Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеси жакты?

Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеси жакты?

Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеси жакты?

Айтып берген: Томас Ороско

Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залындагы жолугушуусуна биринчи жолу барганымда, бир кичинекей бала сөз сүйлөп чыкты. Ал пюпитрден араң эле көрүнүп турса да, өзүн ишенимдүү кармап, мыкты сүйлөдү. Бул мага абдан чоң таасир этти.

ЗАЛДА отургандардын баары ал баланы демин ичине катып угуп жатышты. Мен Кошмо Штаттарда Боливиянын кызыкчылыктарын жактаган аскер дипломаты, Боливиянын аскер күчтөрүнүн командири жана президенттин жеке жардамчысы болчумун, ошондуктан башкалардын мени кадырлап-сыйлашына көнүп калгам. Бирок залдагылардын ал балага көрсөткөн урмат-сыйы жашоодогу максаттарымды кайра карап чыгууга түрткү берди.

Атам Парагвай менен Боливиянын ортосунда тутанган Чако согушунда 1934-жылы курман болгон. Көп өтпөй мени католик мектеп-интернатына жөнөтүп жиберишти. Бир топ жыл бою күнүгө Мессага катышып жүрдүм; ал жакта гимн ырдачубуз, диний сабактарды укчубуз, жаттап алган тиленүүлөрдү кайталачубуз. Мен атүгүл дин кызматчынын жардамчысы болуп кызмат өтөчүмүн, ошондой эле хордо ырдачумун. Бирок Ыйык Китепти эч качан окуган эмесмин, окумак турсун, көргөн да эмесмин.

Мага диний майрамдар аябай жакчу, себеби алар отуруштардай өтүп, биринин артынан бири чубалган опокшош күндөрүмө кандайдыр бир көрк берип турчу. Бирок дин кызматчылар жана динди окуткан мугалимдер бизге катаал мамиле кылышчу. Алар мени өзүнө тартмак тургай, кайра иренжитишчү. Ошо себептен динден көңүлүм калып, андан мүмкүн болушунча алыс болоюн деп чечтим.

Аскердик кызматка кызыгышым

Күндөрдүн бир жаркыраган күнүндө туулуп-өскөн шаарым Тарихага чыкыйып тыкан кийинген эки жаш аскер баш багып калды. Алар Боливиянын негизги шаары Ла-Пастан бизге өргүүгө келишиптир. Ал аскерлердин шаардын борбордук аянтында койкоюп ишенимдүү басканына, сымбаттуулугуна, тазалыгына аябай таасирленип, суктандым. Алардын жашыл түстөгү аскер кийими, жээги жалтылдаган сызма менен тегерете тигилген баш кийими өздөрүнө куп жарашып турду. Так ошондо, ошол жерден мен болочокто аскер болууну чечтим. Алардын жашоосу кызыктуу окуяларга жана эрдиктерге бай болсо керек деп ойлодум.

1949-жылы 16 жашымда Боливиянын аскер колледжине өттүм. Агам да мени коштоп барып, экөөбүз казарманын дарбазасына чейин созулган узун кезектен өттүк. Ал мени лейтенантка тааныштырды да, жакшы бала экенимди айтып, ага табыштады. Агам кеткенден кийин, ал жердегилер мени жаңыларды тоскон адатынча тосуп алышты. Лейтенант мени жерге көмөлөтө уруп: «Биякта ким жакшы бала экенин көрө жатарбыз!» — деди. Ошондо аскердеги тартиптин жана коркутуп-үркүтүүнүн биринчи жолу даамын таттым. Бирок мен чымыр бала элем, ошондуктан намыстанганым эле болбосо, ага эчтеке деле болгон жокмун.

Убакыттын өтүшү менен согуш ишин мыкты өздөштүрүп, кадырлуу аскер офицери болдум. Бирок жеке тажрыйбаман аскердик тазалык менен тыкандыктын жасалма да болорун билдим.

Жогорку кызмат ордун ээлешим

Кызматымдын алгачкы жылдарында мен Аргентинанын аскер-деңиз флотундагы экипажы миңден ашык кишини түзгөн «Генерал Белграно» деген крейсерде окуп-үйрөндүм. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Кошмо Штаттарга таандык болгон ал аскер кемеси «Феникс» деп аталган жана 1941-жылы япондуктар Пёрл-Харборго (Гавайи) чабуул жасаганда, кыйроого учурабай калган.

Барган сайын улам жогорку наамга ээ болуп отуруп, Боливиянын аскер-деңиз флотунда вице-адмирал болдум. Биздин кемелер Боливиянын чек араларындагы суу жолдорун күзөтчү. Ал суу жолдоруна Амазонка бассейни жана дүйнөдөгү деңиз деңгээлинен эң бийик жайгашкан Титикака көлү кирчү.

Кийин 1980-жылдын май айында мен аскердик дипломаттар комиссиясынын мүчөсү катары тандалып, Кошмо Штаттардын борбор калаасы Вашингтонго сапар алдым. Ал комиссиянын курамына ар бир аскердик бөлүктөн — кургактагы аскер күчтөрүнөн, аскер-аба күчтөрүнөн жана аскер-деңиз флотунан — бирден аскер башы тандалды. Наамым жогору болгондуктан, мен комиссиянын төрагасы болуп дайындалдым. Ошентип, АКШда дээрлик эки жыл жашап калдым. Кийинчерээк Боливиянын президентинин жеке жардамчысы болдум.

Аскер башы катары мен ар жекшемби сайын чиркөөгө барып турууга милдеттүү болчумун. Капелландардын (аскер флотундагы дин кызматчылар) жана диний жетекчилердин революцияларга, согуштарга катышканын көрүп, динден көңүлүм калды. Чиркөөлөрдүн кан төгүүнү колдоп жатканы туура эмес экенин билчүмүн. Анткен менен мындай эки жүздүүлүк мага динди четке кагууга эмес, рухий чындыкты издөөгө түрткү берди. Ага чейин Ыйык Китепти такыр окубасам, эми болсо анда-санда колго алып, кээ бир бөлүмдөрүн окуп калчу болдум.

Падышалык залындагы тартип

Мени таң калтырып, жубайым Мануела миссионер болуп кызмат кылган Жанет аттуу Жахабанын Күбөсү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Көп өтпөй Мануела сыйынуу жайында — Падышалык залында — өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына бара баштады. Мен жубайымды ал жакка кыйылбай эле жеткирип турчумун, бирок өзүм катышкым келчү эмес. Себеби жолугушуулар ызы-чуусуз, оргуштаган сезимдерсиз өтпөйт деген ойдо элем.

Күндөрдүн биринде Мануела Жанеттин жолдошу үйгө келип, мага жолугуп кетсе кандай болот деп сурап калды. Башында буга макул болгон жокмун. Бирок кайра дин жөнүндө окуп-билгендеримдин жардамы менен анын айткандарынын баарын төгүнгө чыгарам деп ойлоп, жубайымдын сунушуна көндүм. Иэн менен биринчи жолукканда мага анын айткан сөздөрү эмес, өзүн кандай алып жүргөнү таасир этти. Ал ыйык китептик билими менен мени уяткарууга аракет кылбастан, жылуу-жумшак, сый-урмат менен мамиле кылды.

Андан кийинки жумада Падышалык залына барууну чечтим, ошондо, сөзүмдүн башында айткандай, кичинекей баланын сөз сүйлөгөнүнө күбө болдум. Анын Ыйык Жазманын Ышайа китебинен аяттарды окуп, түшүндүрүп берип жатканын угуп, өзгөчө уюмду тапканымды баамдадым. Кызык, бала кезимде кадыр-барктуу аскер кызматчысы болууну кааласам, эми ошол балакайдай болуп, элге ыйык китептик билим бергим келди. Ошондо жүрөгүм жумшарып, жакшы кабарды кабыл алууга ийкемдүү болуп калгандай туюлду.

Убакыт өткөн сайын Күбөлөрдүн так жүргөнүнө, мени дайыма жылуу тосуп алып, өз үй-бүлөмдөй мамиле кылышканына таң бердим. Алардын таза, тыкан кийингени да мени кош көңүл калтырган жок. Өзгөчө жолугушуулардын уюшкандыкта өткөрүлгөнүнө баа бердим — кайсы бир күнгө белгилүү бир баяндама пландаштырылса, ошол күнү так ошол баяндама айтылчу. Мен андай тартиптин коркутуп-үркүтүүгө эмес, сүйүүгө негизделгенин түшүндүм.

Жыйналышка биринчи жолу барып келгенден кийин Иэн менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Биз «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китептин жардамы менен изилдей баштадык *. Ал китептин 3-бөлүмүндөгү чиркөө кызматчысынын аскерлерге согушка аттанар алдында батасын берип жатканы жөнүндөгү сүрөт али эсимде. Мунун калетсиз экенине кымындай да шектенген жокмун, анткени андайды далай жолу өз көзүм менен көргөм. Падышалык залынан мага «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» деген китеп беришти. Андан Ыйык Китепте бейтараптуулук жөнүндө эмне айтыларын билгенимде жашоомду өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Ошондуктан католик чиркөөсүнө экинчи барбоону жана Падышалык залындагы жолугушууларга дайыма катышып турууну чечтим. Ошондой эле аскер кызматынан бошонууну ойлонуштура баштадым.

Чөмүлтүлүүгө карай кадам шилтешим

Бир нече жумадан кийин жыйналышыбыздын чоң жыйын өтө турган стадионду тазалай турганын уктум. Мен дагы жыйнап-тазалоого салым кошууга куштар болуп, ошол жакка жөнөдүм. Башкалар менен эриш-аркак иштешип, жумуштан, пикир алышуудан ырахат алдым. Шыпырып жүрсөм, бир жигит келип: Сиз адмиралсызбы? — деп сурады.

— Ооба,— деп жооп бердим.

— Көргөн көзүмө ишенбей турам! Адмирал жер шыпырып жүрөт! — деп айран таң калды ал. Адатта, жогорку даражадагы офицер жер шыпырмак тургай, ийилип, кенедей кагазды жерден өйдө көтөрбөйт. Мурун ал жигит менин жеке айдоочум эле, азыр Жахабанын Күбөсү экен!

Сүйүүгө негизделген кызматташуу

Аскердик тартип боюнча адамга наамына, ээлеген абалына жараша урмат-сый көрсөтүлөт; бул түшүнүк менин каныма сиңип калган эле. Бир жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары жоопкерчилиги же аткарган кызматы жагынан башкалардан жогору турар-турбасын сураганым эсимде. Менин жогорку абалга болгон көз карашым терең тамыр алыптыр, бирок көп өтпөй ал көз карашымды толугу менен өзгөрттүм.

Болжол менен ошол убакта, 1989-жылы, Боливияга Нью-Йорктон Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү келерин жана стадиондо сөз сүйлөөрүн уктум. Уюмдун «төрүндөгү» кишини кандай тосуп алышарын көрүүгө ынтызар болдум. Аны шаан-шөкөт, оркестр менен тосуп алышат деп ойлодум.

Бирок жолугушуу башталганда, өзгөчө бир кишинин келгенинен кабар берген эч белги болгон жок, мен тынчсыздана баштадым. Мануела экөөбүздүн жаныбызда бир кары жубайлар отурушкан. Мануела анын аялынын ыр китеби англисче экенин байкап, программанын тыныгуу учурунда аны менен бир аз пикир алышты. Анан алар кетип калышты.

Ошол аялдын күйөөсү негизги баяндаманы айтуу үчүн сахнага чыкканда, экөөбүздүн кандай таң калганыбызды элестетсеңер! Ошол учурда кызмат ордуна, урмат-сыйга, бийликке жана ээлеген абалга карата жылдар бою калыптанып калган көз карашым түп-орду менен өзгөрдү. «Элестетсеңер, биздин жаныбызда стадиондун ыңгайсыз орундугунда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү отуруптур!» — деп кийинчерээк айтып жүрдүм.

Азыр Иэндин Матай 23:8деги Иса айткан: «Силер болсо биртуугансыңар»,— деген сөздөрдү түшүндүрүүгө далай жолу аракет жасаганын эстесем күлкүм келет.

Биринчи жолу кабар айтышым

Аскердик кызматымдан бошогондо, Иэн мени аны менен үйдөн үйгө кабар айтууга чакырды (Элчилер 20:20). Биз мен такыр баргым келбеген аймакка, аскер кишилер жык жашаган жерге, бардык. Бир үйдөн деле жолуккум келбеген генерал чыкса болобу! Аны көрүп аябай толкунданып кеттим. Ал портфелимди, колумдагы Ыйык Китепти көрүп: «Сага эмне болгон?» — деп жактырбай сураганда, ого бетер тынчсыздана түштүм.

Бирок ичимен кыскача тиленип алгандан кийин өзүмдү ишенимдүү сезип, тынчсызданбай калдым. Генерал сунуштоомду угуп, ыйык китептик адабият алды. Ошол окуя өмүрүмдү Жахабага арноого түрткү берди. Ошентип, 1990-жылдын 3-январында арналуумду сууга чөмүлтүлүү менен көрсөттүм.

Убакыттын өтүшү менен аялым, уулум жана кызым Жахабанын Күбөлөрү болушту. Учурда мен жыйналышта аксакал болуп кызмат кылам жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар айтууга толук убакыт катышам. Жахабаны билгеним жана аны менен жакын мамиледе болгонум мен үчүн зор сыймык. Буга бир да наам, бир да кызмат орду тең келе албайт. Тартип менен уюшкандык катаалдыкка, каардуулукка эмес, боорукердикке жана камкордукка негизделиши керек. Жахаба — тартиптин Кудайы, бирок андан да маанилүүсү, ал — сүйүүнүн Кудайы (1 Корунттуктар 14:33, 40; 1 Жакан 4:8).

[Шилтемелер]

^ 21-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

[25-беттеги сүрөт]

Агам Ренато менен, 1950-жыл

Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген аскер кызматчылары менен салтанаттуу жолугушууда