Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

В гепатити. Жашыруун жан алгыч

В гепатити. Жашыруун жан алгыч

В гепатити. Жашыруун жан алгыч

«Мен 27 жашта элем. Үйлөнгөнүмө аз эле болгон, деним сак, күүлүү-күчтүү болчумун. Жумушум оор болчу, андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында көп жоопкерчиликтерди аркалачумун. Ошондо боорумду В гепатити талкалай баштаганынан кымындай да шек алган эмесмин» (Дак Юн).

БООР канды уулуу заттардан тазалагандан тышкары, бери дегенде эле, 500 маанилүү функция аткарат. Ошол себептен гепатит — боордун сезгениши — кишинин ден соолугуна чоң зыян келтирет. Гепатит спирт ичимдиктерин көп ичүүдөн же уу заттар менен уулануудан улам пайда болушу мүмкүн. Бирок көп учурда аны вирустар пайда кылат. Окумуштуулар андай вирустардын беш түрүн аныктап, кеминде, дагы үчөө бар деп эсептешет. ( Төмөндөгү кутучаны карагыла.)

Ал беш вирустун бири — В гепатитинин вирусу — жылына 600 000дей кишинин өмүрүн алат; жыл сайын ошончо киши безгектен каза табат. 2 миллиарддан ашуун киши, болжол менен дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү, В гепатитин жуктуруп алып, көбү бир нече айдын ичинде айыгып кеткен. Бирок 350 миллиондой кишиде ал дарт өнөкөт түрүнө өтүп кеткен. Андай адамдар, оорунун белгилери айкын билинеби же жокпу, өмүр бою башкалардын ден соолугуна коркунуч туудурушат *.

Эртерээк башталган сапаттуу дарылоо В гепатитинин өнөкөт түрүнөн жапа чеккендерге боорун катуу жабыркоодон сактап калууга жардам бериши ыктымал. Бирок көптөр В гепатитин жуктуруп алганын билишпейт, анткени аны кандын атайы анализи гана айкын кылат. Атүгүл боордун иштешин текшерген кадимки анализдер аны көрсөтпөшү мүмкүн. Ошондуктан В гепатитин эскертпей туруп кол салган жашыруун жан алгыч десе болот. Оорунун айкын белгилери аны жугузуп алгандан кийин ондогон жылдар бою билинбеши этимал. Ал убакта оору боордун циррозуна же рагына өтүшүп кетиши ыктымал. Бул эки дарт В гепатити менен ооруган ар бир төртүнчү кишини өлүмгө дуушар кылат.

«Каяктан жугузуп алдым?»

«Оорунун алгачкы белгилери 30 жашымда билине баштады,— дейт Дак Юн.— Ичим өткөндүктөн, терапевтке кайрылдым, бирок ал оорунун белгилерин эле дарылады. Анан Азия элдик дарылоо ыкмалары менен дарылаган дабагерге көрүндүм, ал ичеги, ашказанга дары жазып берди. Бирок эч кимиси гепатиттин бар-жогун текшерген жок. Ич өткөк басылбагандыктан, терапевтке кайра бардым *. Ал ичимдин оң жагын акырын басканда, ооруганын сездим. Кандын анализи ал шек санаган нерсени, вирустук В гепатити менен ооруй турганымды, айкын кылды. Ошондо уккан кулагыма ишенбей, нес болуп калдым! Мен эч качан кан куйдурган да, адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн да эмесмин».

Дак Юнга В гепатити менен ооруй турганы маалым болгондо, жубайы, ата-энеси, бир туугандары гепатитке анализ тапшырышкан. Алардын канында гепатиттен коргоочу антинерселер бар экени аныкталган. Демек, алардын иммун системасы организмин ал вирустан тазалаган. Дак Юн В гепатитин жакындарынан жуктуруп алганбы? Же аларга вирус башка бирөөдөн жукканбы? Муну эч ким так айта албайт. Негизи, жуктуруп алгандардын 35 пайызына оору кайдан жукканы белгисиз болуп кала берет. Белгилүү болгон нерсе, В гепатити тукум куубайт жана пикир алышканда, бир тамакты чогуу жегенде же бир идиштен тамактанганда жукпайт. В гепатитинин вирусу ага чалдыккан адамдын каны жана спермасы, вагиналдык суюктугу же шилекейи сыяктуу дене суюктуктары башка кишинин жабыркаган териси же былжырлуу кабыгы аркылуу канына аралашканда жугат.

Көптөр В гепатитин, айрыкча, кан ал вируска жакшы же таптакыр текшерилбеген өлкөлөрдө кан куйдуруу аркылуу жуктурууда. В гепатитинин жугуу деңгээли КИВдикинен, ЖИКСти чакырган вирустукунан, 100 эсе жогору. Ал атүгүл кенедей эле өлчөмдөгү, мисалы, устаранын мизинде калган инфекцияланган кан аркылуу да жугушу мүмкүн. Ал эми кандын катып калган тагындагы вирус бир же бир нече жума бою жашай бериши ыктымал *.

Түшүнүү менен мамиле кылуунун маанилүүлүгү

«Жумушумда В гепатити менен ооруй турганымды билишкенде, мени баарынан бөлүп, кичинекей офиске отургузуп коюшту»,— деп эскерет Дак Юн. Мындай мамиле жат көрүнүш эмес жана бул ал вирустун кандай жол менен жугарын билбегендиктин себеби болушу мүмкүн. Ал эмес, билимдүү кишилер да В гепатитин аябай жугуштуу, бирок өмүргө коркунуч туудурбаган А гепатити менен алмаштырышат. Мындан тышкары, В гепатити жыныстык жол менен да жуккандыктан, адеп-ахлактык жактан таза жашоо өткөргөндөргө да кээде шек саноо менен карашат.

Түшүнбөстүк жана шек саноо олуттуу кыйынчылыктарды туудурат. Алсак, көптөгөн жерлерде В гепатитине чалдыккан чоң кишилер да, кичинекей балдар да себепсиз эле жаман мамилеге дуушар болушат. Кошуна-колоңдор балдарына андай балдар менен ойноого тыюу салышат, аларды мектепке кабыл алышпайт, ал эми чоңдорду жумушка алышпайт. Басмырлоодон корккондуктан көптөр В гепатитине анализ тапшырышпайт же оорусун жашырышат. Айрымдар чындыкты айткыча, өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден соолугун тобокелге салууну туура көрүшөт. Ошентип, өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн болгон бул илдет муундан муунга өтө бериши толук ыктымал.

Тынчтыктын маанилүүлүгү

«Дарыгер мага тынчсызданбашым, мүмкүн болушунча тынч шарттарда жашашым керектигин айткан, бирок эки айдан кийин эле мен кайра иштей баштадым,— дейт Дак Юн.— Кандын анализи жана компьютердик томография аркылуу боордун циррозу менен оорубай турганым айкын болгондуктан, ден соолугум жакшы эле го деп ойлодум». Үч жылдан кийин Дак Юн иштеген компания аны чоң шаарга дайындаган, эми ал стресске көбүрөөк чалдыга баштаган. Чыгымдарын жабуу жана үй-бүлөсүн багуу керек болгондуктан, Дак иштей берген.

Бир нече айдын ичинде Дактын канындагы вирус күч алып, анын шайын оодарып, алдан-күчтөн тайдыра баштаган. Ал мындай дейт: «Мага жумушумду таштоого туура келди, ошондо кара жанды карч уруп иштегениме азыр аябай өкүнөм. Эгер жаныма күч келтирбешим керектигин эртерээк түшүнсөм, балким, мынчалыкка жеткирбей, боорума зыян келтирмек эместирмин». Дак Юн мындан маанилүү сабак алган. Ошондон тартып ал азыраак иштеп, чыгымдарын азайткан. Андан тышкары, үй-бүлөсү аны колдоого аракет кылган, жубайы үй-бүлөсүн багууга көмөк кылуу үчүн бир аз иштей баштаган.

В гепатити менен жашоо

Дак Юндун ден соолугу кичине жакшы болуп калган, бирок боору аркылуу кан жакшы өтпөй калгандыктан, анын артериялык кан басымы жогорулап кеткен. 11 жылдан кийин анын кызыл өңгөчүндөгү кан тамыр жарылып кеткендиктен, кекиртегинен кан атып, бир жума ооруканада жаткан. Ошондон 4 жыл өткөндөн соң, ал эс-акылынан адаша баштаган. Анткени анын боору организмин уулуу заттардан жакшы тазалай албай, мээсинде аммиак топтолуп кеткен. Бирок, бактыга жараша, дарылоонун жардамы менен ал көйгөй бир нече күндүн ичинде эле чечилген.

Дак Юн азыр 54 жашта. Эгер анын оорусу өтүшүп кете турган болсо, ага жардам бере турган дарылоо ыкмалары аз. Антивирустук дарылоо вирусту толугу менен жок кыла албайт, анын үстүнө, анын кошумча терс таасирлери болушу ыктымал. Акыркы жардам — боорун алмаштыруу, бирок донорлор аз, ал эми боорго муктаж болгондордун тизмеги узун. Дак Юн мындай дейт: «Мен күтпөгөн учурда жарылып кетиши мүмкүн болгон бомба сыяктуумун. Бирок буга көп тынчсызданбайм. Анткени мен тирүүмүн, үстүмдө үйүм, маңдайымда жакшынакай үй-бүлөм бар. Жаман болбой жакшы жок дегендей, оорум кайсы бир жагынан мага жардам берди: үй-бүлөмө жана Ыйык Китепти изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлүп калдым. Кудай Сөзү мага мезгилсиз өлүмдөн коркпоого жана оору болбой турган жашоону чыдамсыздык менен күтүүгө жардам берет» *.

Дак Юн жакшы маанай чагылдыргандыктан да анын үй-бүлөсүндө кубаныч өкүм сүрөт. Алардын баары — өзү, жубайы, үч баласы — Кудайга толук убакыт кызмат кылышат.

[15-беттеги кыстырма]

Эртерээк башталган дарылоо оорунун өрчүшүнө бөгөт коюшу мүмкүн

[16-беттеги кыстырма]

Басмырлоодон корккондуктан көптөр В гепатитине анализ тапшырышпайт же оорусун жашырышат

[14, 15-беттердеги кутуча]

Гепатиттин кандай түрлөрү бар?

Гепатитти 5 вирус чакырары маалым, алардын кеңири таралгандары А, В жана С тамгалары менен белгиленет. Окумуштуулар гепатиттин дагы башка вирустары бар деп эсептешет. Гепатиттин бардык түрлөрүнүн белгилери грипптикине окшош болушу мүмкүн жана анда сарыктыкындай белгилер болбошу ыктымал. Көптөрдө, өзгөчө, балдарда оорунун белгилери байкалбайт. Белгилери пайда болгон маалда В же С гепатити боорду катуу жабыркатып салган болушу мүмкүн.

ГЕПАТИТТИН А ВИРУСУ (БОТКИН ООРУСУ)

Гепатиттин А вирусу ага чалдыккан адамдын заңында болот. Ал вирус туздуу, тузсуз сууда жана музда жашай берет. А гепатити:

кишинин заң-заарасы аралашкан суудан кармалып алынган чийки деңиз жандыктары же инфекцияланган суу аркылуу,

 ал вируска чалдыккан киши менен тыгыз байланышта болуу, бир тамакты чогуу жеп-ичүү, бир идиштен тамактануу аркылуу,

дааратканага баргандан кийин, ооруган ымыркайдын астын которгондон кийин же тамак жасоонун алдында таза жуулбаган колдогу вирус аркылуу жугат.

А гепатити оор өтөт, бирок, адатта, өнөкөт ооруга айланбайт. Дээрлик бардык учурда организм өзү эле бир нече жуманын же айдын ичинде вирустарды жок кылат. Тынч шартта болуудан, туура тамактануудан тышкары, башка өзгөчө бир дарылоо караштырылбайт. Догдур боордун толугу менен айыкканын аныктаганга чейин, спирт ичимдиктеринен, ошондой эле боорго күч келтире турган ацетаминофен сыяктуу дарылардан качуу зарыл. А гепатити менен ооруп айыккан киши, кыязы, ага кайра чалдыкпайт. Бирок гепатиттин башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн. Вакциналоо А гепатитинин алдын алышы ыктымал.

ГЕПАТИТТИН В ВИРУСУ

Гепатиттин В вирусу ага чалдыккан кишинин канында, спермасында жана вагиналдык суюктугунда болот. Вирус бул суюктуктар аркылуу ага каршы иммунитети жок адамдардын организмине киргенде тарайт. Гепатиттин В вирусу:

төрөттө (ооруга чалдыккан энеден балага),

медицинада, стоматологияда, татуировка тартууда жана пирсинг жасоодо колдонулчу чала стерилденген аспаптар аркылуу,

иньекция кылуу үчүн колдонулчу ийне, устара, тырмак өгөөсү, кайчысы, тиш щётка жана жабыркаган тери аркылуу дени сак кишинин канына ооруган кишинин кымындай эле канын аралаштырышы мүмкүн болгон башка буюм-тайымдар аркылуу,

жыныстык катнаш аркылуу жугат.

Медицина тармагында иштегендер В гепатити курт-кумурскалар аркылуу же жөтөлүү, кол кармашуу, кучакташуу, беттен өбүү, эмизүү, бир тамакты чогуу жеп-ичүү, тамактанууда бир идишти колдонуу аркылуу жукпайт деп эсептешет. Чоң кишилердин көбү В гепатитинин оор түрүнөн айыгып, ага каршы иммунитетке ээ болушат. Ал эми кичинекей балдарда бул оорунун өнөкөт ооруга айланып кетишинин ыктымалдыгы чоң. Тийиштүү дарылоосуз В гепатитинин өнөкөт түрү боордун иштебей калышына жана өлүмгө алып келиши этимал. Вакциналоо В гепатитин алдын алышы ыктымал.

ГЕПАТИТТИН С ВИРУСУ

С гепатити негизинен В гепатити сыяктуу эле жолдор менен, бирок көбүнесе инфекцияланган ийне аркылуу жугат. С гепатитине каршы вакцина жок *.

[16-беттеги кутуча]

В Гепатитине бөгөт коюу

В гепатити бүт дүйнөгө кулач жайса да, анын өнөкөт түрү менен ооругандардын 78дей пайызы Азияда жана Тынч океан аралдарында жашайт. Ал аймактын көп бөлүгүндө ар бир онунчу киши — вирусту алып жүрүүчү. Ага чалдыккандардын көбү төрөлгөндө энесинен же кичине кезинде ал оору менен ооруган балдардын каны аркылуу жуктурушкан. Жаңы төрөлгөндөргө жана жуктуруп алышы мүмкүн болгондорго вакцина жасоо В гепатитинин таралышына бөгөт коёт *. Вакциналоо жүргүзүлгөн жерлерде ооруган адамдардын саны кескин азайган.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул дарт, эгер иммун системасы анын вирусун 6 айдын ичинде жок кылбаса, өнөкөт деп эсептелет.

^ 7-абз. «Ойгонгула!» журналы тигил же бул дарылоо ыкмасын жактабайт.

^ 9-абз. Ооруган адамдын канын коргоочу кол кап кийип алып, суунун ондон бир бөлүгү хлорду түзгөн жаңы жасалган аралашма менен тезинен жана кылдат тазалоо керек.

^ 18-абз. Оору-дарт болбой турган убак жөнүндөгү Ыйык Китепке негизделген үмүт тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Аян 21:3, 4-аяттарды жана «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин карагыла.

^ 41-абз. Гепатитке каршы вакцина кандын фракцияларынан жасалышы мүмкүн. Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасынын» (ор.) 2000-жылдын 15-июнундагы жана 1994-жылдын 1-октябрындагы санына чыккан «Окурмандардын суроолорун» жана «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» китебинин 215-бетин карагыла.

^ 44-абз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму гепатит жөнүндө бир нече тилде www.who.int сайтында көбүрөөк маалымат берет.

[17-беттеги сүрөт]

Дак Юн жубайы жана үч баласы менен

[14-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

© Sebastian Kaulitzki/Alamy