Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыланга сыйынуу. Байыркы убакта жана бүгүнкү күндө

Жыланга сыйынуу. Байыркы убакта жана бүгүнкү күндө

Жыланга сыйынуу. Байыркы убакта жана бүгүнкү күндө

БАЙЫРКЫ убакта египеттиктер, Крит аралынын алгачкы тургундары миностордой болуп, жыландарга сыйынышчу. Байыркы ысрайылдыктардын айрымдары болсо жез жыланга курмандык чалышчу, башкалары сойлоочу жандыктардын сөлөкөттөрүнө жыпар жыттуу зат түтөтүшчү (Жезекиел 8:10—12; 2 Падышалар 18:4).

Жыланды кудай тутуу байыркы Мексикада да кеңири кулач жайган. Алсак, майя элинин негизги кудайы Ицамна жылан катары сүрөттөлгөн. Тольтектердин Кецалькоатль деген «канаттуу жылан» кудайы билимдин, маданияттын жана философиянын кудайы деп эсептелген. Аны ацтектер да билимдин кудайы деп эсептешкен, атүгүл адамзаттын жаратуучусу катары көрүшкөн. Ал кудайдын көптөгөн ролдоруна жана жөндөмдүүлүктөрүнө байланыштуу мексиканын бир журналында: «Канаттуу жылан кудайдын башка кудайларга караганда мааниси чоң болгон»,— делет («Arqueología Mexicana»).

Борбордук Америкадагы элдер кылымдар бою канаттуу жылан кудайга сыйынып келишкен. Мексикадагы кора жана уичоли элдери ал кудайга атүгүл бүгүнкү күндө да сыйынышат. Алар атайын бир майрам күндөрү өздөрүн куштардын канаттары менен жасалгалап, жыланды туурап бийлешет. Киче эли болсо тукумдуулукка байланыштуу үрп-адаттарды өткөргөндө тирүү жыландар менен бийлешет. Ал эми Гватемаладагы майя элине кирген чорти уруусу канаттуу жылан кудайды католик дининде «ыйык» деп эсептелгендер менен бирге аздектешет.

Ушундан улам: «Адамдарды жана жаныбарларды, анын ичинде жыланды жараткан Кудай жыланга сыйынууга кандай карайт?» — деген суроо туулат.

Кудайдын көз карашы

Жахаба Кудай байыркы ысрайыл элине: «Өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба. Аларга табынба, кызмат кылба»,— деген буйрук берген (Чыгуу 20:4, 5).

Жахаба өз элинин жаныбарлардын түспөлүнө сыйынышына тыюу салган. Буга жыланга сыйынуу да кирет. Мындан көрүнүп тургандай, Кудайдын жактыруусуна ээ болгусу келгендер жыланга сыйынбашы керек. Кудай бурканга табынууга, анын ичинде жыланга сыйынууга эмне үчүн тыюу салган? Анткени адам баласы, жылан — дегеле тирүү жандыктардын баары анын колунан бүткөн. Ошондуктан биз анын жаратууларына эмес, анын өзүнө сыйынышыбыз керек.

Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү: бир киши үй куруп, аны бир үй-бүлөгө берди дейли. Ал үй-бүлөнүн үйдүн ээсине ыраазычылык билдиргендин ордуна, үйгө ыраазычылык билдиргени кандай болмок? Мунун акылсыздык болмоктугу жана үйдүн ээсине катуу тиймектиги айтпаса да түшүнүктүү. Анын сыңарындай, жаныбарларга сыйынуу Кудайды капалантат.

Ооба, Кудайдын жактыруусуна ээ болгусу келгендердин баары элчи Жакандын: «Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деген сөздөрүнө кулак кагышы керек (1 Жакан 5:21).

[23-беттеги сүрөт]

СЫЙЫНУУДА ЖЫЛАНДАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ

● Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышындагы харизматтардын чиркөөлөрүндө сыйынуу учурунда уулуу жыландар колдонулат. Айрымдар уулуу жыланды ийинине коюп алышса, башкалары бир нече жыланды бир кармап алышат. Ары-бери кыймылдатып, көтөргөндө жыландар чочуп, кишилерди чагып алышы мүмкүн. Ушундан улам өлүмгө дуушар болуп келгендер да бар.

Сыйынууда жыланды колдонгондор өздөрүнүн иш-аракетин Марк 16:17, 18-аяттардагы сөздөргө негизделет деп ырасташат. Ал жерде «колу менен жыландарды кармашат» деген сөздөр бар. «Король Яковдун Ыйык Китебинде» жана башка мурунку котормолордо ушул аяттар Ыйык Китептин түп нускасында кездешкендей берилет. Бирок «Оңдолгон стандарттуу жаңы котормодо», «Америка стандарттуу жаңы Ыйык Китебинде» жана «Король Яковдун жаңы Ыйык Китебинде» бул аяттардын Марктын Инжилинин байыркы кол жазмаларында кездешпегени белгиленет.

Ыйык Китепте Кудайга сыйынууда жыланды колдонуу керектиги айтылбайт. Анда: «Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жакан 4:8). Сүйүүнүн Кудайы анын жактыруусуна ээ болуу үчүн бизден өмүрүбүзгө коркунуч туудурган үрп-адаттарды аткарышыбызды талап кылмак эместигине кошулат чыгарсыңар. Ошондой эле Иса Машаяк: «Баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген (Матай 11:28, 29). Ооба, Жахаба Кудай менен Иса Машаяк адамдардын жылан чагып алгандан кийинки жан кыйнаган ооруга дуушар болушун же өмүрүнөн ажырашын каалабайт.

[23-беттеги сүрөт]

REUTERS/Tami Chappell

[22-беттеги сүрөт]

Ацтектердин ибадатканасынын дубалындагы канаттуу жылан кудайдын башы

Тольтектердин канаттуу жылан кудайы Кецалькоатль

[22-беттеги булак]

Top: REUTERS/Tami Chappell; bottom: © Leonardo Díaz Romero/age fotostock