Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Биздин тилде уят сөздөр жок»

«Биздин тилде уят сөздөр жок»

«Биздин тилде уят сөздөр жок»

КАНДАЙ сөздөр уят сөз деп эсептелет? Бир сөздүккө ылайык, андай сөздөргө «кордогон, орой, адепсиз» сөздөр кирет («The American Heritage Dictionary»). Тилекке каршы, көптөгөн өлкөлөрдө уят сөздөрдү сүйлөө боло жүргөн нерсеге айланды. Мурун адепсиз сөздөрдү көбүнесе эркектердин оозунан уксаң, азыр аялдар бул жагынан алардан ашып эле түшпөсө, кем калышпайт. Анткен менен айрым маданияттарда уят сөз сүйлөө жат көрүнүш болуп келген. Мисалы, Жеймс Кайвайкла аттуу индей апач кишинин айткандарына көңүл буралы.

Жеймс, болжолу, 1873-жылы АКШнын Нью-Мексико штатында туулган. Карылыкка бой сунуп, жашы 90го таяп калганда ал мындай деген:

«Бир күнү эртең менен чоң атамдын үнүнөн ойгонуп кеттим. Ал бадалдын көлөкөсүндө күндүн чыгышына суктана карап, „Таңкы ырды“ ырдап отуруптур. Ал Уссенге арналган гимн эле *... Анда Уссенге эң зор белеги — аял менен эркектин ортосундагы сүйүү белеги — үчүн ыраазычылык билдирилчү. Ал сүйүүнү апачтар ыйык тутушкан. Алар эч качан жыныстык мамиле жөнүндө адепсиз тамашаларды айтышчу эмес жана ак түстөгү кишилердин бойго бүтүүнү, баланын төрөлүшүн тамаша кылганы алардын акылына сыйчу эмес. Бул апачтар үчүн Кудайдын ысмына акарат кылууга тете болгон. Биздин тилде уят сөздөр жок, мен буга аябай сыймыктанам. Жаңы өмүрдүн жаралышына катышуу сыймыгы үчүн биз өмүрдүн Жаратуучусуна ыраазычылык билдиребиз» («Улуттук мурас», Арлен Хиршфэлдер тарабынан редакцияланган).

2 000 жылдай мурун Исанын жолун жолдогон элчи Пабыл мындай деп жазган: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн, зарыл болгондо, аларды бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгүлө». Ал мындай деп кошумчалаган: «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ачкөздүк жөнүндө сөз да болбосун, анткени бул ыйыктарга жарашпайт. Ошондой эле уятсыз жүрүм-турум, болбогон сөздөр, адепсиз тамашалар сыяктуу орунсуз нерселерге да жол берилбесин. Андан көрө, Кудайга ыраазычылык айтылсын» (Эфестиктер 4:29; 5:3, 4).

Оозубуздан уят сөздөр жана адепсиз тамашалар чыкпашы үчүн, аларды жүрөгүбүздөн жана акылыбыздан сүрүп чыгарышыбыз керек. Кантип? Бизге Пабылдын филипиликтерге берген төмөнкү кеңеши жардам берет: «Биртуугандар, эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышса, эмне жакшылык кылуучулукка жатса жана эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө» (Филипиликтер 4:8).

[Шилтеме]

^ 4-абз. Апачтардын ишеними боюнча, Уссен — өмүрдүн жаратуучусу.

[26-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

All photos: Library of Congress, Prints & Photographs Division; Apache symbol: Dover Publications, Inc.