Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өңү-түсүңө каниет кыл

Өңү-түсүңө каниет кыл

Өңү-түсүңө каниет кыл

● Африкада, Азиянын түштүгүндө, Кариб деңизинин аралдарында жана Ортоңку Чыгышта жашаган айрым кишилер ак жуумал болууну ийгиликтин жана модалуулуктун белгиси катары көрүшөт. Ошол себептен ал жерлерде жашаган көптөгөн эркек-аялдар агаруу максатында ар кыл каражаттарды колдонушат. Бирок бул кээде алардын ден соолугуна чоң зыян келтирет.

Айрым агартуучу кремдердин курамында гидрохинон, меланиндин бөлүнүп чыгышына бөгөт койгон агартуучу зат, бар. Ошондуктан андай каражаттар теринин ультракызгылт көк (УК) нурлануунун зыяндуу таасиринен коргогон табигый касиетине доо кетирет. Гидрохинон териге сиңип, тутумдаштыргыч ткандарды калыбына келгис зыянга учуратат. Мунун кесепетинде киши эрте карыйт. Ал химиялык зат рак ооруларын да пайда кылышы мүмкүн. Башка кремдердин курамында дагы бир уулуу зат — сымап — бар.

Андан тышкары, андай каражаттарды көп убакыт бою колдонуу ырайды бузган тактарды, безеткилерди пайда кылат. Алар терини ушунчалык жукартып салгандыктан, операция кылынса, аны тиккенге да мүмкүн эмес болуп калат. Андай каражаттардын курамындагы химиялык заттар канга сиңсе, боорду, бөйрөктү жана мээни жабыркатышы, атүгүл иштен чыгарышы мүмкүн.

Кызык, айрым кара тору кишилер агарууну кааласа, көптөгөн ак жуумал кишилердин карарсам дегенде эки көзү төрт. Албетте, чеги менен күнгө күйүү ден соолукка пайдалуу. Мисалы, ал Д витаминин бөлүнүп чыгарылышына өбөлгө түзөт. Бирок узак убакыт бою, айрыкча, чак түштө күнгө күйүү зыян. Айта кетчү нерсе, теринин карарышы — анын жабыркаганынын жана УК нурларынын зыяндуу таасиринен өзүн коргоого аракет жасап жатканынын белгиси. Бирок анын өзүн өзү коргоо касиети чектелүү. Маселен, ак жуумал кишинин терисинин бир аз карарганы күндөн коргоочу төрт факторлуу эле кремдин күчүнө тете. Күндөн коргоочу кремдерди үзгүлтүксүз колдонуу кандайдыр бир деңгээлде жардам бергени менен, алар күндүн зыяндуу таасиринен жана рактын айрым түрлөрүнөн, анын ичинде меланомадан 100 пайыз коргой албайт.

Ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «ар бир кишини өзүнүн өңү-түсүнө каниет кылууга үндөө зарыл» экенин билдирет, анткени «бул күндүн зыяндуу таасиринен коргонууга карата туура көз карашта болууга шарт түзөт». Чыныгы акылмандыкка ээ болгондор Ыйык Китепте айтылган «жүрөктө сакталган, өчпөс кооздукка» ээ болууга умтулушат. Ал кооздук убакыттын өтүшү менен алгачкы сынынан ажыраган сырткы көрүнүштөн айырмаланып, уламдан улам көркүнө чыга берет! (1 Петир 3:3, 4, «Мукаддас»; Накыл сөздөр 16:31).