Чабакчы чымчыктын тумшугу
Өзү жаралганбы?
Чабакчы чымчыктын тумшугу
● Саатына 300 километрге жакын ылдамдыкта жүргөн Жапониядагы жүргүнчү поезд — дүйнөдөгү эң тез жүргөн унаалардын бири. Анын ылдамдыгынын сыры чабакчы чымчыктын тумшугунда. Эмне үчүн антип айтууга болот?
Кызыктуусу. Чабакчы чымчык даамдуу тамагын кармаш үчүн зымыраган бойдон сууга чумкуп кирет. Тез жүргөн жүргүнчү поезддин ылдамдыгын изилдөө иштерин жетектеген инженер Эйжи Накатсуну ал чымчыктын ушундай өзгөчөлүгү аябай кызыктырган. Накатсу чымчыктын сууга киргенде абанын каршылыгынан кыйла жогору болгон суунун каршылыгына дароо ыңгайлашып кете аларына таң калган. Бул суроонун жообу жүргүнчү поезддин бир көйгөйүн чечүүгө шарт түзгөн. Накатсу мындай дейт: «Поезд кууш туннелге чоң ылдамдык менен киргенде абанын катуу каршылыгына дуушар болот. Каршылык күчөп отуруп, суудагы каршылыкка эле тете болуп калат. Поезддин туннелдин аягына чейин чоң ылдамдыкта жүрүшү төмөнкү жыштыктагы үн толкундарын пайда кылат. Натыйжада кулак тундурган үн 400 метр радиустагы аралыкка тарап, элдин бийликтегилерге арызданган учурлары болгон».
Жүргүнчү поезддин маңдайын чабакчы чымчыктын тумшугуна окшоштуруп жасоо көйгөйдү чечкен. Натыйжада поезддин ылдамдыгы 10 пайызга жогорулап, мурункудан 15 пайызга азыраак энергия коротуп, аба каршылыгына дуушар болуусу 30 пайызга төмөндөгөн. Мунун аркасында поезд чоң ылдамдык менен туннелге киргенде мурункудай катуу үн чыкпай калган.
Кандай деп ойлойсуңар? Чабакчы чымчыктын тумшугу өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?
[29-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
Kingfisher diving: Woodfall/Photoshot; bullet train: AP Photo/Kyodo