Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга канткенде жакындай аласың?

Кудайга канткенде жакындай аласың?

Кудайга канткенде жакындай аласың?

Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— делет (Жакып 4:8). Адам баласы Жараткан менен тыгыз, ынак мамиледе боло алат деп ойлойсузбу? Бирок бул суроого жооп берердин алдында сиз негизги суроолорго так жооп алышыңыз керек. Мисалы:

Кудай барбы?

Бар болсо, ал адамзат менен байланышабы? Кандай жол менен?

Ал Ыйык Китеп аркылуу байланышабы? Буга кантип ынанууга болот?

Булар — жашообуздагы эң эле маанилүү суроолор. Алар «Кудайга канткенде жакындай аласың?» аттуу жалпыга арналган баяндамада талкууланат. Ал баяндама Жахабанын Күбөлөрүнүн «Жахабадан алыстабагыла!» аттуу облустук жыйынында айтылат. Ал жыйын май айынан тартып бүткүл дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө баштайт.

Биз сизди жакын жерде өткөрүлө турган облустук жыйынга келип кетүүгө чын жүрөктөн чакырабыз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн сиз жашаган аймактагы Жахабанын Күбөлөрү менен байланышсаңыз же ушул журналдын төртүнчү бетинде көрсөтүлгөн даректердин бирине жазсаңыз болот.