Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сасык тумоодон сактангыла

Сасык тумоодон сактангыла

Сасык тумоодон сактангыла

Дүйнө түзүлүшүнүн акыры жөнүндөгү пайгамбарлыгында Иса «жер-жерлерде жугуштуу оорулар... болорун» айткан (Лука 21:11). Жугуштуу оорулардын катарына сасык тумоо, тактап айтканда, грипп да кирет.

САСЫК ТУМООНУ тирүү клеткаларга кирип, уруктанып-көбөйүү үчүн ал клеткалардын механизмин башкарып ала турган микроскопикалык организм, вирус, пайда кылат. Грипп вирусу дем алуу системасына чабуул жасап, оорулуу кишиден башка кишиге, негизинен, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, ал тургай сүйлөшкөндө чачырай турган бүркүндүлөр аркылуу жугат. Ал тез арада көп кишиге жугуп, кеңири аймакка кулач жайганда пандемияга айланат.

Вирустар адамдарга эле эмес, жаныбарларга жана канаттууларга да жугат. Грипп вирусу А, Б, С деген түрлөргө бөлүнөт. Гриппти көбүнесе А түрүндөгү вирус пайда кылат. Вирустун түрү негизинен анын кабыкчасындагы гемагглютинин (H) жана нейраминидаза (N) деген эки ферментке жараша аныкталат.

Грипп вирустарынын кооптондура турган негизги нерселери: алар өтө тез көбөйүп, дайыма өзгөрүп турат. Ошондой эле алардын ар кандай түрлөрү кошулуп, жаңы түрдү пайда кылышы мүмкүн. Эгер адам вирустун жаңы түрүнө дуушар болсо, анын иммундук системасы анын мизин кайтара албай калышы ыктымал.

Сасык тумоо, адатта, суук түшкөндө күч алат. Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, муздак температурада вирустун сырткы чел кабыгы абада аны жашоо мезгилин узарта турган коргоочу илээшкек суюктукка айланат, бирок адамдын дем алуу жолдорундагы жогорураак температурада эрип кетет да, инфекцияны пайда кылат. Муздак аба вирустук инфекцияны пайда кылбайт. Анткен менен ал алардын таралышына жакшы шарт түзөт.

Коргонуу чаралары

Оорунун күч алышына даяр болуунун маанилүүлүгүн түшүнгөндүктөн көптөгөн өкмөттөр андай учурда кандай иш-аракет кылуу керектигин алдын ала белгилеп коюшкан. Ал эми жеке силер эмне кылсаңар болот? Келгиле эмесе, коргонуунун негизги үч чарасын карап көрөлү.

Организмиңерди чыңдагыла. Үй-бүлөңөрдөгүлөрдүн жетиштүү уктап, организмдин коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдай турган тамак-аштарды жеп жатканына ынангыдай болгула. Иммундук системаны бекемдей турган аминокислоталарга бай жашылча-жемиштерге, дан өсүмдүктөрүнө жана майы аз белокторго басым жасагыла.

Микробдордун көбөйүшүнө бөгөт койгула. Колдон келсе, үстөлдүн жана башка эмеректердин үстүн күнүгө кылдат тазалагыла. Идиш-аяктарды — ар бир колдонгон сайын, ал эми шейшептерди үзгүлтүксүз жууп тургула. Адамдар кармаган нерселерди: эшиктин туткаларын, телефондорду жана башкаруу пульттарын дезинфекциялагыла. Бөлмөнү же үйдү желдетип тургула.

Жеке гигиенанын жакшы адаттарына кармангыла. Колду самындап, жакшылап жуугула же курамында спирти бар каражаттар менен тазалагыла. (Мүмкүн болсо, дезинфекциялоочу суюктук куюлган кичинекей бөтөлкөнү жаныңарга ала жүргүлө.) Башкалар менен, атүгүл үй-бүлөңөрдүн мүчөлөрү менен бир сүлгү колдонбоого аракет кылгыла.

Кир колуңар менен көзүңөрдү, мурдуңарды же оозуңарды кармалабагыла. Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө, мүмкүн болсо, оозу-мурдуңарды бир жолу колдонула турган салфетка менен жаап, анан дароо ыргытып жибергиле. Микробдордун жайылышына өбөлгө түзгөн уюлдук телефон сыяктуу башкалардын буюм-тайымдарын колдонуудан качкыла. Балдарды мындай адаттарга карманууга жакшылап үйрөтүү зарыл. Андай адаттарга кармануу бардык учурда, айрыкча, сасык тумоо күч алган маалда абдан пайдалуу.

Башкаларды эске алгыла

Оорунун белгилерин байкаганыңардан бир күн мурун эле ал башкаларга жуга башташы жана ооруп калганыңардан тартып беш күнгө чейин жуга бериши ыктымал. Грипптин белгилери суук тийгендегиге окшош болот, бирок андан кыйла оор өтөт. Аларга температуранын (көп учурда өтө жогору) көтөрүлүшү, баш ооруу, аябай алсыроо, кургак жөтөл жана эт-булчуңдун оорушу кирет. Мурундан суу агышы жана жүрөк айлануу, кусуу жана ич өткөк сыяктуу белгилер чоң кишилерге караганда балдарда көбүрөөк байкалат. Эгер өзүңөрдөн оорунун белгилерин байкасаңар, мүмкүн болсо, үйдөн чыкпагыла, ошондой эле башкаларга жугузуп албаш үчүн этият болгула.

Жетиштүү эс алгыла жана суюктукту көп ичкиле. Вируска каршы дарылар оорунун белгилери байкала баштаганда дароо ичкенде гана жардам бериши мүмкүн. Аспиринди (ацетилсалицил кислотасын) тумоолоп калган балдарга берүүгө болбойт. Эгер өзүңөрдөн пневмониянын белгилерин байкасаңар, башкача айтканда, оор дем алып, көкүрөк-көөдөнүңөр ооруп же башыңар сынып жатса, тезинен доктурга көрүнгүлө.

Ооба, грипп алдан-күчтөн тайдырышы мүмкүн. Бирок даяр болсок, аны жеңилирээк көтөрүп кете алабыз. Андан сырткары, Ыйык Китепте убадалангандай, бир да киши: «Мен ооруп жатам»,— деп айтпай турган убак келери бизди жубатат (Ышайа 33:24).

[20-беттеги кутуча]

ГРИППТИН ООР ТҮРҮ

2009-жылы биринчи жолу Мексикада айкын болгон грипптин H1N1 деген түрү 1918-жылдары он миллиондогон адамдын өмүрүн алып кеткен «испанка» гриппине окшош. Бирок грипптин H1N1 түрү чочколор менен куштар чалдыккан вирустарда табылган элементтерди да камтыйт.

[19-беттеги кутуча]

6 КОРГОНУУ ЧАРАСЫ

1. Жөтөлгөндө оозуңарды жапкыла

2. Колуңарды жуугула

3. Үйүңөрдү желдеткиле

4. Таза кармагыла

5. Ооруп калсаңар, үйдөн чыкпагыла

6. Кол алышуудан, кучакташуудан качкыла

[21-беттеги кутуча]

ЭПИДЕМИЯ БАШТАЛСА...

Эң алгач, саламаттыкты сактоо кызматкерлери берген көрсөтмөлөргө кармангыла. Катуу тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Бул макалада берилген кеңештерге тыгыз кармангыла. Мүмкүн болсо, көп эл чогулган жерлерден оолак болгула. Эгер ооруп калсаңар, бет кап кийип алганыңар дурус. Колуңарды бат-баттан жууп тургула. Дүкөнгө бара албай кала турган учурга, болжол менен эки жумага жеткидей кылып, көпкө сактала турган азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана гигиенаны сактоо үчүн зарыл болгон каражаттарды алып койгула.

Жумушта, сыйынуучу жайларда жана башка көп эл чогулган жерлерде жогоруда айтылган кеңештерге кармангыла. Ошондой эле жашаган, иштеген жериңерди жакшылап желдетип турууга аракет кылгыла.