Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чечкиндүү бол

Чечкиндүү бол

Чечкиндүү бол

«Көптөргө тамекини таштоого жардам берген негизги нерсе — ичтен түрткү берүүчү күч» («Тамекини азыр ташта!»).

БАШКАЧА айтканда, тамекини таштагың келсе, эң алды, муну абдан каалашың керек. Анда кантип күчтүү каалоо өрчүтүп, тамекини таштоого чечкиндүү боло аласың? Баарынан мурда, мунун аркасында кандай пайда аларың жөнүндө ойлонуп көр.

Акчаңды үнөмдөйсүң. Күнүнө бир пачка чылым чеккен киши жылына миңдеген сом коротот. «Тамекиге ушунча акча кетирем деп ойлобоптурмун» (Гиану, Непал).

Жашоодон көбүрөөк кубаныч аласың. «Тамеки тартпай калгандан кийин гана жашоонун даамын тата баштадым, ошондон бери жашоом жакшыргандан жакшырып эле келатат» (Регина, Түштүк Африка Республикасы). Адам тамекини таштаганда, анын даам татуу, жыт сезүү жөндөмү кыйла жакшырат. Ал күч-кубатка толот, сырткы келбети да жакшынакай боло түшөт.

Ден соолугуң чыңалат. «Тамекини таштаганда бардык курактагы адамдар — аялдар да, эркектер да — ден соолугунун дароо бир топ жакшырганын сезишет» (Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору, АКШ).

Өзүн өзү сыйлоо сезимиң жогорулайт. «Тамекинин мага кожоюн болушун каалаган жокмун, өз денеме өзүм кожоюн болгум келди. Ошондуктан ал адатыман арылдым» (Хеннинг, Дания).

Үй-бүлөң жана досторуң пайда алат. «Тамеки чегүү... айланаңдагы адамдардын ден соолугуна зыян келтирет... Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыл сайын миңдегендер бирөөнүн тамекисинин түтүнүнөн улам өпкө рагына, жүрөк ооруларына чалдыгып, өлүмгө дуушар болушат» (Американын рак оорулары менен күрөшүү коому).

Жараткандын жүрөгүн кубантасың. «Сүйүктүү биртуугандарым,.. денебиз[ди]... булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы» (2 Корунттуктар 7:1). «Денеңерди... ыйык жана Кудайга жага турган курмандыкка бергиле» (Римдиктер 12:1).

«Денени булгаган нерселер Кудайга жакпай турганын билгенимде тамекини таштоону чечтим» (Силвия, Испания).

Бирок көп учурда тамекини таштоону каалап коюу эле жетишсиз. Башкалардын, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана достордун жардамы да зарыл болушу мүмкүн. Алар кандай жардам көрсөтө алышат?