Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байланыш каражаттары кеңири таралган дүйнөдө жалгызсыроо

Байланыш каражаттары кеңири таралган дүйнөдө жалгызсыроо

Байланыш каражаттары кеңири таралган дүйнөдө жалгызсыроо

БҮГҮНКҮ күндө уюлдук телефон, СМС билдирүү, чат, электрондук билдирүү, коомдук Интернет тармактары сыяктуу байланыш каражаттары болуп көрбөгөндөй кеңири таралууда. Бирок ушуга карабастан көптөр: жаштар да, карылар да өздөрүн жалгыз сезишет. Эмне үчүн?

Жон Т. Качипо менен Уилиам Патрик жалгыздык тууралуу изилдешип, «Жалгызсыроо. Адамдын табияты жана пикирлешүүгө болгон муктаждыгы» деген китеп жазышкан. Ал китепте бир изилдөөдөн шилтеме келтирилип: «Адамдардын бири-бири менен бетме-бет сүйлөшүүнүн ордуна, Интернетти көп колдонушу башкалардан обочолонууга жана көңүл чөгөттүкө алып келет»,— делген («Loneliness—Human Nature and the Need for Social Connection»).

Жашоонун агымы ушунчалык тез өтүп жаткандыктан жагымдуу пикирлешүүгө убакыт табуу кыйынга турууда. Адамдын жүзүндөгү жылмаюусун, көзүндөгү жылуу сезимин телефон же компьютер аркылуу көрүп-сезүү мүмкүн эмес.

Жогорудагы айтылгандар жумушта адаттагы нерселерге эле айланып калды, бирок, өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүш үй-бүлөдө да кездешип жатат. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө үй-бүлө мүчөлөрү үйүнө тек гана келип-кеткени болбосо, чогуу тамактануу, пикирлешүү жокко эсе болуп калды. Өспүрүмдөр компьютерден башы чыкпай үй-бүлөсүнөн обочолонуп, өзү менен өзү болуп жүрө беришет. Алар электрондук байланыш каражаттарынын көп болгонуна карабастан өздөрүн жалгыз сезишет.

Бүгүнкү күндө атүгүл жубайлар да жалгызсырашы мүмкүн. Пикир алышуунун жетишсиздиги алардын анда-санда эле кесилишкен эки башка жолдо кетип бараткандай жашап калышына алып келет. Адамдын өмүрлүк жары бар болуп туруп, жалгызсырашы жалгызсыроонун эң эле коркунучтуу түрлөрүнүн бири деп айтууга болот.

Өзгөчө, жалгыз бой ата-энелерге жалгыздык менен күрөшүүгө туура келет. Байланыш каражаттарынын кеңири таралышы жана башка нерселер ата-энелер менен балдарынын жылуу пикир алышуусуна тоскоолдук кылып, алардын жалгызсырашына себеп болууда. Ошондой эле көптөгөн бойдоктор өмүрлүк жар табууну каалашат, бирок алардын эмоциялык муктаждыктары канааттандырылбай калууда.

Жалгызсыроо аракечтикке, ашыра тоюуга, баңгизат колдонууга, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүүгө, атүгүл өз өмүрүн кыюуга алып келген коомдук көйгөйгө айланды. Ошондуктан жалгызсыроонун себептерин аныктап алуу маанилүү. Бул кадамдарды жасоо жалгызсыроо сезими менен ийгиликтүү күрөшүүгө жардам берет.