1 Петир 3:8). Эгер ата-энең ажырашканы турса же алар эртеден кечке чейин иштеши керек болсо, жагдайды өзгөртө албайсың. Бирок бир нерсе кылуу колуңдан келет. Тактап айтканда, ушундай кыйынчылыктар ата-энең менен болгон мамилеңе терс таасирин тийгизбеши үчүн, кандайдыр бир чара көрө аласың.

Эмбер деген жаш кыз жашоосунда ушул кеңешти колдонот. Бирок кээде апасы экөө бири-бирин түшүнбөй, мамилелери келишпей калган учурлары болорун айтат. Анткен менен ал мындай дейт: «Апамдын башынан көп кыйынчылыктар өткөн. Төртөөбүздү жалгыз өзү чоңойтту. Ал бизди баш калкалаар жай, тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылып келди. Апам ушунчалык кайраттуу. Мен ага аябай суктанам жана кыйынчылыктарды мен да, апамдай болуп, көтөрүп кетсем дейм».

Өзүңдү ата-энеңдин ордуна коюп, алардын сезимдерин түшүнүүгө аракет кылып көрүү сага көйгөйлөрүңө башкача кароого жардам берет. Ошондой эле алардын жакшы сапаттарын көрүп, алардан үлгү ала аласың.

Даанышман кеңештердин булагы

Жогоруда Ыйык Китептеги даанышман кеңештердин айрымдарына гана токтолдук. Ыйык Китепти канчалык жакшыраак билген сайын, андагы кеңештерди ошончолук баалай баштайсың *.

Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, алар менен Ыйык Китепти изилдесең болот. Сен алардын арасынан кыйынчылыктарда колдоо көрсөтүп, Ыйык Китептеги кеңештерди колдонууга жардам бере ала турган чыныгы досторду таба аласың. Ооба, Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык жашоо оңой эмес. Бирок Кудайга жаккандай жашоо өткөрүүнү чечсең, түбөлүккө созулуучу баталарды аласың (Ышайа 48:17, 18).

[Шилтеме]

^ 21-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том) китебинде (ор.) Ыйык Китепке негизделген эң сонун кеңештер бар. Ал кеңештер жаштарга алар туш болуп жаткан кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет. Ушу сыяктуу кеңештер камтылган маалыматты www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан да табууга болот.

[Кутуча/8, 9-беттердеги сүрөттөр]

Ата-энелер, өспүрүм балдарыңар эмнеге муктаж?

Убакыт бөлгүлө. Жахаба Кудай ысрайылдык ата-энелерге балдары менен ар дайым — үйдө отурганда да, жолдо бара жатканда да — сүйлөшүүнү буйруган (Мыйзам 6:6, 7). Андыктан ата-энелер балдарына убакыт бөлүшү керек. Иса да балдарга атайын убакыт бөлчү. Мисалы, «Иса колун тийгизиши үчүн, эл ага кичинекей балдарын алып келгенде», ал эмне кылды эле? Ал «балдарды кучактап... батасын берген» (Марк 10:13, 16). Бул ата-энелер үчүн кандай сонун үлгү!

Ачык сүйлөшкүлө. Ыйык Китепте: «Кеңешпей кылган иштер бузулат»,— делет (Накыл сөздөр 15:22). Балдар менен «кеңешүү», башкача айтканда, ачык сүйлөшүү алардын кичирээк кезинде абдан маанилүү. Ал эми алардын убактысынын көбүн мектептеги достору же дагы башка жоро-жолдоштору менен өткөргөн өспүрүм курагында ачык пикирлешүү андан бетер маанилүү. Эгер өспүрүм ата-энеси менен ачык сүйлөшпөсө, бара-бара ата-энесинен алыстап, чоочун болуп калат.

Насааттагыла. Насааттоо таалим-тарбия берүүнү жана үйрөтүүнү билдирет. Накыл сөздөр 15:5те: «Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт, ал эми айыбын ачканды уккан адам акылдуу»,— деп жазылган. Өспүрүм өз «айыбын» көрүшү үчүн аны насааттоо зарыл. Албетте, өспүрүмдү тарбиялоодо ата-энелер тең салмактуу болушу керек. Алар балдарынын көңүлү чөгүп, өздөрүнө болгон ишенимин жоготуп койгончолук катуу болбошу абзел (Колосалыктар 3:21). Ата-энелер ошол эле учурда балдарына баарын кылууга жол бере бербей, тийиштүү тарбия бериши керек. Анткени баланын ою менен боло берүү залакалуу *.

[Шилтеме]

^ 29-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китептин 5, 6-бөлүмдөрүн карагыла.