Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Боз үй көчүп-конууга ылайыктуу үй

Боз үй көчүп-конууга ылайыктуу үй

Боз үй көчүп-конууга ылайыктуу үй

ЖУМШАК, тегерек, кышкысын жылуу, жайкысын салкын. Бул эмне? Бул суроого Орто Азиянын көчмөн калкы боз үй деп жооп берет. Монголия менен Казакстандын түздүктөрүндө, Кыргызстандын тоолуу жана өрөөндүү аймактарында боз үй кеңири колдонулуп келген.

Боз үй бири-бирине кайчылаштыра көзөлүп көктөлгөн керегеден, түндүк менен бириктирилген ууктардан турат. Керегенин сыртына чий капталып, үстүнө койдун жүнүнөн жасалган кийиз (туурдук) каланат, ал эми ууктун үстүнө үзүктөр, түндүктүн үстүнө түндүк жабуу жабылат. Боз үй жеңил келет, оңой тигилип, оңой чечилет. Ал — жайкысын салкын, кышкысын жылуу болгон бекем, ыңгайлуу үй. Кыргыздар аны «боз үй» деп атаса, казактар «кийиз үй» дешет, ал эми монголдор «жер» (үй дегенди билдирет) деп аташат.

Боз үйдүн өңү боз же ак болот. Бул боз үйгө жабылган кийиздин кандай жүндөн жасалганынан көз каранды. Кыргыздар жана казактар боз үйдү ар кандай өңгө боёлгон жүндөн оймо салынган кийиздер менен кооздошот. Байыркы убактарда үй-бүлөнүн колунда бар же жок экенин кооз жууркан-төшөктөрүнөн жана ар түркүн оймо салынган ала кийиз, шырдактарынан билишчү.

Боз үйдү кармап турган негизги бөлүгү болуп түндүк эсептелет. Ага ууктар сайылат. Боз үйдү желдетиш үчүн түндүк жабууну ачып, ал эми күн суукта жаап коюшат. Түнкүсүн болсо асмандагы жымыңдаган жылдыздарды карап суктанып жатыш үчүн түндүк жабууну ачып койсо болот.

Көчмөн жашоого ылайыктуу үй

Кыргызстандын, Казакстандын, Монголиянын кээ бир айылдарында эл дагы деле көчүп-конуп жашайт. Бекки Кемери «Боз үй. Тегерек үйдө жашоо» деген китебинде монголиялыктардын боз үйдү азыр деле төөлөргө артып көчүрөрүн мындайча баяндайт: «Боз үйдүн уук-керегелерин төөнүн эки жагына тең салмактап артып, андан соң түндүктү төөнүн өркөчүнө коюшат. Ал эми кийиздерин башка төөгө жүктөшөт. Төө жок жерлерде малчылар боз үйдү топоздор, ат арабалар же жүк ташуучу машинелер менен көчүрүшөт» («Yurts—Living in the Round»).

Монголдордун боз үйлөрүнүн ууктары түз, түндүгү жалпагыраак келет. Мындай боз үй катуу шамалга туруштук берип, чагылгандан коргойт. Кыргыздардын жана казактардын боз үйлөрү монголдордукуна салыштырмалуу тегерегирээк келет. Күндүн нуру тийиш үчүн, боз үйдүн эшигин күн чыгыш тарапты каратып тигишет. Боз үйдүн босогосун аттап кирер менен эле төрдөгү сандыктын үстүнө жыйылган кооз жууркан-төшөктөргө көз түшөт. Адатта, төргө сыйлуу конокту жана сакалдуу кишини отургузушат.

Боз үйдүн оң тарабы аялдарга тиешелүү. Ал жакка казан-аяк, шыпыргы, тигүүдө жана кийиз жасоодо колдонулган шаймандар коюлат. Ал эми эркектерге тиешелүү болгон сол тарабынан ээр-токум, камчы, ууга чыкканда жана малды кароодо колдонула турган шаймандарды көрүүгө болот.

Кылым карыткан боз үй

1917-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин көчмөн калктын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Россия өкмөтүнүн демилгеси менен бүткүл Орто Азияда мектептер, ооруканалар курулуп, жолдор салына баштаган.

Убакыттын өтүшү менен жергиликтүү эл көчүп-конбой, шаарларга, айылдарга отурукташып жашай баштаган. Бирок азыр деле малчылар мал менен жайлоого чыкканда боз үйлөрдү колдонушат.

Кыргызстанда жашаган жашы кырктарга келип калган Максат мындай деп эскерет: «Ата-энем чабан болчу. Бала чагымда атама малды караганга жардам берчүмүн. Июль айларында кар ээрип ашуу ачылганда мал менен жайлоого чыкчубуз.

Боз үйдү сууга жакын жерге тикчүбүз. Ошол жерде суук түшкүчө, октябрга чейин, турчубуз». Ооба, боз үй бүгүнкү күндө да колдонулат.

Азыркы боз үйлөр

Кыргызстандын айрым жерлеринен жолдун боюна кыдырата тигилген боз үйлөрдү көрүүгө болот. Алар дүкөн, ашкана катары колдонулат. Каалоочулар ал жактан жергиликтүү элдин тамагынан даам сыза алат. Кыргыз элинин жашоосун татып көргүсү келген чет өлкөлүк меймандар тоолордогу же Ысык-Көлдүн жээгиндеги боз үйлөргө түнөп кетишсе болот.

Орто Азиянын айрым жерлеринде боз үйдү сөөк узатууда да колдонушат. Максат мындай деп кошумчалайт: «Кыргыздарда коюлганга чейин сөөк боз үйдө болот. Ал жерде өлгөн кишинин жакындары, достору аны жоктоп ыйлашат».

Акыркы маалдарда батыш өлкөлөрүндө да боз үйлөр пайда боло баштады. Айрымдар ыңгайлуу, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген мындай үйлөрдү колдонууну сунуш кылууда. Бирок азыркы боз үйлөрдүн көбү мурунку боз үйлөрдөн айырмаланат. Анткени азыр аларды көп убакытка чейин колдонгудай кылып, жогорку техникалык материалдардан жасашат.

Байыркы убакта жасалган боз үйлөр абдан бышык болгон деп айта албасак да, алардын жашоо-тиричиликтеги ролу баа жеткис болгонуна шектенбесек болот. Боз үй Орто Азиядагы көчмөн калк үчүн эң ылайыктуу, эң ыңгайлуу үй болгон жана бул жергиликтүү элдин ыңгайлаша билгенинен, тапкычтыгынан кабар берип турат.

[25-беттеги сүрөт]

Кыргызстандагы айтылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги боз үйлөр