Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ден соолугума кам көрүү эмне үчүн маанилүү?

Ден соолугума кам көрүү эмне үчүн маанилүү?

Жаштардын суроолору:

Ден соолугума кам көрүү эмне үчүн маанилүү?

Төмөндөгү максаттардын кайсынысына жеткиң келсе, жанына ✔ кой.

Арыктоо

Келбетиңди жакшыртуу

Күүлүү-күчтүү болуу

Сергек жүрүү

Стрессти азайтуу

Өзүңдү кармай билүү

Ишенимдүүрөөк болуу

ЖАШООДО айрым нерселерди, мисалы, ата-энеңди, бир туугандарыңды, жашаган жериңди өзүң тандай албасың чын. Бирок ден соолугуң жөнүндө минтип айтууга болбойт. Сак-саламатта болор-болбосуң, негизинен, тукум куучулук факторлордон жана тандаган жашоо мүнөзүңөн көз каранды *.

«Бирок мага ден соолугумду ойлоого али эрте да!» — дешиң мүмкүн. Чынында эле ошондой деп ойлойсуңбу? Жогорудагы максаттардын тизмесине көңүл бурсаң. Канчасын белгилептирсиң? Кептин ачыгын айтканда, ошол максаттардын ар бирине жетүү үчүн ден соолукка кам көрүү абдан маанилүү.

Балким: «Дан өсүмдүктөрүнөн жасалган, майы, шекери жок тамак-ашка такыр көнө албай койдум!» — деп айткан 17 жашар Эмбердикиндей * ойдо болуп жаткандырсың. Ошондой болсо, тынчсызданбай эле койсоң болот, себеби сага спортко баш отуң менен кирүүнүн, таттуу-паттуудан таптакыр баш тартуунун же жума сайын эсиң оогуча чуркоонун зарылдыгы жок. Чынында, сырткы көрүнүшүң жакшырышы, өзүңдү жакшы сезишиң жана организмиң жакшы иштеши үчүн, бир нече жөнөкөй эле өзгөрүү жасоо талап кылынат. Кел эмесе, курбу-курдаштарыңдын айрымдары кантип ошондой өзгөрүүлөрдү жасашканын карап көрөлү.

Туура тамактансаң, келбетиң жакшырат

Ыйык Китеп баарын чеги менен жасоону кеңеш кылат. «Тамакка ашыра тоюп алба»,— делет Накыл сөздөр 23:20да («Азыркы англис котормосу»). Бул кеңешке кармануу дайыма эле оңой боло бербейт.

«Көп өспүрүмдөрдөй эле, качан болбосун курсагым ачып басып жүрөм. Ата-энем: „Ушу сен тойгонуңду билбейсиң го“,— дешет» (Эндрю, 15 жашта).

«Кайсы бир тамак-аш ден соолугума зыян келтиреби же жокпу, көрбөгөндөн кийин, ал мен үчүн зыяндай деле сезилбейт» (Даниелла, 19 жашта).

Тамакка келгенде өзүңдү кармай билүүгө үйрөнүшүң керек экенин байкайсыңбы? Төмөндө сен курактуу жаштардын аларга бул жагынан эмне жардам берери туурасында айткандары келтирилди.

Ашказаныңа кулак төшө. «Мен мурун ичкен-жегенимдин калориясын санап эле жүрчүмүн,— дейт 19 жаштагы Жулия,— бирок азыр тойор замат токтойм».

Зыяндуу тамактардан кач. «Газдалган таттуу суусундуктарды ичпей калгандан кийин,— дейт 21деги Питер,— бир айдын ичинде эле беш килограммга арыктадым!»

Туура тамактанууга үйрөн. «Мен экинчи порцияны жебегенге аракет кылам»,— дейт 19 жашар Эрин.

Ийгиликтин ачкычы: өз учурунда тамактан! Эгер тамактан калып калсаң, өзөргөнүңөн ашыкча жеп аласың.

Көбүрөөк көнүгүү жасасаң, өзүңдү жакшыраак сезесиң

Ыйык Китепте денени машыктыруунун «пайда алып келери» айтылат (1 Тиметей 4:8). Бирок көптөгөн жаштар көнүгүү жасоого анча деле көңүлдөнүшпөйт.

«Айтсам таң каласыңар, жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө канчалаган балдар дене тарбия сабагынан жаман баа алып калышчу. Ал сабак тамак ичкендей эле опоңой эмеспи!» (Ричэрд, 21 жашта).

«Айрымдар: „Күндүн ысыгында көл-шал түшүп тердеп, суй жыгылгыча чуркап эмне азап? Муну видео оюндарынан эле кылса болот да!“ — деп ойлошот» (Рут, 22 жашта).

Көнүгүү жөнүндө ойлогондо эле чарчай баштабайсыңбы? Ошондой болсо, көнүгүү жасоонун жакшы тартибине кармануу кандай үч пайда алып келери жөнүндө ойлонуп көр.

1-пайдасы: көнүгүүлөр иммундук системаңды чыңдайт. 19 жаштагы Рейчел мындай дейт: «Атам: „Көнүгүү жасоого убакыт таппасаң, ооруганга убакыт табууга аргасыз болосуң“,— деп көп айтчу».

2-пайдасы: көнүгүүлөр мээңде көңүлдү тынчыта турган химиялык заттардын бөлүнүп чыгышына шарт түзөт. «Башым чарчап кеткенде, чуркасам, бир топ жеңилдеп калам,— дейт 16 жаштагы Эмили.— Бул денелик жактан да, эмоциялык жактан да аябай сергитет».

3-пайдасы: дене тарбия көнүгүүлөрү көңүлүңдү көтөрөт. «Мен таза абада болгонду жакшы көрөм,— дейт 22деги Рут,— ошо себептен менин көнүгүүлөрүмө сейилдөө, сууда сүзүү, сноуборд жана велосипед тебүү кирет».

Ийгиликтин ачкычы: жумасына үч жолу, жок эле дегенде, 20 мүнөттөн өзүңө жаккан дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап тур.

Жакшы уктасаң, организмиң жакшы иштейт

Ыйык Китепте: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык»,— делет (Насаатчы 4:6, «ЖД»). Жакшы уктабасаң, организмиң тийиштүү иштебей калат.

«Эгер жетиштүү уктабай калсам, баш-аягымды жыя албай, бир нерсеге көңүл топтой албай калам» (Рейчел, 19 жашта).

«Түштөн кийин экилер чамасында ушунчалык чарчагандыктан, бирөө менен сүйлөшүп жатып эле уктап кете жаздайм» (Кристина, 19 жашта).

Уйкуң канбай жүрөбү? Сен курактагы жаштардын бул жагынан жакшыруу үчүн кандай иш-аракет кылып жатканына көңүл бурсаң.

Кеч жатпа. «Мен өз учурунда жатканга аракет жасайм»,— дейт 18 жаштагы Кэтрин.

Сөздү кыскарт. «Кээде досторум өтө кеч телефон чалып же СМС жазып калышчу,— дейт 21 жаштагы Ричэрд,— бирок мен сөздү бүтүрүп, эртерээк жатканга үйрөндүм».

Туруктуу болууга умтул. «Акыркы күндөрү мен күн сайын бир убакта жатып, бир убакта турганга аракет кылып жатам»,— деп ой бөлүшөт 20дагы Женифер.

Ийгиликтин ачкычы: күнүгө кечки саат 8ден 10го чейин жатып калганга аракет кыл.

Бул макалада талкууланган үч нерсенин кайсынысы жеке сага тиешелүү деп ойлойсуң?

❍ туура тамактануу ❍ көнүгүү жасоо ❍ жетиштүү уктоо

Төмөнкү сапка бул жагынан жакшыруу үчүн кандай максат койсоң болорун жаз.

․․․․․

Ден соолугуңа кам көрүү үчүн бир нече эле жөнөкөй кадамдарды жасоо менен ал максатыңа жете аласың. Ден соолугуңду чыңдоонун аркасында келбетиңди жакшыртарыңды, өзүңдү жакшыраак сезериңди жана организмиңдин жакшы иштешине өбөлгө түзөрүңдү унутпа. Жашоодогу кээ бир нерселерден айырмаланып, саламаттыгың өз колуңда. «Ток этер жерин айтканда,— дейт 19 жашар Эрин,— ден соолугуңдун кандай болору бир эле кишиден — сенден — көз каранды».

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Көптөр алардан көз каранды болбогон себептерден улам кандайдыр бир оорудан же майыптыктан жапа чегип келишет. Бул макала аларга чектелүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ден соолугун жакшыртууга жардам берет.

^ 13-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

ОЙЛОНУП КӨР

● Саламаттыгыңа кам көргөнүң өзүңдү ишенимдүү сезишиңе кандай таасир этет?

● Ден соолугуңа кам көрүүдө кантип эстүүлүк көрсөтсөң болот? (Филипиликтер 4:5).

СЕН КУРАКТАГЫ ЖАШТАРДЫН ОЮ

«Кишинин денеси машинеге окшош. Анын жакшы абалда сакталышы кожоюнунан көз каранды. Ошон үчүн да мен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганды жакшы көрөм».

«Көнүгүүлөрдү жасоого шеригиң болсо, бул сага түрткү берген күч болот. Анткени сен анын көңүлүн калтыргың келбейт».

«Көнүгүүлөрдү жасап жаткандагы сезим мага аябай жагат. Ал эми мунун аркасында сырткы көрүнүшүмдүн жакшыра баштаганы мага өзүмдү ишенимдүү сезүүгө жардам берет».

Итэн

Браяна

Эмили

«ЖАШОО МҮНӨЗҮМДҮ ӨЗГӨРТТҮМ»

«Алты жашымда мен толмоч келген кыз болчумун. Тамак маалынан сырткары да маймаңдап жүрүп, бара-бара оозум тынбай калган. Көп кыймылдачу да эмесмин — кыймылдаганды аябай жаман көрчүмүн. Ошентип, өспүрүм куракка келгенде билинбей эле семирип кеттим, мен муну эч качан каалаган эмесмин. Кебетемди карап алып, өзүмдү эң эле бактысыз адамдай сезчүмүн. Кез-кезде атайы мүнөз тамак ичип (диета), арыктаганга аракет кылсам да, кайра эле салмак кошуп алчумун. Ошон үчүн 15ке чыкканда жашоо мүнөзүмдү түп-тамыры менен өзгөртүүнү чечтим. Мен туура жол менен, өмүр бою карманса боло турган жол менен, арыктоого бел байладым. Туура тамактануу жана көнүгүү жасоо жөнүндө китеп сатып алып, окугандарымды иш жүзүндө колдоно баштадым. Кээде кармана албай калып, көңүлүм чөксө да, багынган жокмун. Натыйжасы кандай болду дебейсиңерби? Сонун болду! Бир эле жылдын ичинде 25 килограммга арыктап, ошол салмагымды эки жыл бою сактадым. Бул үч уктасам да түшүмө кирмек эмес! Менимче, мүнөз тамак ичкендиктен эле эмес, жашоо мүнөзүмдү өзгөрткөндүктөн ийгиликке жеттим. Бул менин жашоомдун ар бир тармагына таасир этерин түшүнгөн соң, керектүү өзгөрүүлөрдү даярдуулук менен жасадым» (Кэтрин, 18 жашта).

Ден соолугуң машинеге окшош — жакшы абалда күтө билбесең, иштен чыгып калат