Никеңди сактап кала аласың!
Никеңди сактап кала аласың!
Үйдүн ээлери тамдын начар абалда экенин мойнуна алышат, бирок аны оңдоп-түзөөнү чечишет.
УШУЛ сыяктуу эле, балким, сен никеңди сактап калууну чечеттирсиң. Андай болсо, эмнеден баштасаң болот? Төмөндөгү кеңештерди колдонуп көрүүгө аракет кыл.
1 Чечим чыгар.
Жарың менен ортодогу мамилеңерди кайрадан жакшыртуу үчүн чогуу иш-аракет кылууга макулдашып ал. Чыгарган чечимдериңди кагазга жаз. Экөөңөр тең никеңерди сактап калууга умтулсаңар, иш-аракетиңердин акыбети кайтат (Насаатчы 4:9, 10).
2 Көйгөйдү аныкта.
Эмнеден улам ыркыңар кетип, мамилеңер муздап баратат? Мамилеңерди жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин же эмнелерди өзгөрткүң келерин кыскача жазып ал (Эфестиктер 4:22—24). Албетте, көйгөйдү аныктоодо жарың экөөңдүн көз карашыңар айырмаланышы мүмкүн.
3 Максат кой.
Алты айдан кийин мамилеңердин кайсы жактардан жакшырышын көргүң келет эле? Кандай максат койгонуңду кагазга жаз. Мамилеңерди жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин так аныктап алсаң, максатыңа жетүү оңоюраак болот (1 Корунттуктар 9:26).
4 Ыйык Китептеги кеңештерди колдон.
Көйгөйдү аныктап, мамилеңерди жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин билип алгандан кийин Ыйык Китептен жетекчилик изде. Андагы кеңештер эч качан эскирбейт жана дайыма иш жүзүндө колдонорлук (Ышайа 48:17; 2 Тиметей 3:17). Ыйык Китепте, маселен, жубайлардын бири бирине кечиримдүү болушу керектиги айтылат. Анда ошондой эле: «Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу — ал үчүн даңк»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 19:11; Эфестиктер 4:32).
Кылган иш-аракетиңен эч кандай майнап чыкпай жаткандай сезилсе, ындыныңды суутпа. Бир китепте никеге байланыштуу жүргүзүлгөн изилдөө тууралуу мындай деп айтылган: «Никеде болгон ар кандай кыйынчылыктарга карабай, чогуу жашай берген жубайлардын 86 пайызынын мамилелери беш жылдан кийин бир топ жакшырган. Бул таң калыштуу» («The Case for Marriage»). Атүгүл өздөрүн никеде бактысыз сезген жубайлар да кийин бактылуу жашап калышкан.
Сен да жубайың менен болгон мамилеңди жакшырта аласың. Ушул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте никеге байланыштуу жакшы кеңештер бар экенине ынанышкан. Кайрымдуу, боорукер болуп, бири-бирин айкөлдүк менен кечире билүүнүн аркасында көптөгөн жубайлар мамилелерин жакшырта алышты. Аялдар токтоо жана жумшак болуу керектигин, ал эми күйөөлөр аялдарына катаал болбой, назик мамиле жасоо маанилүү экенин түшүнүштү (1 Петир 3:4; Колосалыктар 3:19).
Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгон жубайлардын никеси чынында эле бекем болот. Анткени аны үй-бүлөнү негиздеген Жахаба Кудай жаздырган. Ыйык Китеп сенин да никеңди бекемдей алат! Бул тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот *.
[Шилтеме]
^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөргө жардам бере ала турган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген 192 беттен турган китеп чыгарышкан. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул журналдын 5-бетиндеги даректердин бирин тандап, Жахабанын Күбөлөрүнө жазсаңар болот.