Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал тек гана ыр болушу мүмкүн»

«Ал тек гана ыр болушу мүмкүн»

«Ал тек гана ыр болушу мүмкүн»

Исанын Филиппиндеги жашы өр тартып калган жолдоочусу Жулиана апа өрчүшүп кеткен Альцгеймер оорусу менен ооручу. Ал атүгүл өзүнүн балдарын да тааныбай калган. Ошентсе да ал жашаган аймакка барып калганымда, ага сөзсүз кайрыла кетчүмүн.

Төшөктөн турбай калган Жулиана апа кечке терезени тиктеп жата берер эле. Анын жанында болгондо зээним кейичү, анткени мени тааныбай калган. Ал мени көздөрүн бакырайтып алып карачу, бирок алардан тирүүлүктүн да, мени таанып жатканынын да эч бир белгисин көрчү эмесмин. Бир жолу андан: «Жахаба жөнүндө дагы деле ойлоносузбу?» — деп сурадым. Анан кызматта болгон бир окуяны айтып берип, дагы бир нече суроо узаттым, бирок мени түшүнгөн жок окшойт. Андан соң бир ыр ырдай баштадым. Ошондон кийин ушунчалык жүрөк козгоорлук окуя болду!

Жулиана апа башын буруп, мени карады да, кошо ырдап кирсе болобу! Бир пастан кийин мен токтоп калдым, себеби ырдын сөздөрүн жергиликтүү тагал тилинде толугу менен жатка билчү эмесмин. Бирок Жулиана апа ырдай берди, ырдын үч куплети тең эсинде экен. Ошондо мени менен бирге келген бир туугандан кошуна жашаган Күбөдөн ыр китеп сурап келишин сурандым, ал заматта алып келе койду. Ырдын номерин билчү эмесмин, бирок бир ачканда эле, так ошол ыр ачылып калды. Ошентип, мунусунда баарыбыз чогуу ырдадык. Анан Жулиана ападан: «Дагы башка ырлар эсиңиздеби?» — деп сурасам, сүйүү жөнүндөгү эски филиппин ырын ырдап кирди.

«Жок, Жулиана апа, радиодон берилген эмес, Падышалык залында * ырдалган ырлардан»,— дедим мен. Анан ыр китептен башка ырды ырдай баштасам, ал дароо мени коштоп кетти. Ошондо анын суз тарткан, тунарган көздөрү чырактай жанып, жылмайганынан чекеси миң тырыш боло түштү.

Ошол убакта кошуналар ким ырдап жатат деп кызыгып, терезенин тушуна келип бизди угуп жатышты. Музыка Жулиана апанын жүрөгүн козгоп жатканын көрүү кандай кубанычтуу болду! Музыканын жардамы менен ал ырдын сөздөрүн эстей алды.

Бул окуядан мен бир нерсени түшүндүм: адамдын акыл-эсин караңгылатып, ага башкаларды түшүнүүгө, алар менен пикир алышууга жолтоо болгон кара булутту эмне жиреп өтүп, жүрөк кылдарын эмне козгой турганын билбейсиң... Ал тек гана ыр болушу мүмкүн.

Ошол окуядан көп өтпөй, Жулиана апа каза болуп калды. 2009-жылы Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган жан дүйнөнү козгогон жаңы обондорду укканда ошол окуя эсиме түштү. Ал уккулуктуу, жүрөккө жагымдуу обондорду уккуңар келсе, алардын жаздырууларын силердин аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнөн сурасаңар болот.

[Шилтеме]

^ 5-абз. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыш жолугушуулары өткөрүлгөн жай ушинтип аталат.