Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Укмуштуудай бекем сөөк

Укмуштуудай бекем сөөк

Өзү жаралганбы?

Укмуштуудай бекем сөөк

● Сөөк «чоюлчаактык, кысылуучулук жагынан ийилчээктиктин жана бекемдиктин инженердик шедеври» катары сүрөттөлөт. Эмне үчүн?

Көңүл бурсаңар: кишинин скелети болжол менен 206 сөөктөн жана 68 муундан турат. Сөөктүн эң узуну — кашка жилик, ал эми эң кичинекейи — кулактын ичинде жайгашкан үзөңгүчө. Чебер гимнасттын кыймылы көрсөтүп тургандай, сөөктөр, булчуңдар, кемирчектер жана муундар эриш-аркак иштеп, кишинин дене-боюнун укмуштуудай ийилчээк жана ыкчам кыймылдашына шарт түзөт. «Кишинин бир бармагы эле денебиздин архитекторунун, ал ким болбосун, чынында эле, гений экенин тастыктап турат!» — деп билдирет Американын космос биомедициналык изилдөө боюнча улуттук институту.

Андан сырткары, сөөк укмуштуудай бекем. Институт белгилегендей, «[анын] түзүлүшү так эле темир-бетондукундай. Темир-бетондун болоту чоюу күчүнө, ал эми цемент, шагыл жана таш кысуу күчүнө туруштук берет. Бирок сөөктүн кысууга туруштук берүү күчү атүгүл эң мыкты темир-бетондукунан ашып түшөт». «Биз мунун көчүрмөсүн жарата аларыбызга үмүттөнөбүз»,— дейт Калифорния университетинин (Беркли, АКШ) материалдарды изилдөө илиминин профессору Роберт Ричи.

Бетондон айырмаланып, сөөк сансыз тирүү организмдердин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Андан тышкары, дайыма кыймылда болуп, өнүгүп-өзгөрүп турат. Ал өзүн-өзү калыбына келтирүүгө, өрчүп-өсүүгө таасир эткен гормондорго жооп кайтарууга жөндөмдүү жана кандын клеткаларын пайда кылууда маанилүү роль ойнойт. Сөөк, булчуңдардай эле, күч келген сайын чыңдала берет. Ошондуктан, атлеттердин сөөктөрү көп кыймылдабаган адамдардыкына караганда салмактуу келет.

Кандай деп ойлойсуңар? Сөөк кокустуктан пайда болгонбу? Же жаратылганбы?

[29-беттеги сүрөт]

Сөөктүн түзүлүшү (чоңойтулган)

[29-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Leg bone: © MedicalRF.com/age fotostock; close-up: © Alfred Pasieka/Photo Researchers, Inc.; gymnast: Cultura RF/Punchstock