Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалгызсыроонун себептерин аныктоо

Жалгызсыроонун себептерин аныктоо

Жалгызсыроонун себептерин аныктоо

ЖАЛГЫЗСЫРОО менен атайлап обочолонуу — эки башка нерсе. Бир сөздүккө ылайык, жалгызсыроо «башкалар менен мамиле түзүүнү абдан каалоо сезими менен коштолот». Ал эми, ошол эле сөздүктө айтылгандай, обочолонуу деген сөз «өз каалоосу менен... эч ким менен сүйлөшкүсү келбеген» абалга карата айтылат.

Айрым учурларда жалгыз болуунун жакшы жактары бар. Көптөр, Иса Машаякты туурап, Кудайга тиленүү жана ой жүгүртүү үчүн жалгыз болууну каалашат (Матай 14:13; Лука 4:42; 5:16; 6:12). Ал эми жалгызсыроо — жан кейиткен сезим. Жалгыздыкка эмнелер себеп болушу мүмкүн?

Калкы жык шаарларда обочолонуп жашоо

Чоң шаарларда миңдеген, атүгүл миллиондогон адамдар бири-бирине абдан жакын жайгашкан үйлөрдө жашашат. Бирок ошондой болсо да, таң калыштуусу, жалгызсырагандардын саны уламдан-улам өсүүдө. Шаардагы кымгуут жашоодон улам адамдар кошуналары менен киришип-чыгышпайт, атүгүл бири-бирин таанышпайт. Ушундайча шаардын тургундары өзүлөрүнө чоочун болгон адамдардын арасында жашашат. Тааныбаган адамдарга ишенбегендик жана жалгыз болууга эч кимдин тоскоолдук кылбашын каалоо чоң шаарларда жашагандардын жалгызсырашынын негизги себептеринин бири болушу мүмкүн.

Жумуш берүүчүнүн катаал мамилеси

Чоң ишканалардын жетекчилеринин катаал мамилеси жумушчулардын өзүлөрүн эч нерсеге жараксыз сезип, жалгызсырашына алып келүүдө. Аларга жумуштан катуу кысым көрсөтүлөт, стресске да көп кабылышат.

Мындан тышкары, чоң ишканаларда жумушчуларды тез-тезден алмаштырып тургандыктан, алар өздөрүн коопсуз сезе алышпай башкалардан обочолонуп, жалгызсырашат. «Интернэшнл геральд трибюн» гезитинде Франциядагы ишканалардагы жумушчулардын арасында өз өмүрүн кыюу көп болуп кеткени белгиленип, жумушчулардан «экономикалык өзгөрүүлөрдөн улам колунан келгенден да көп нерсе талап кылынары» айтылган.

Жылуу пикир алышуунун жетишсиздиги

Жапон профессору Тетсуро Сито: «Уюлдук телефондун жана башка байланыш каражаттарынын пайда болушу адамдардын ортосундагы жылуу пикир алышууга бөгөт коюуда»,— деп айткан. Ал эми Австралияда чыккан «Санди телеграф» гезитинде: «Техника... адамдардын мурункудан да обочолонушуна себеп болуп жатат. Аларга... бетме-бет сүйлөшкөндүн ордуна электрондук билдирүүлөр аркылуу байланышуу жеңил»,— делген.

Францияда жашаган 21 жаштагы Рэйчел өзүнүн жалгызсырашынын себебин мындай деп түшүндүрөт: «Башкалар жолугушуу үчүн көп деле күч-аракет жумшабайт. Алар СМС, электрондук билдирүүлөрдү же чат аркылуу маалымат жиберүүнү жетиштүү деп эсептешет. Бирок ушундан улам өзүмдү ого бетер жалгыз сезем».

Башка жерге көчүп баруу

Экономикалык каатчылыктын айынан жумуш ордун сактап калуу үчүн же жумуш табуу үчүн көптөргө башка жактарга көчүп барууга туура келүүдө. Мунун аркасында алар мурунку кошуналарынан, досторунан, классташтарынан жана айрым учурларда үй-бүлөсүнөн алыс жашоого аргасыз болушат. Аларды тамыры жерде калып, өзүн башка жерге отургузган өсүмдүккө салыштырууга болот.

Фрэнсис Ганадан Францияга көчүп келген убагын эстеп, мындай дейт: «Тил билбестик, досторумдун жоктугу, суук климат — ушунун баары аябай жалгызсырашыма себеп болду».

Англияга иммигрант болуп келген Бейжет: «Мага жергиликтүү маданиятка көнүү кыйын болду. Тааныштарым бар болгону менен, жүрөгүмдөгү нерселерди айтып, бөлүшө турган жакын досторум же туугандарым жок болчу»,— дейт.

Жакын адамынан айрылуу

Жубайлардын бири каза болгондо, экинчиси орду толгус жоготууга учурайт. Өзгөчө, көп убакыт бою ооруган жубайына кам көргөндөргө абдан кыйын болот. Аларга жан дүйнөсү аңгырап, бош калгандай сезилет.

Парижде жашаган Фернанда өмүрлүк жарынан айрылгандан кийин кандай сезимде болгонун айтып: «Эң жакын досум болгон жолдошум менен мындан ары эч качан сүйлөшө албаганымды билүү мен үчүн эң кыйын болду»,— дейт. Ал эми Энни: «Ден соолугума жана башка нерселерге байланыштуу олуттуу чечим чыгарарда жолдошумдун жоктугу өзгөчө сезилчү»,— деп ой бөлүшөт.

Ажырашкандар, бөлөк жашап жаткандар, өмүрлүк жар таппай жүргөндөр

Ажырашкандар же жарынан бөлөк жашагандар көп учурда жалгызсырап, өздөрүн эч кимге керексиз сезишет. Мындай үй-бүлөдө чоңойгон балдар изилдөөчүлөр мурун ойлоп келгенден да көбүрөөк кыйналары айкын болду. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ата-энеси ажырашып кеткендер чоңойгондо, башкаларга салыштырмалуу, көбүрөөк жалгызсырашат.

Ылайыктуу жар таппай жүргөн бойдоктор да кээде жалгызсырашат. Өзгөчө, башкалардын: «Качан үйлөнөсүң?» — деген сыяктуу ойлонбой берген суроолорунан улам да жалгызсыроо сезими күчөйт.

Жанга баткан жалгыздык жалгыз бой ата-энелерди да азапка салат. Балалуу болуу, албетте, кубаныч тартуулайт, бирок анын кыйынчылыктары да бар. Жалгыз бой ата-энелерге ошол кыйынчылыктарды жалгыз көтөрүүгө туура келет.

Улгайгандар жана жаштар

Улгайгандарды үй-бүлөсү карабай таштап койбосо да, өздөрүн жалгыз сезе беришет. Аларга туугандары же достору кээде келип турушу мүмкүн, бирок эч ким келбеген күндөр, жумалар тууралуу эмне дешке болот?

Карылар эле эмес, жаштар да жалгызсырашат. Көптөгөн жаштар телевизор көрүп, видеооюндарын ойноп жана убактысынын көбүн компьютерге кетирип, жалгыз эс алууга жакын келишет.

Барган сайын көптөрдү тузагына түшүргөн жалгызсыроо сезиминен арылуу мүмкүнбү? Аны менен кантип күрөшүүгө болот?

[5-беттеги кыстырма]

«Тил билбестик, досторумдун жоктугу, суук климат — ушунун баары аябай жалгызсырашыма себеп болду»