Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күрөшүүгө даяр бол

Күрөшүүгө даяр бол

Күрөшүүгө даяр бол

«Мен жаңы төрөлгөн чүрпөбүздүн саламаттыгы үчүн тамекини таштоону чечтим. Ошондуктан үйгө „Тамеки чегүүгө болбойт“ деген белгини илип койдум. Бирок бир саат өтпөй, тамеки чегүүгө болгон каалоо мени цунами сыяктуу басып киргенде, кармана албай калдым» (Йошимицу, Япония).

ЙОШИМИЦУНУН мисалынан көрүнүп тургандай, тамекини таштоо жеңил-желпи иш эмес. Изилдөөлөргө ылайык, тамекини таштап келатып, кармана албай калгандардын дээрлик 90 пайызы ал адатына кайра кайрылып келишкен. Андыктан чылым менен кош айтышкың келсе, ийгиликке жетүү үчүн алдыдагы кыйынчылыктарга даяр болушуң керек. Адатта кандай кыйынчылыктар болот?

Тамеки тартууга болгон күчтүү каалоо. Демейде андай каалоо акыркы тамеки чеккенден кийин үч күндүн ичинде пайда болуп, болжол менен эки жумада өтүп кетет. Мурда тамеки тартып жүргөн бир киши ошол учурда «чылым чегүүгө болгон каалоонун толкун сыяктуу келип турарын» айткан. Атүгүл көп жылдан кийин да күтүлбөгөн жерден кайрадан тамеки тарткың келиши мүмкүн. Ошондой болсо, багынып бербе. Беш мүнөттөй чыдасаң, андай каалоо өтүп кетет.

Таштагандан кийинки башка кыйынчылыктар. Башында адамга сергек болуу, бир нерсеге көңүл топтоо кыйынга турушу мүмкүн, ал бат эле толуп кетиши да ыктымал. Ошондой эле тердеши, жөтөлүшү, денеси оорушу, кычышышы, маанайы пас болуп, кыжырданышы, ачуусу келиши, атүгүл депрессия болушу этимал. Бирок ушул кыйынчылыктардын көбү 4—6 жуманын ичинде өтүп кетет.

Төмөндө ушундай оор учурда сага жардам болорлук айрым кеңештер келтирилди.

● Уйкуга көбүрөөк убакыт бөл.

● Сууну жана ширени көп ич. Туура тамактан.

● Чеги менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жаса.

● Өпкөңө таза аба толуп жатканын элестетип, терең дем ал.

Каалоону ойготчу нерселер. Айрым нерселер тамеки чегүүгө болгон каалоону ойготушу мүмкүн. Мисалга, сен кайсы бир суусундукту ичкенде тамеки тартууга көнүп калгандырсың. Эгер ошондой болсо, көп созбой, тез ичкенге аракет кыл. Албетте, жайбаракат отуруп алып, ырахаттанып иче турган убак да келет.

Айта кетчү нерсе, кишинин денеси никотинден тазалангандан кийин да, психикалык көз карандылык бир топко чейин кетпеши мүмкүн. «Тамекини таштаганыма 19 жылдын жүзү болду,— дейт мурунку макалада айтылган Торбен,— ошентсе да ушу күнгө чейин кээде кофе ичүү тыныгуусунда тамеки чекким келип кетет». Бирок, адатта, кайсы бир жагдайда ойгоно турган тамеки чегүүгө болгон каалоо бара-бара басаңдап, убакыттын өтүшү менен таптакыр жоголот.

Ал эми спирт ичимдиктери менен иштин жөнү башка. Тамекини таштоого аракет кылып жатсаң, ичимдиктен баш тартканың жана ал болгон жерлерден оолак болгонуң дурус. Анткени көптөр ичип алганда кайрадан тамеки тартып алышат. Эмне үчүн?

● Атүгүл бир аз эле өлчөмдөгү ичимдик никотинден алган ырахатты күчөтөт.

● Ичимдик ичилген жерде, адатта, тамеки да тартылат.

● Ичимдик тунук ой жүгүртүүгө жана өзүн өзү кармай билүүгө тоскоол кылат. Ыйык Китепте: «Шарап жакшы ниетти бузат»,— деп таамай айтылган (Ошуя 4:11, «ЖД»).

Жаман чөйрө. Чөйрөнү тандай бил. Мисалы, зарыл болбосо, тамеки чеккен же сага тамеки сунушташы мүмкүн болгон кишилердин чөйрөсүнөн кач. Ошондой эле шылдыңдап, тамеки таштоо үчүн жасап жаткан аракеттериңди текке кетире турган адамдардан алыс бол.

Терс сезимдер. Бир сурамжылоого ылайык, кайра тамеки тартып алгандардын үчтөн эки бөлүгү ошонун алдында кыжырданышкан же ачууланышкан. Эгер кандайдыр бир сезимдер сени тамеки чегүүгө түртүп жатса, өзүңдү алаксыт, мисалы, суу ич, сагыз чайна же сейилдеп кел. Акылыңды жакшы ойлор менен толтурууга умтул. Ан үчүн, балким, Кудайга тиленеттирсиң же Ыйык Китептен бир нече бет окуйттурсуң (Забур 18:15).

Жаңылыш ойлор

Бир эле сором.

Чынында, тамекини атүгүл бир эле соруу мээдеги никотин рецепторлорунун 50дөй пайызын үч саатка чейин дүүлүктүрүшү мүмкүн. Мунун кесепетинде көбүнчө адам кайра чегип алат.

Тамеки чегүү мага стрессти чыгарууга жардам берет.

Чынында, изилдөөлөр көрсөткөндөй, никотин стресс гормондорунун деңгээлин жогорулатат. Ал эми кишинин тамеки чегүү менен стресстен арылгандай сезгенинин себеби тамекини таштагандан кийинки оорунун убактылуу басаңдашына байланыштуу болушу мүмкүн.

Таштаганга өтө эле кеч болуп калды.

Чынында, пессимисттик көз караш чечкиндүүлүктөн тайдырат. Ыйык Китепте: «Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз»,— делет (Накыл сөздөр 24:10). Ошондуктан ындыныңды өчүрө турган ой жүгүртүүдөн кач. Чындап тамекини таштагысы келгендер жана бул макалада келтирилгендегидей пайдалуу кеңештерди иш жүзүндө колдонгондордун баары ийгиликке жете алат.

Тамекини таштагандан кийинки жан кыйнаган абалга чыдай албайм.

Чынында, тамекини таштагандан кийинки абал жанды кыйнаса да, бир нече жумадан кийин эле жеңилдеп каласың. Ошондуктан көздөгөн максатыңан кайра тартпа! Эгер тамеки чегүүгө болгон каалоо айлар же жылдар өткөндөн кийин кайра пайда болсо да, бир нече мүнөттөн кийин эле өтүп кетет. Эң негизгиси, тамеки тартып жибербе.

Психикалык оорудан кыйналып келем.

Чынында, эгер депрессия же шизофрения сыяктуу психикалык оорудан дарыланып жатсаң, дарыгериңен тамекини таштоого жардам беришин сурасаң болот. Ал сага даярдуулук менен жардам көрсөтүп, ооруңдун жана ичип жаткан дарыларыңдын өзгөчөлүктөрүнө жараша дарылоо ыкмасын тандап бериши мүмкүн.

Кармана албай калсам, өзүмөн көңүлүм калат.

Чынында, көптөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, эгер азгырылып кетип кайрадан чегип алсаң, үмүтүңдү үзүүгө шашылба. Кайра бутуңа туруп, алдыга умтула бер. Жыгылып кетүү жеңилгендикти билдирбейт. Күрөшпөй коюу — жеңилгендик. Ошондуктан белди бекем бууп, күрөштү уланта бер. Акыры сөзсүз жеңишке жетесиң!

26 жыл бою тамеки чегип, таштаганына 30дан ашуун жыл болгон Ромуалдо мындай дейт: «Канча жолу кармана албай чегип алганымды билбей да калдым. Ар бир чегип алган сайын өзүмдү эч нерсеге жарабаган кишидей сезип, аябай жаман болчумун. Бирок бир жолу Жахаба Кудай менен жакшы мамиледе болууну чечип, андан жардам сурап кайра-кайра тилендим, ошентип, акыры ийгиликке жеттим».

Бул катар макалалардын акыркысында биз чылымдын чынжырынан бошонууга жардам бере турган дагы бир нече пайдалуу кеңешти карап чыгабыз.

БАРДЫК ТҮРҮ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ

Тамеки ар кандай жолдор менен колдонулат. Анын айрым түрлөрү атүгүл пайдалуу тамак-аш дүкөндөрүндө жана дары чөптөр сатылган жерлерде сатылат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Тамекинин бардык түрү өлүмгө алып барат»,— деп эскертет. Ооба, тамекинин айынан пайда болгон оорулардын кайсынысы болбосун, алардын ичинде рак, жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн. Ал эми кош бойлуу аял чылым чексе, боюндагы баласына да зыян келтирет. Тамекинин кандай түрлөрү көп колдонулат?

Биди. Кичинекей, колго оролгон тамекинин бул түрү Азия өлкөлөрүндө кеңири таралган. Бидиде чайырдын, никотиндин жана көмүртек кычкылынын деңгээли кадимки тамекиникинен бир нече эсе жогору.

Сигара. Бул — тамеки жалбырагынан түрмөктөлүп, тыгыз оролуп жасалган тамеки. Кислоталуу касиетке ээ кадимки тамекиден айырмаланып, сигара бир аз шакардуу касиетке ээ. Ошондуктан жадагалса күйгүзүлбөгөн сигарадан никотин ооз аркылуу организмге сиңе берет.

Критек же гвоздика тамекиси. Адатта, анын болжол менен 60 пайызын — тамеки, 40 пайызын гвоздика түзөт. Анын курамында чайырдын, никотиндин жана көмүртек кычкылынын саны кадимки тамекиникинен көбүрөөк болот.

Канжа. Канжа — тамеки салууга ылайыкташтырылган чөйчөкчөсү бар түтүк — кадимки тамекидей эле залакалуу. Себеби экөө тең рак ооруларын жана башка илдеттерди пайда кылат.

«Түтүнсүз» тамекилер. Аларга чайноочу жана жыттоочу тамекилер, насыбай, ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азияда таралган жыпар жыттуу гутха кирет. Алардагы никотин канга ооз аркылуу сиңет. «Түтүнсүз» тамекилер зыяндуулугу жагынан кадимки тамекилерден кем калбайт.

Кальян (бонг, наргиле, хука, шиша). Мында адам түтүктөн тамекинин суу аркылуу өткөрүлгөн түтүнүн сорот. Анткен менен бул өпкөгө кирген токсиндердин, анын ичинде ракты пайда кылган химиялык заттардын санын азайтпайт.

ТАМЕКИНИ ТАШТООГО ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ...

Оң маанайда бол. Сындаганга, «тамекини ташта» деп кулагынын кужурун алганга караганда, мактоо, белек берүү алда канча таасирдүү. «Кайра тартып алдыңбы?!» дегенге караганда «дагы бир аракет кылып көрсөң, сөзсүз таштайсың» деген сөздөр көбүрөөк таасир этет.

Кечиримдүү бол. Тамекини таштоого аракет кылып жүргөн киши сага кыжырданса же ачууланса, көңүлүңө албай эле кой. «Мунун кыйын экенин түшүнөм, бирок сен азаматсың, аябай сонун аракет кылып жатасың» деген сыяктуу жылуу сөздөрдү айт. «Ушундан көрө чегип жүргөнүң жакшы болчу!» — деп эч качан айтпа.

Чыныгы дос бол. Ыйык Китепте: «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет»,— делет (Накыл сөздөр 17:17). Андыктан тамекини таштоого аракет кылып жаткан адамга, маанайы кандай болбосун, «ар дайым сүйүү» көрсөтүүгө, чыдамдуу болууга умтул.